ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

№477 23-29-декабрь, 2011-жыл

Казакстан

КАЗАКТАРДА "КЫРГЫЗ" ОЙГОНДУБУ?
16-декабрда Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгы белгиленип, ошол эле учурда Жаңаөзен шаарында салтанат кандуу тополоңго айланды. Мангистау облусуна караштуу бул шаардын аянтында жарым жылдан бери маянаны көтөрүү талабы менен нефтичилер митингге чыгып келишкен. Бирок алардын талабы аткарылбай келген. Майрамга туш келген митинг баш аламандыкка айланып, нааразы болуп чыккандар имараттарды өрттөөгө киришкен. Укук коргоочулар аларга каршы ок чыгарып, расмий маалыматка ылайык, 15 адам каза таап, 86 адам жаракат алган. Андан тышкары 46 имарат өрттөнүп, дүкөн менен банктар тонолгон.
Бийлик кескин чараларды көрүүгө киришип, Жаңаөзенде кагылыш башталары менен интернет жана телефон байланыштары үзүлдү. Мектеп окуучуларын кышкы эс алуунун убактысы келе электе эле таратып жиберүүгө аргасыз болушту. Жаңаөзен шаарында 17-декабрдан 5-январга дейре өзгөчө кырдаал киргизилди. Коменданттык саат түнкү 11ден таңкы 7ге чейин коюлуп, чектөөнү бузган 70ке жакын адам камакка алынды.

Орусия

КРЕМЛДИ 100 ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ КООЗДОЙТ
Жаңы жылдын жарчысы балаты эмеспи. Орусия да майрамга камынып, Кремль аянтына 100 жыл жашаган балатыны Москванын жанындагы токойдон кыйып келишти. 1 кылым жашаган балатынын бою 34,5 метрге жетет. Жалпы салмагы 5 тоннаны түзөт. Өзөгүнүн жоондугу 1 метрдей болгон балатыны 10 мүнөттө кыйып бүтүшкөн.
Президенттин иш башкармалыгынын басма сөз катчысы Виктор Хреков: “Өлкөнүн негизги балатысын тандоону жайында эле баштап, акыры 5 балатыга токтолгонбуз. Анын ичинен эң коозун алдык”,- дейт. Жаңы жылдык балаты салтка айланган ак, көк жана кызыл өңдөгү оюнчуктар менен кооздолмокчу.

Англия

ГИТЛЕРДИ ТУУРАЙМ ДЕГЕН ДЕПУТАТ
Англия парламентинин Консервативдик партиясынын депутаты Эйдан Берли сүрөттүн айынан Транспорт министрлигиндеги кызматынан жана мандатынан кол жууду. “Daily mail” аттуу жергиликтүү гезитте жарыяланган депутаттын улутчул форма кийген адам менен түшкөн сүрөтү коомчулукта уу-дуу кепти жаратты.
Франциядагы кышкы лыжа тебүү борборунда өткөн көңүл ачуу кечесинен алынган сүрөт Берлини Гитлер сымал “улутчул” деген атка кондурду. Ал саясий карьерасын сактап калууга жан далбастап, бир апта бою еврей гезиттерине актануу катын чыгарды. Бирок гезит ошол көңүл ачуу кечесинин катышуучулары депутаттын сунушу менен улутчул форма кийишкенин, убактылуу пайдаланууга алынган формалардын акысын Берли төлөгөнүн жазды. Мына ушундай былыктар ортого чыгары менен өлкөнүн өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон “саясий ишмерге татыктуу эмес жүрүм-турум” деп баалап, депутатты иштен алуу чечимин чыгарды. Биздикилер да “саясий ишмерге татыктуу эмес жүрүм-туруму” үчүн кызматтан алынышса, бир тобуна сабак болор эле.

Түндүк Корея

КИМ ЧЕН ИР КАЗА ТАПТЫ
Түндүк Кореяны 17 жыл бийлеген лидер Ким Чен Ир 17-декабрда дүйнөдөн кайтты. Расмий маалыматтарда 69 жаштагы башчы эл үчүн кызмат кылып, кара күч жана акыл-эсине оор келгендиктен дүйнө салганы белгиленет. Бирок ал 2008-жылы эле инсультка кабылып, ошонун кесепетинен поездде жүрөгү токтоп каза тапканы аныкталды.
Лидерди жерге берүү иш-чарасы Пхеньян шаарында 28-декабрда өтмөкчү. Ал эми Ким Чен Ирдин атасынан калган башкаруу кызматы үчүнчү уулу Ким Чен Ынга өтүп, ал расмий түрдө “улуу мураскер” деп табылды.

Италия

ӨКМӨТ БАШЧЫГА ЖӨНӨТҮЛГӨН ОК
Италиянын жаңы премьер-министри Марио Монтинин бийликке келгенине бир айдан ашып-ашпай эле ок салынган кат алды. Октон сырткары коркутуу менен коштолгон катта бюджетти үнөмдөө боюнча планды кайра карап чыгуу талабы коюлган. “Биз чабуул жасайбыз, ал жашоо үчүн эмес, өлүм үчүн жасалган согуш болот. Силер пландарыңар үчүн өз каныңар менен жооп бересиңер. Тынч уктабай каласыңар. Бизде ок көп”,- деп жазылган катта.
Бул катты “Куралчан пролетариаттардын кыймылы” деген эктремисттик топ уюштурганын мойнуна алды. Ошондой эле бир апта мурун Италиянын мамлекеттик компаниясынын директоруна бомба салынган кат келген. Ачары менен жарылган бомбадан директор колунан жаракат алып, көзү азиз болуп кала жаздаган.
Эске салсак, жаңы өкмөт башчы Марио Монти бюджеттеги таңсыктыкты 30 миллиард еврого кыскартуу үчүн пенсияга чыгуу курагын 66 жашка көтөрөрүн айткан.

Индия

167 АДАМ САМОГОН ИЧИП ӨЛДҮ
Индиянын Батыш Бенгалия штатында адамдар массалык түрдө самогондон ууланып, набыт болгондордун саны 167ге жетти. Дагы 300гө жакыны ооруканаларда дарыланууда. "Сапатсыз алкоголду чыгаруу жана таратууга шектүү" деп жергиликтүү кримавторитет айыпталууда. Ошол эле учурда "уулантууга тиешеси бар" деп 12 адам кармалган. Жабыркагандардын көпчүлүгү Бангладеш өлкөсү менен чектеш жайгашкан айылдардын тургундары. Алардын көбү жалданып иштегендиктен, сапаттуу арак сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматына караганда, жабыр тарткандардын 20 чактысынын канынан метанол табылган.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
26.12.2011. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага келме кезек деген, кече эле казак манкалар чон соз кылып атат эле бизди, талап тоноочулар ж.б деп. Ал эми акындары кемсинтип ырдап калган бир казактын бештен кыргыз малайы бар деп кудай жеткизет деген ушу. Мен табаалап жаткан жокмун, жок дегенде ушу маданият адамдары кыргыздын жаманын жашырып, жакшысын ашырып койсо болмок. Негизи биз казактарга караганда ан сезимибиз 10 жылга алдыда экен. Алар эми эсине келди, биз болсо бийликтин сасык саясатына 2002-ж каршы чыкканбыз.
27.12.2011. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Bishkek...тура айтазын озу бирого кулбош керек
26.12.2011. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туп туура айтасын чала казактарга ошону каалап турушкан мына кезек келди келгенде да катуу келди / Индиядагы массалык уулануу жаман болуптур,абайлагыла ичимдик эч жакшылыкка алып барбайт
26.12.2011. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол учун самагон арак деген нерселерге жолобош керек
26.12.2011. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samogon emes,taptakyr arakka joloboi ele koiso ne bolot?...
26.12.2011. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аалы айткандай "Кыргызды баскан, Сургу көп.
Калкылап казакты көздөй, баратат" болуп жетип барган окшойт ээ... Эмне болгондо да Казактарга амандык каалайм...(http://www.super.kg/media/?type=audio&id=45087
27.12.2011. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
22.03.2011. 04:45 http://www.super.kg/article/?article=6325 (деп жазып салган экем козу ачыктык кылып, Мунайчылардын арасында Кыргыздар болсо керек?!... )

Казакстандагы Кыргыздарды аларга КРОТ кылып жибергенбиз Казактарды багындырыш учун. Жакында аларда баш аламандык болсо КЫРГЫЗдар кылды деп эсептей бергиле (аны КЫРГЫЗдар жасашат!!!) :))
26.12.2011. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emi ozbekstanda bolso jakshy bolot, orusiyada miting jana protestter bolup jatat. Bizdi japayi katary korup kalyshty ele
27.12.2011. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi oi kazaktarda bolup atkanda suiundumgo birok adam olgondoru jaman boldu. Bolush kerek alargada biz chek arany jaap otvet berish kerek mankalarga. Sarttarda chygat jakynda anyda korobuz buyrusa jirgaymgo jirgaym miyigiman kulup
27.12.2011. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Putin suilogonun uktunar bele? Eto ne Kirgiziya dep kiyin bolup atty ele, azyr emne bolup atat... Kelme kezek degen ushu boloot
27.12.2011. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдардын олгону эле жаман болду... бирок оздорунун башына да тушту, кыргыздарга асылбаш керек болчу
27.12.2011. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы болуптур.кудаа кааласа бул башталышы деп ойлойм.быйыл араб олколорундо бийлик алмашса келиш жылы орто азиядагы олколордун башчылары алмашат.кыргызстандан башкасы.казахстан,узбекстан жана туркменистандын нефти газын америка ээ болуп алат.
27.12.2011. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мисалы дуйнодо менмин деген бийлик башчысы муаммар каддафини олтуруп ливиянын нефти газын тартып алып койушту.туркменистан,узбекистан жана казахстанда ошондой болот.
27.12.2011. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таба эмес тобо. Дуйно эли бизди жапайы, карангы деп соз кылышты эле эми оз баштарына келип отурат.
27.12.2011. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
былтыр кыргызстандагы ызы-чууну кеебыр деңгеелы пастар маскаралады еле, а бирок кыргыз андан да оор күндө да еч качан жеңылген емес.
казак туугандар да ар кандай жаман күндөн жалтайган калык емес. «желтоксан» дын 20 жылдыгын белгылеп майрамдап, ел арага карыз болсо да бай таанылып, афырыкадан спортчуларды сатып алып ел аралык спорт таймаштарына катыштырып, канча ел ачкачылык жарыйаласа да борбор калаасында майрамдап сайрандаганы айрым патырётторго жага
29.12.2011. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бардыгы бизден уйронуп атышат хехе бироонун башындагы чопту коруп озунун башындагы ташты корбойт да ээ адамдар ...........
30.12.2011. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замандаш таба кылбай тобо кыл. Кыргыз казак бир тууган дейт... Эми бир эки опкосу жамандап койсо бутундой элди табалаган болбос. "Жаман улут жок,жаман адамдар бар" дейт эмеспи.
30.12.2011. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кремлдеги елканы барып коруп койуш керек экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо