2012 – ЖЫЛДЫН ТӨЛГӨСҮ

№477 23-29-декабрь, 2011-жыл

2012-жыл – чыгыш гороскобу боюнча Ажыдаар жылы. Кыргыздар бул жылды Улуу (Балык) жылы деп аташат.

ЧЫЧКАН

1924, 1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008

Күтүлбөгөн окуяларга жана эмоцияларга жыш толгон жыл болот. Кээде “баарын жыйыштырып, башынан баштасамбы?..” деген ойлор да жаралат. Ушундан улам чыңалуу менен иштеп, окуяларды жүрөккө жакын кабыл ала беришиңиз мүмкүн. Бирок Чычкандар өздөрүнө таандык аярлык менен бийиктиктерди багынтып, жашоолорун жакшырта алышат. Жылдын биринчи жарымы кирешелерди алып келет. Ошондой эле бизнесте, чыгармачылыкта ийгиликтер жаралат. Болгону, калп айтуу, эки жүздүүлүктөн алыс болуу кажет. Мындай мамилени Ажыдаар кечирбейт. Жеке жашоолорунда ашыкча эмоцияларын ооздуктап, сынды азыраак колдонуп, сүйүк­түү­­лөрүнө аяр мамиле жасоолору керек.

УЙ

1925, 1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009

Жашоо-шартын жакшыртуу максатында өз укугун, өз ой-пикирин коргогонго туура келет. Өткөн жылдан калган маселелерден эртерээк кутулушса, пландагандарын ишке ашыруу оңойго турат. Кээ бир кырдаалдар абдан кооптуу болору күтүлүүдө. Андыктан жыл ичинде чыдамдуу болуп, чыр-чатакты ийге келишүү менен чечүү талап кылынат. Бул жылы туулгандар өздөрүнө да күтүлбөстүк жаратып, түп-тамырынан бери өзгөрүүнү каалап чыгышат. Финансы жааты жыл ичинде бир калыпта сакталат. Жылдын экинчи жарымында чоң нерселерди сатып алууга же бизнес баштоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жеке жашоолор бир калыпта болбойт. Агрессивдүүлүк, кежирлик сыяктуу сапаттар көп чырдашууларды жаратат. Бирок мамилелердин үзүлүшүнө алып келбейт.

ЖОЛБОРС

1926, 1938, 1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010

Активдүү, бейтынч жыл күтөт. Пландалгандарды өзгөртүп жиберүүчү кырдаалдар кезигет. Кээ бир окуялар провокациянын элементтерин камтуусу мүмкүн. Кандай болгон күндө да эмоцияга алдырбоо, абалды оң жакка багыттоого аракет кылуу зарыл. Жыл башында эле ийгиликтер жарала баштайт. Бирок жетишкендикти кармап калуу үчүн манчыркап кетпөө керек. Жазында кошумча акча булагын табуу керектелет. Жеке ишканасы барларга жайында аны кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жеке жашоодо маселелер жаздын этегинде жаралат. Бул иш көп болуп, сүйүктүүсүнө көбүрөөк убакыт бөлө албагандан болот. Бойдоктор кеч күздө ойдогудай адамына туш болуп, баш кошуу сунушун алышат.

КОЁН

1927, 1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011

Өткөн жылы чыңалып иштеп, көптөгөн окуяларга кез келген Коёндорго 2012-жыл бир калыпта, тынч тирилик өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Алар ички каалоолору менен эсептешип, жеке жашоосун калыпка келтирет. Иштери да ийгиликтүү болгондуктан, Коёндорду фортунанын сүймөнчүгү десек жарашат. Турак жай, жер тилке сатып алуу үчүн акча топтоого шарттар түзүлөт. Көпчүлүгү жазында каалагандай жумушка орношо алышат.
Жеке жашоодо терс реакцияларды жаратуучу мүнөздү оңдобосо, бир чыккан чыр-чатак узакка созулуп кетет. Андыктан жакшы көргөн адамга кам көрүү зарыл.

БАЛЫК (Ажыдаар)

1928, 1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012

Балык (Улуу) жылында туулгандар көптөн күткөн өзгөрүүлөргө туш болушат. Кандай кырдаал болбосун, жашоосун башкарып кете аларына өздөрү таң калышып, өзүнө болгон ишенимдери бекемделет. Абройлору жогорулап, элдин ишеними артып, жазында карьераны өстүрүп алууга чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок көрө албастык кылгандар да чыгат. Андыктан абалды аңдай билип, кыраакы болуу зарыл. Иш менен аймактарга жана чет өлкөлөргө чыгуу күтүлөт. Алдыга тынбай умтула берүү майда каталарга көз жумуп коюуга жеткириши мүмкүн. Мындай болгондо кирешенин өлчөмү азая түшөт.
Жеке жашоодо интригалар күтүлөт. Түгөйү менен мамиле бирде оңолуп, бирде начарлап жүрүп отурат. Баш кошуу же мамилеге чекит коюу өздөрүнүн колунда болмокчу.

ЖЫЛАН

1929, 1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013

Жылан жылы туулгандарга 2012-жыл бир калыпта, тынч өтөт. Материалдык абалдары жакшырат. Соода, бизнес, ишкерлик менен алектенүү абдан көп болбосо да, жетерлик киреше апкелет. Ошондой эле кеңешчи, эксперт, жетекчинин орун басарлыгы сыяктуу кызматтарда жыландар өздөрүн көрсөтүп, ийгилик ээси боло алышат. Жазында бардык эл чыңалып иштөөгө туура келген учурда сүйлөгөн сөзгө сак болуп, мамилелерге бекем болуу зарыл. Болбосо улам бир чыр-чатактын себепчиси болуп чыга келишет. Жайында топтогон акчаларынын бир бөлүгүн бизнеске салышса болот.
Бойдоктор жүрөгүнүн ээсин бул жылы оңой таба алышат. Үй-бүлөлүүлөр бекем тылды камсыз кылууга жетишүүлөрү зарыл.

ЖЫЛКЫ

1930, 1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014

2011-жылы башталган долбоорлор ийгиликтүү уланат. Аз, бирок саз иштөө менен кирешени көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр кенен. Муну колдон чыгарбоо керек. Ичте жаткан каалоолорду жүзөгө ашырууда эмнелер керек экендигин ойлонуп, план түзүп ишке киришүү зарыл. Жылкы жылы туулгандардын душманы кырдаалды аңдабай туруп тез чечим чыгаруу болмокчу. Андыктан жети ойлоп, бир кесиңиз. Жайында кечиктирүүгө мүмкүн болбогон иштер көп чыгып жүдөтөт. Күздө чөйрөдөгүлөр менен келишпестиктер көбүрөөк күтүлөт. Туура жол – компромисске баруу.
Үй-бүлөлүүлөрдө чоң маселе жаралбайт. Бойдоктор жыл башында эле сүйүүгө кабылып, романтикалык сезимдерге чөмүлүшөт.

КОЙ

1931, 1943, 1955, 1967, 1979, 1991, 2003, 2015

Түзүүчүлүк, жаратуучулук жөндөмдөрү жогорку деңгээлге чыгат. Туура жолдо бараткандарын сезип, мурункудан да көп энергия менен иштешет. Кой жылындагылар табиятынан оор кырдаалдарда өздөрүн жоготуп дүрбөлөңгө түшө турган жандар болсо да, 2012-жылы түрдүү абалдан оңой чыгып, ийгиликтерди жарата алышат. Тез жана чечкиндүү аракеттенип, киреше да топтошот. Натыйжасында күзүндө чоң нерселерди сатып ала алышат.
Жылдын биринчи жарымында чыр чыкса, ал узакка созулуп кетет. Андыктан чырды болтурбай коюу өзүңүздөн көз каранды. Жан дүйнөнүн тең салмагына ээ болуу үчүн йога, психотерапия менен алектенип, чөйрөдөгүлөр менен мамилени жакшыртуу талап кылынат. Жазында квалификацияны жогорулатуу, кошумча билим алуу зарылдыгы чыгат. Жай – чоң кызматка келүүгө ыңгайлуу учур. Аракет кылыңыз.
Үй-бүлөлүүлөр түгөйлөрүн уга билсе, мамилелери бир калыпта, жакшы сакталат. Бойдоктор жазында жакшы адамдарга туш болуп, ичинен болочок түгөйүн тандай алышат.

МАЙМЫЛ

1932, 1944, 1956, 1968, 1980, 1992, 2004, 2016

Мурунку иштерди улантуу же жаңыларды баштоо үчүн тырышып көп иштөөгө туура келет. Башкача айтканда, 2012-жыл бир топ татаал болот. Кыйынчылыкка чыдоо үчүн алар күчтүү жана тартиптүү болууга көнөт. Алдыга жылууга жолтоо болгон мүнөздөн арылуу керек экендигин чындап сезип, өзгөрүүгө баш коюшат. Табиятынан оптимист, шайыр, кызыл тилдүү болгондуктан, кеңешмелерге, диспуттарга катышып, коомго өзүн таанытууга мүмкүнчүлүктөр жаралат. Кээ бирлери өздөрүн жаңы иштен сынап көрүп, жетекчиликтен колдоо табышат.
Жеке жашоолорунда моралдык колдоо көп талап кылынат. Бойдокторго жаздын аягында сүйүктүүсүн жолуктурууга мүмкүнчүлүк бар.

ТООК

1933, 1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017

Тагдырында чоң өзгөрүүлөр күтүп турат. Анын жакындап калганы жыл башында эле байкалат. Андыктан Тоок жылында туулгандарды сыноолор күтөт. Энергияны текке коротпой, керектүү багытка буруу керектелет. Жыл башында ачык-айкын ойлор, пландар түзүлөт. Маселелер да тез чечилет. Ушундан улам идеяларды ишке ашырууга жыл башынан аттануу зарыл. Чоң иштерге өз алдынча киришпей, жамаат менен чогуу аракеттенүү гана ийгиликтерди алып келет. Кекирейгендик, башкаларга атаандашуу сыяктуу мүнөздү да унутуу зарыл. Жазында жаңы иштерге киришүү, эксперименттерди жасоо ийгиликтер менен коштолот.
Жогорку кызматка келүү мүмкүнчүлүгү жылдын экинчи жарымында күтүлүүдө.
Жеке жашоолорунда кээ бир маселелердин аягына чекит коюп, турмушун оң жолго сала алышат.

ИТ

1934, 1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018

Тагдыр Ит жылындагыларга колдоо көрсөтүп, бактылуу кокустуктарды, жагымдуу туш келүүлөрдү даярдоодо. Ит эмгектене билет, андыктан киреше үстүндө боло алат. Кокустан пайда болгон өзгөрүүлөрдөн зыяны жок майда гана каталар кетиши мүмкүн. Болгону, адамдар ортосундагы мамилелер сыноолорго туш болуп, нервдердин чыңалуусуна жеткирип турат. Ден соолук жаатына көңүл буруп, эс алууга да убакыт бөлөсүз. Ит жылында туулгандар 2012-жылы лекторлук, жетекчилик, иш-чараларды уюштуруучулук жактан көзгө көрүнө алышат.
Жеке жашоолорунда жылдын биринчи жарымында кыска романдарды куруп, алар көңүл калуу менен аякташы мүмкүн. Чыныгы сүйүүлөр жыл этегинде күтүлөт.

ДОҢУЗ

1935, 1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019

Жашоолорунда чоң жеңиштер, ошону менен катар жол болбостуктар да күтүлбөйт. Тынч, бир калыпта жашоо өткөрүшөт. Куру кыялдарга жол бербей реалдуу ишке гана энергия коротсо, кирешеге ээ болушат. Ички талантын ачып, турмуш-шартын жакшыртуу жаатында көп аракет кылышат. Бул жылдан пайдаланып өздөрүн башка иштен сынап, келечекке даярдык көргөндөрү дурус. Керексиз комплекстерден кутулуп, көз караштарын жаңыртуу талап кылынат. Кирешени чоң ишке саларда документтерге кылдат көңүл бурбаса, бөөдө күйүп кетүүлөрү мүмкүн.
Жеке жашоолорунда мамилелер бекем болуп, романтикалуу өнүгөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(38)
26.12.2011. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи ислам дининде толгого ишенбеш керек!!!
26.12.2011. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чаян жок экен?
27.12.2011. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нуркыз бул жерде туулган айыңа жараша гороскоп эмес, туулган жылыңа карата 12 жылда бир келчуу кыргыздын жыл эсеби. Сен ошол туулган жылынды салыштырып карасан жылын эмне экенинди билесин.
26.12.2011. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chayan jok bolso tuulgan jylyna karap taap albaysynby Nurkyz
26.12.2011. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа мен куткондой эле болсо экен... Бирок ишенбейм да ....
26.12.2011. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4yn ele onoi ele taap alaby a tugoyumu?)))) a tak iwenbeim tolgogo.
26.12.2011. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен ишенем! Дайыма туура чыгат,озум да тан калып кетем кээде ) Оюмча бул ар бир адамдын гороскопту кантип кабыл алуу,"настрой"унан болсо керек.
26.12.2011. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм...жакшы аңгеме экен
26.12.2011. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле мен да ишенем!ошол айтылганындай жакшы жыл болсо эле болду.
26.12.2011. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudajym bujrusa jakshy jyldardan bolot dep umuttonolu:)
27.12.2011. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайга чейин акча топтосом окшойт%))
27.12.2011. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте Аллах озуно ширк келтиргендерди кечирбейт.Ошондон башка куноолорду озу каалаган пенделери учун кечирет.
27.12.2011. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asiraasira тушунгон жокмун сени тушунуктуу жазчы1
27.12.2011. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишенгиле элдер! ишеним болсо ийгилик болот! (озум ойлоп таппадымбы жаны эле)
27.12.2011. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омур бою тырышып иштесем деле дагы тырышып иште дептир Мен качан тырышпай оной оокат табам.? Жазга жакын бактынды табасын дептир жаз эрте эле келсе экен
27.12.2011. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да чочкомун,себеби озум ичип алганда коп байкайым да.
28.12.2011. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жылаанмын чыныгы, мен да коп байкайм.
28.12.2011. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баалы бул жумушуңуз өтө жакшы болуптур .апырын!
28.12.2011. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кой меники тура эле окшойт
28.12.2011. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Таалама ыразымын. Бул жыл мага бакыт алып келди. Ай башында абдан кыйналдым. Азыр тенимди таап, буюрса тойго даярданып жатам. Мен балыкмын, бирок бир гана Аллахка ишенем жана дуба кылам. Алладан эмне сурасаныз баары болок. Баарынарды жаны жылынар менен куттуктайм! Дуйнодо тынчтык болсун!!!
28.12.2011. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники да озумо абдан жакты№ Кудай буюруп ошону берсе эле болду
29.12.2011. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
OOO meniki da ozumo tuura kelet okshoyt.)))
29.12.2011. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакты мага аябай еле келе жаткан жыл тынчтыктын жылы болсун
29.12.2011. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jashoodogu bardyk nerse jalgyz ALLAHka taandyk goroskopton emes ALLAHtan umut kylgyla momun musulmandar.
29.12.2011. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен мындай толголорго коп ишене бербейм.
29.12.2011. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен итмин дайыма туура келет бул жылы да туура келишин кутом и АЛЛАХ тан суранам АЛЛАХ жалгыз!
29.12.2011. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а менин жылым жылкы, 'бойдоктор жыл башында эле суйууго кабылып, романтикага чомулушот' дейт го... Коро жатарбыз...
29.12.2011. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толголорго ишенбесенер эмне окуйсунар?
29.12.2011. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толголорго ишенбесенер эмне окуйсунар?
26.01.2012. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин жылым коен,бул жылы коп нерсеге умуттонгум келип турат,озгочо жеке жашоомо!
28.03.2012. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ураааа!..мен ВУЗга ийгиликтуу тапшырам походу...кудакааласа, так и бует!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо