«АТАМА ТААРЫНЫП, КЫРСЫККА КАБЫЛДЫМ»

№477 23-29-декабрь, 2011-жыл

Адам үчүн эң кымбат бул – үй-бүлө дегендердин катарында элем. Бирок ал калыптанып калган түшүнүк жан дүйнөмөн түп-тамыры менен жоголду.

«АПАМДЫН КӨЗ ЖАШЫ ЖҮРӨГҮМДҮ ООРУТТУ»
– Жакшынакай түтүн булатып жаткан атам өз бүлөсүн өзү уратып, жаш токол алып, өз жашоосу менен алек болуп кетти. Канча аракеттенсем да атамды такыр түшүнө албадым, ичимдеги муунткан бушайман ойлордон чарчадым. Жашы элүүдөн өтүп, эми небере бакчу убакыт келгенде минтип бир жаш селкинин артынан түшүп, бизди таштап кетет деген нерсе оюма да келбептир. Мен го мейли, бирок апамдын көз жашына калып, көңүлүн калтырганына карабастан, көз көрүнөө токолун ээрчитип жүргөнүнө зээним кейийт. Болгон жаштыгын, күчүн, сүйүүсүн алып бүтүп, эми бир жаш кыздын коюнуна качкан атамды кантип кечирүүгө болот?!
Жаркылдап жаш кезиңде сүйүктүүсү болуп, жаштыгы кетип, сулуулугу өчкөндө керектен чыккан буюмча таштап салуу туурабы? Апамдын бактылуу жүзү эми бозоргон кайгылуу көз караш менен гана жашап калды. Менден жашынып көз жашын төгүп, кыйналганын көрсөткүсү келбеген апамдын абалын түшүнүп турсам да, кантип жардам беришти билбейм. Жакында эле апамдын күндөлүгүн таап алып, жер астын-үстүн болуп кете жаздады. Көрсө, атам мурдатан эле ойноп-күлүп жүрүптүр. Атамдын бир эмес, үч жолу жаш кызга көңүлү ооп, сайрандаптыр. Азыркы аялы менен 2 жыл сүйүшүп жүрүп, анан алган тура. Апам алардын баарын билчү экен, тымызын ичинен сызып чыдап келиптир. Эгерде ал күнү мен атам менен апамдын урушунун үстүнөн чыкпасам, балким, бул жөнүндө дале кабардар болбой жүрөт белем...
– Мен сени менен жашабайм, өзүң билесиң эмне үчүн экенин!
– Сен үчүн бир сойку артык болуп калдыбы, эсиңе кел. Мени ойлобосоң да, балдарыңды ойло...
– Балдар эмне, чоңоё беришет, акыры түшүнүшөр, кечиришер...
– Антип сен ойлойсуң, балдарыңдын убалына калба.
Уул катары атамды идеал туткан мен үчүн бул нерселерди угуу өтө оор болду. Дүпө-дүп үндөр чыгып, үйгө кире калсам, апам полдо жатыптыр. Атам апамды жаакка чаап ийиптир. Мени көргөн атам селейип карап туруп калды. Апам кичинекей баладай полдо тоголонуп, өксүп ыйлап кала берди. Атам күрмөсүн колуна шаша илип, эшикти көздөй чыгып кетти. Баарын угуп-көрүп турсам да жүрөгүм ишенбестен дикилдеп согуп, “бул – түш, бул – түш” деп сооротуп жатты.
Көп өтпөй ата-энем ажырашып, атам токолуна үйлөндү. Үйлөнгөндө да шумдуктуу той өткөрүп, калыңына 7 миң доллар бериптир. Ал эми ошол эле шаардын бир бурчунда үч бала менен бир аялдын көз жашы кургабай жатканы атамдын эсине да келбесе керек. Ал күнү өзүмдү араң кармадым, барып туруп той өткөргөн ресторанын өрттөп салайын дегем. Бирок апам “бул да болсо Кудайдын буйругу, бактылуу болсун” деп токтотту.

«ЖАМАН БОЛСО ДА АТАМ...»
– Биздин үй-бүлөнү бузган адамдын жүзүн көргүм келди. Апама айтпастан, атамдын дарегин таап, ал жакка сапар алдым. Заңгыраган үйдүн алдына токтоп, дароо эле короосуна кирдим. Чоң эшик ачылып, ак жоолук салынып, ичи челкейген келин алдыман чыкты.
– Сенсиңби Жаркын?
– Ооба.
– Мен сенин күйөөңдүн уулумун. Бирөөнүн каргышынан коркпосоң да, Кудайдын каарынан коркпойсуңбу?..
– Эмнеге мен коркот экенмин?! Ар бир адам өзүнүн бактысы үчүн күрөшүшү керек. Мен сенин атаңды зордоп жашаткан жокмун, өзү келди. Жакында уулдуу болот...
– Кайсы бетиң менен сүйлөп жатасың? Атам сендейлердин далайы менен жүргөн. Бир күнү болбосо бир күнү сени да таштап кетет...- деп сөзүмдүн аягына чыккыча Жаркынай жулунуп келип мени чаап ийди. Андайга мен да чыдабадым, эки-үч жолу аны жаакка тартып алдым. Аңгыча дарбазадан атам кирип келип:
– Токтот! Биз баарын апаң экөөбүз чечип койгонбуз... Кет, чыгып кет!- деп кыйкырды.
– Мен сени жек көрөм! Жек көрөм! Мен үчүн өлдүң!- деп короосунан чыгып кеттим. Ошол учурда мен өзүмдү башкара албай кеттим. Жашоо ушу менен бүтсө мейли, мындай ата менен бир жашоодо жашагыча, өлгөнүм артык деп аң-дөңгө карабай машинамды айдап бара жаттым. Ал окуумду аяктаганымдагы атамдын белеги эле, аны талкалап жок кылгым келди. Ыйлап баратып бакты сүзгөнүм эсимде.
Реанимация... Ызы-чуу, апамдын ыйы кулагымдан кетпей жатты. Атамдын үнү угулгансыды, бирок эч кимди көргөн жокмун. Катуу сүзгөндүктөн, эки көзүм тоодой шишип, кара-көк жаап калыптыр. Кудай сактаптыр, аман калдым. Ооруканада эки ай жаттым. Көп нерсени ойлондум. Канча жаман болсо да ал менин атам. Ооба, башкага кетти, бизди таштады, бирок бизди чанган жок. Каралашып, таарынычыбызга карабастан бизди айланчыктап жүрөт. Ооруканага канча келип, кечирим сураса да мен кабыл албадым. А бирок жүрөгүмдө аны эбак эле кечиргем. Жанына барып, көзүн карап айта албасам да, ичимден сызып, кечирим сурагым келет. А балким, атам чын эле сүйүүсүнө жолуккандыр. Акыры атамды түшүнүп, кечирим сурап, жан дүйнөмдөн түнөк таап алган таарынычтан арылам деп ишенем. Ата, сен дагы мени кечир...

Дастан

Мальвина Уметбекова
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
26.12.2011. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin atam da koptor menen jurgon, bala chagymda ancha tushunchu emesmin, birok meni abdan jakshy korchu. Atam men 10 jashymda sopsoo turup oo duynogo sapar aldy. Atamdy abdan sagynyp kettim, tushumo kirse sagynychym jazylat, atake, tushumo tez-tezden kirip turchu?
26.12.2011. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atany jogotuu too urap tushkondoi ele... Men da atamdy sagyndym, myna 1,5 jyl ottu, yilap-bozdop ech kimiboz kaitaryp albadyk, sabyrduu bolup kuran okugandan bashka ech nerse kyla albaisyn. Tushumo kirgende men da jash balacha suiunom, kechee jakynda ele tushimdo ekoobuz ayabai yilap koshtoshtuk, emi tushumdo suiloshpoi ele karaany korunup kalat. Allah beishtin torunon orun bersin otup ketken atalarga... Oomiin
26.12.2011. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр мен да атам менен таарынышып журом, бирок кечирим сурай албайм...билем ал мени жакшы корот, мен да аны...бирок...
26.12.2011. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен жашоодо "ата" деген созду айткан эмесмин анткени ал тируусундо эле мен учун олгон! Ал адам мени байлыка ,арака алмаштырып кеткен. олгондо артынан бирибиз да ыйлабадык ,анткени балдары аны эчак комуп койгонбуз!((((((((((
26.12.2011. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхххх жаман болсо дагы"Атадан"эч качан конул калтырбагыла...Ата деген эч кимге тендешкис адам...Менин атам каза болгонуна 1 жыл 6 ай болду...эххх канча жолу таарынып,суйлобой коет элем..болбогон нерселер учун...азыр окуном...Атамды сагындым олгудой...жанына барып жатып алгым келет....муздак ,карангы жерге...бирок андай болбойт..сыздап жашап келем...кээде Жаратканга нараазы болуп :-(
06.02.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нурсулуу кадай болгон кундо да ата деген ата да турабы эч качан ата энени жамандоого акынар жок алар болбосо ушндай мезгилде жашабайт болчубуз аталардын баары колунан келсе баарын жасаганга аракет кылат мен тан калып атам мен учун олгон олгондо барган жокмун дегендер адамбы ал адамдын тагдыры ошондоцдур туурабы баарыбыз баарыбыз жакшы болуусун каалайбыз жашоонун ар кандай тагдырына дуушар болуп каларыбызды билбейбиз
27.12.2011. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да журогумдо кечиргем атамды, бирок оюмда такыр кечире албайм.
27.12.2011. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамды сагынып кеттим алтыным ата аман болунуз. Тируусундо ата энени барктап кадырына жетели.
28.12.2011. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин адамдын боору таш эххх эмнеси болсо дагы атам да деп кала берем тишимди тишиме коюп чыдап келем.Мамамды синдилеримди мени канча ыйлатты журокту тешип салчу создордун даалайын айтат.
29.12.2011. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен 2 жашымда атам отуп кеткен бирок мен атамды элестете албайм кээде ата деген созду айткым келет дуйнодо эч ким атасынан ажырыбасын
29.12.2011. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун уй- булоосун бузган аялдарга Аллахтын каргышы болсун.
03.01.2012. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата-эненин кадыры сыйы озунчо тарых...........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо