Бир бүркүм... СЕЛСАЯКТАР СУУККА ТОҢУП НАБЫТ БОЛУУДА...

№477 23-29-декабрь, 2011-жыл

  • 14-декабрда Орусиянын Коргоо министрлигинин имаратында асылып өлгөн 30 жаштагы эмгек мигранты Талантбек Мамытовдун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү.
  • Суук түшкөндөн бери Ош шаарында 6 селсаяк көчөдө каза тапканын Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыков маалымдады.
  • Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө берүүчү көгүлтүр оттун көлөмүн саатына 5000 м3 дан 2000 м3 га азайтканын “Кыргызгаз” ААКсынын башкы директорунун орун басары Евгений Орленко билдирди.
  • Балдарды коргоо борборунун өкүлү Мира Итикееванын айтымында, жергебизде жаш балдардын ар бир төртүнчү өлүмү начар тамактануудан болуп, жакырчылык балдарды кылмыштуулукка түртүп жатат.
  • Экс-президент Роза Отунбаева өзү туулуп-өскөн Нарынга барып, Мамлекеттик университетте студенттерге дарс окуп келмекчи.
  • Кант кызылчасынан быйыл 165 миң тонна кумшекер өндүрүлдү. Ал эми Кыргызстандын жылдык керектөөсү 105 миң тонна шекерди түзөрүн Айыл чарба министри Төрөгул Беков айтты.
  • Казарман-Жалал-Абад жана Ат-Башы-Кында-Торугарт автоунаа жолдору 2011-жылдын 15-ноябрынан 2012-жылдын 15-майына дейре көчкү жүрүү коркунучунан улам жабылды.
  • 2011-жылдын аягына чейин республикабыздын абактарында үч ишкана: тигүү цехи, төө буурчакты кайра иштетүүчү жана эл чарба шаймандарын жасоочу ишканалар ишке кирерин ЖАББдын төрагасынын орун басары Калыбек Качкыналиев маалымдады.

Турдугүл Каримова, Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо