№477 23-29-декабрь, 2011-жыл
КРнын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк бөлүмүнүн башчысы Курбаналы Узаков өлкөдө диний кырдаал улам оорлошуп баратканын билдирди. Ал мындай көрүнүш өлкөнүн коомдук-саясий абалына өз таасирин тийгизип жатканын кошумчалады. Узакбаевдин айтымында, азыркы учурда 2,5 миңден ашуун диний уюмдар мамлекеттик каттоодон өтүп, иштеп жатышат. Мунун ичинен ислам багытындагы 9 жогорку окуу жайы, 60 медресе, 63 ар кандай ислам багытындагы фонддор, 3 чет элдик миссия иштөөдө. Христиан багытында 368 диний уюм иштейт. “Жогорудагы диний уюмдардын атын атап, сандарын толугу менен айтып жатканым – республикадагы диний кырдаалдын канчалык курч экенин түшүндүрөйүн деген аракетим”,- дейт К.Узаков.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |