-
Бишкек-Ош аба каттамында "Кыргызстан" аба компаниясынын Ту-134
учагы 28-декабрда
Ош шаарынын аэропортуна конуп жатканда кырсыкка кабылды. Мындан 26
адам жабыркап, учактын оң канаты жана шассиси сынып, сырты өрттөнүп кеткен.
-
2011-жылдын июль айынан октябрга дейре Орусиядан эмгек мигранттары тарабынан Өзбекстанга 1,5 миллиард доллар, Тажикстанга 1 миллиард доллар, Кыргызстанга болсо 0,5 миллиард доллар акча которулган.
-
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун биздин өлкөдөн өткөн бөлүгү 2003-жылы
түзүлгөн план боюнча 1 миллиард 350 миллион долларга
турмак. Азыр курулуш материалдарынын баалары өсүп, анын наркы 2 миллиард долларга
жеткенин Транспорт жана жол министрлиги билдирди.
-
"Мен "Ата Мекен" фракциясын жана Өмүрбек Текебаевди урматтаганыма карабастан, коалициядан чыгам",- деди Ширин Айтматова.
-
“2011-жылы кызмат өтөп жүргөн 29 аскер качып кетип, анын 25и кайтарылса, дагы төртөөнө издөө салынган”,- дейт УКМКнын Чек ара кызматынын командири Закир Тиленов.
-
2012-жылдын январында УТРКнын түз эфириндеги аукциондо 4 улутташтырылган объект сатылат.
-
Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Кайыңды-Ойл" ЖЧКсына тиешелүү нефтебазанын аймагында 4 автоунаа жарылып, анда 5 адам каза тапты. Окуяны иликтөө иштери башталды.
-
2012-жылдын 20-январында Кыргызстанда 17 айыл өкмөтүнүн башчылары шайланат.
-
Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасы 31-декабрдан 3-январга дейре жабылат.
-
Парламентке эми дагы үч жаңы депутат партиялардын тизмеси боюнча келмекчи. Анда “Ар-намыс” партиясына экөө, “Ата Мекен” партиясына бирөө депутаттык мандат алат.
Турдугүл Каримова
politika@super.kg