МУЗДАН ТАЙГАЛАНБООНУН ЖОЛДОРУ

№479 6-12-январь, 2012-жыл

“Муздан тайгаланып жыгылганымды билем, анан көзүмдү ачсам эле гипсте жатам...” Мындай фразалар жашоодон алынып, киного кошулганы айкын. Андыктан андай абалга жолукпоо үчүн тайгалакта жыгылуудан кантип сактануу керектигин билүүбүз абзел. Анда сиздер үчүн кеңештер.

НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕЛЕР

  • Тайгаланып кетүүнүн алдын алуу адегенде кийинүүдөн башталат. Көчөдө жөө жүрүп иш бүтүрүүгө туура келсе, анда жеңилирээк, бирок жылуу кийиниңиз. Мисалы, тондун ордуна мамык күрмө (пуховик), бийик таканын ордуна таманы жапыз өтүк жана узун, ичке юбканын ордуна шым. Аталган кийимдер кыймылдоого ыңгайлуу жана муз тоңгон жолдо жүрүүдө адам өзүнүн тең салмактуулугун сактаганга тоскоолдук жаратпайт.
  • Муздун үстүнөн бутубузга лыжа кийип кар үстүндө баскан сымал шашпай, таманыбызды жерге толук коюп, кыска-кыска кадам таштоо менен жылуу керек. Бутубуз жерге толугу менен тийгенден кийин салмагыбызды ошол бутка таштоо зарыл.
  • Колдорубуз тең салмакты сактоодо негизги ролду аткаргандыктан, муз тоңгон жолдо баратканда эч качан колду чөнтөккө салбаңыз.
  • Колуңузда оор сумка болсо, кучактап албай, тең салмактуулукту сактоо үчүн колдорду эки капталга жазып, өзүңүздөн бир аз алысыраак кармаганыңыз туура.
  • Айымдардын бут кийиминин такасынын бийиктиги 4 сантиметрден ашпаганы жакшы. Мындан бийик болсо, басканда тең салмактуулукту кармоо кыйынга турат.

БАШКЫ РОЛДО БУТ КИЙИМДИН ТАМАНЫ

  • Эң башкысы, кышкы бут кийимдин таманы жылмакай болбоосу керек.
  • Кышкы автоунаанын дөңгөлө­гү­нүн протектору сыяктуу формада жасалган тамандар тайгалануу коркунучун азайтат.
  • Тамандын материалы (резинкасы) жумшак болсо жакшы. Себеби басканда жакшы ийилгендиктен, суукта тоңуп, катып калбай, жерге жакшы жабышып, тайгалануудан сактайт. Ошондой эле жумшак тамандагы бут кийим бутту үшүтпөйт. Эгер таман катуу болсо, ийилбей, бат тоңуп калат да, сыйгалана берет жана буттагы жылуулукту сактай албайт.

ТАМАН СЫЙГАЛАНБАСЫ ҮЧҮН...

  • Бут кийимдин таманына кийизден жука кесип алып, желим (клей) менен тыкан жабыштырып койсоңуз болот.
  • Лейкопластырь чаптап алсаңыз да сыйгалануудан сактайт.
  • Жылмакай тамандуу бут кийимден башка кие турган бут кийим жок болсо, таманын бир аз кум кагаздын (наждак) кесегирээк түрү менен сүртүп, бир аз быдыр кылып коюңуз.
  • Кум кагаздын материалдан жасалганынан кесип алып, таманга же­лим менен жабыш­тырсаңыз да жардам берет.

ЖАРАКАТ АЛБОО ҮЧҮН ТУУРА ЖЫГЫЛУУ КЕРЕК

  • Эгер алды жакка жыгылып баратсаңыз, тизелей калууга, андан соң эки алаканыңыз менен жерди таянып калууга үлгүрүңүз. Ошондой эле бетиңиз жаракатка кабылбаш үчүн башыңызды болушунча өйдө көтөргөнгө аракет кылуу зарыл.
  • Артка жыгылып баратсаңыз, башыңызды алдыны көздөй ийип, оң же сол капталыңызга оогонго аракеттениңиз.

Эскертүү: жыгылып баратканда түз эле эки кол менен жерди таянып калууга аракет кылбоо кажет. Анткени колдоруңузду сындырып алышыңыз мүмкүн.

ЖЫГЫЛГАНДАН КИЙИН...
Эгер денеңиздин жерге тийген бөлүгү оорутуп жатса:

  • Эреже боюнча, алгач муздак нерсе басып, андан кийин гана жылытуу керек. Бул үчүн муз же муздак суусу бар бөтөлкө жакшы. Үйгө келгенден кийин музду же муздаткычтагы муздак нерсени желим (целлофан) баштыкка ороп, анын сыртынан жука материалга дагы ороп, ооруп жаткан жериңизге басыңыз. 20 мүнөт баскан соң 5 мүнөт алып коюңуз. Ошентип, муну 2-3 жолу кайталаңыз. Муздак нерсе жараат алган дене бөлүгүндөгү ички кан агууну токтотууга жардам берет жана кандын көп уюп калышынын (гематома) алдын алат.
  • Экинчи күнү ооруган жериңизди отко кактап, жылытуучу майларды (мазь) сүйкөп жылытууга аракет кылыңыз. Бул денедеги көгөргөн жердин кайра эрте калыбына келүүсүнө жардам берет.

Эскертүү: эгер жыгылган соң жараат алган жериңиз өтө катуу ооруп жатса, анда өз алдынча сакаюуга кам көрбөй, тезинен врачка кайрылыңыз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
09.01.2012. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын...
09.01.2012. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сактансак Кудай сактайт!!!!
10.01.2012. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат жакшы кенеш экен.
11.01.2012. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men kechee taigalanyp... olturup kaldym, kokmok muzdun ustuno :(((
12.01.2012. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмааат, аябай жакшы кенеш экен.Эми кулап баратканда туура жыгылууга аракет кылаааам!!!
13.01.2012. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыгылып баратканда "тизелеп олтурайын, колума таянайын" деп ойлогонго дагы жетишпей каласында, а негизинен жакшы эрежелер экен
14.01.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрежелеринер абдан жакты, буюрса каар жааганда колдонуп кором.
04.04.2012. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан пайдалуу кенеш экен чон рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо