Балык эзелтеден сүйүүнүн жана түшүмдүүлүктүн символу деп эсептелген. Ошондуктан Балык жылдарында эң эле атактуу жазуучулар жана президенттер жарык дүйнөгө келген. Биз да артка кылчайып, тарых барактарын барактайлы.
1916-ЖЫЛ
КЫРГЫЗСТАНДА:
-
7-августта кыргыз элинин тарыхында өчпөс так калтырган Улуу үркүн же болбосо Улуттук боштондук күрөшү Пишпек уездинде башталган. Ал орус падышасынын 25-июнда чыгарган “19 жаштан 43 жашка чейинки адамдар аскерге чакырылсын!” деген жарлыгынан улам келип чыккан. Күрөштү басууда падышанын аскерлери элди ырайымсыз кырып, эл жан сактоо үчүн катаал ашуу ашып Кытайды көздөй качкан. Натыйжада аскерлердин огунан, ачкачылык менен сууктан 150 миңдей кыргыз кырылган.
ДҮЙНӨДӨ:
-
15-июлда “Боинг” учактарын чыгаруучу дүйнөдөгү эң чоң авиакуруучу компания “The Boeing Company” Уильям Боинг тарабынан АКШнын Сиэтл шаарында түзүлгөн.
-
24-ноябрда дүйнөдөгү биринчи автоматташтырылган куралды ойлоп тапкан америкалык курал-жарак конструктору Хайрем Максим каза тапкан. Анын белгилүү эмгеги – “Максим” пулемёту болуп эсептелет.
1928-ЖЫЛ
КЫРГЫЗСТАНДА:
-
12-декабрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында туулган. Анын китептери 170 тилге которулуп, жалпы тираж менен 60 миллион даана чыгарылган. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда Германиянын Нюнберг шаарында каза тапкан. Эң өкүнүчтүүсү, 2008-жыл – Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланып, туулган күнүндө белгиленмек болуп, тилекке каршы, жазуучунун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу бул ой ишке ашпай калды.
-
Ушул эле жылы кыргыздарда 1924-жылдан бери колдонуп келген араб ариби ислам динине таандык делип, латын графикасына өткөрүлгөн.

ДҮЙНӨДӨ:
1940-ЖЫЛ
КЫРГЫЗСТАНДА:
-
Кыргыз тилинин тарыхында биринчи жолу Константин Юдахиндин 25 миң сөздү камтыган орусча-кыргызча сөздүгү жарык көргөн.
-
1-майда бала кезинен куудулдукту үйрөнүп, өнөрү үчүн Куйручук деген атка конгон Кудайберген Өмүрзак уулу бул дүйнө менен кош айтышкан.
-
Кыргызстан латын арибинен орус арибине өтүп, орус алфавитиндеги алгачкы Алиппе китеби жарыкка чыккан. Аны Николай Абрамов түзгөн.
ДҮЙНӨДӨ:
1952-ЖЫЛ
КЫРГЫЗСТАНДА:
-
Мухтар Ауэзов эч качан унутулбас эрдик жасап, «Манас» эпосун «саясий репрессиядан» сактап калган. «Манас» эпосун элдик оозеки чыгармачылыктын бир түрү катарында бастырып, окурмандарга сунуш кылуу керекпи же эскинин зыяндуу көрүнүшү катарында алып салалыбы?» деген илимий конференцияда Мухтар Ауэзовдун «Манасты» жактаган баяндамасы чечүүчү роль ойногон.
-
30-ноябрь күнү Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу күзүндө -32,2 градус суук болгон.
ДҮЙНӨДӨ:
1964-ЖЫЛ
КЫРГЫЗСТАНДА:
-
Кыргызстандагы Радио жана телеберүү комитетинин төрагасы болуп Асанбек Токомбаев дайындалган. Ал Кыргызстандын телерадиосун 21 жыл башкарып, азыркы телерадио корпорациянын жамааты иштеген имаратты, Радио үйүн, Телестудиялык имаратты салдырган.
-
Кыргызстандын аймагында шаарлар аралык автоматтык телефон станциялары курулуп, телефонисттердин жардамы жок эле түз байланышуу мүмкүнчүлүгү жаралган.
ДҮЙНӨДӨ:
-
28-мартта Аляскада 9,2 баллдык жер титирөө болуп, анын артынан бийиктиги 67 метрге жеткен цунами катталган. Натыйжада 150 адам каза тапкан.
-
2-сентябрда “Матрица” тасмасында Неонун ролун ойногон белгилүү киноактёр Кианну Ривз Ливандын Бейрут шаарында төрөлгөн.
1976-ЖЫЛ
КЫРГЫЗСТАНДА:
-
Бишкектен 78 чакырым аралыкта жайгашкан "Ала-Арча" коругу түзүлгөн. Анда канаттуулардын 161 түрү, 30 сүт эмүүчү жаныбарлар бар.
-
Бишкектеги цирк имараты 1 миңден ашуун орундугу жана циркке ылайыкташкан технологиясы менен курулган.
ДҮЙНӨДӨ:
-
4-февралда Борбордук Америкада жайгашкан Гватемала өлкөсүндө 7,5 баллдык жер титирөө болуп, ал 23 миң адамдын өмүрүн кыйган.
-
1-апрелде Стив Жобс тарабынан компьютер, аудиоплеер жана телефон чыгаруучу
“Аpple” компаниясы түзүлгөн.

-
9-сентябрда кытай улутунун "атасы" Мао Цзэдун 82 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал 1943-жылдан өмүрүнүн акырына дейре Кытай Коммунисттер партиясынын төрагасы болуп, өлкөнү башкарган.
-
18-июнда “Кто хочет стать миллионером?” деген интеллектуалдык телеоюндун алпаруучусу болуп атактуулукка жеткен юморист, Алла Пугачёванын күйөөсү Максим Галкин Москва шаарында жарык дүйнөгө келген.
1988-ЖЫЛ
КЫРГЫЗСТАНДА:
ДҮЙНӨДӨ: