КИР ЖУУГУЧ АВТОМАТ МАШИНАНЫ КАНТИП ТАНДОО КЕРЕК?

№481 20-26-январь, 2012-жыл

Кир жуугуч автомат машина сатып алууда көп нерселерине көңүл буруу керек. Эгер сапаттуу, көпкө кызмат кылган машинага ээ болом десеңиз, төмөнкү кеңештерди билгениңиз оң.

КИР ЖУУГУЧТУН КӨЛӨМҮ
Кир жуугуч машинаны ал коюла турган бөлмөнүн аянтына ылайыктап алуу зарыл. Чоң бөлмө болсо, анда көлөм тууралуу ойлонбой эле койсо болот. Ал эми кичине бөлмө болсо, аянттын тардыгы маселе жаратат. Андыктан алгач бөлмөнүн ичинен кир жуугуч машина коюла турган орунду ылайыктап, узун-туурасын ченеп алуу керек.

КИР САЛЫНУУЧУ ООЗУ
Кир жуугуч автомат машиналарда кир салынуучу оозу 2 түрдүү жайгашкан: үстүндө же маңдайкы бетинде.

Оозу үстүндөгүсүнүн артыкчылыгы:

  • Көлөмү чакан. Туурасы кичирээк болот жана кир салуучу оозу ачылуу үчүн ашыкча аянтты талап кылбайт.
  • Кир жуулуп жаткан процессте кирди ичине салып же андан алып чыгууга болот.
  • Кичинекей балдар ойноп бир нерсе кылып жиберүүдөн сактайт. Себеби иштетүүчү системи үстүндө.

Оозу маңдай бетиндегисинин артыкчылыгы:

  • Ашкана эмеректеринин катарына же жуунуучу бөлмөдө раковинанын астына жайгаштырууга ыңгайлуу.
  • Үстүнө буюм коюуга мүмкүнчүлүк бар.
  • Кир салына турган барабанынын көлөмү чоңураак.

БААСЫ
Каражатыңыз чектелүү болсо, анда дүйнөгө таанымал маркадагысынын ордуна катардагы маркалардыкын алсаңыз болот. Себеби дүйнөгө таанымал маркалардын товарлары кымбат. Бузулуп калса, тетиктери кымбат болгондуктан, оңдотуу көп сумманы талап кылат.
Эгер автомат машинанын кургатуучу функциясы болсо, анда кымбатыраак, анысы жок болсо, арзаныраак турат.

СЫГУУ
Сыгуу барабандын тегеренүүсүнө түздөн түз көз каранды. Тегеренүүсү канчалык ылдам болсо, жуулган кир жакшы сыгылат. Бирок баары бир жуулган кирди жок дегенде жарым саат сыртта кургатууга туура келет. Кирди шашылыш кургатуунун зарылчылыгы жок болсо, анда кир жуугучтун кургаткычын (машинада бул функция бар болсо) эң чоң ылдамдыкта иштетпей эле койгон жакшы.
Мүнөтүнө 1000 жолу тегеренүүчү ылдамдыктагы режим бардык түрдөгү кийимдерди жакшы сыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Сунушталган режимдер:

  • Барабандын мүнөтүнө 400-600 жолу тегеренүүсү өтө жука маталардан тигилген кийим-кечелер үчүн жетиштүү.
  • Барабандын мүнөтүнө 800-900 жолу тегеренүүсү синтетика жана була маталары үчүн.
  • Мүнөтүнө 1000 жолу тегеренүү жынсыга жетиштүү.

КУРГАТКЫЧ
Каражат болсо, кургаткычы бар түрүн алуу керек. Себеби кир жуугучта бир сыйра кургатып, анан кермеге жайып, толугу менен кургатуу аз гана убакытты талап кылат. Бирок кургаткычы барынын кемчилиги – кийимдердин сапатын төмөндөтөт.
Мындан сырткары жуулган кирдин баарын бир учурда кургатууга болбойт. Мисалы, 4 килограмм кир жуулган болсо, аны 2 килограммдан экиге бөлүп кургатуу зарыл. Ошондой эле кургатуу учурунда кир жуугучтун үнү катуу чыгып, ыңгайсыздык жаратат.

БАРАБАНДЫН КӨЛӨМҮ
Бойдок адамга же эки кишиден турган үй-бүлө үчүн бир жууганда 3-4 килограмм кирди жууй ала турган кир жуугуч жетиштүү.
Үй-бүлөдө 3-4 киши болсо, анда 5-6 килограммдыгы ылайыктуу.
4-5 кишиден көп болгон үй-бүлөлөргө 7-10 килограммдыгы ыңгайлуу.

ПРОГРАММАЛАР ЖӨНҮНДӨ
Кир жуугуч алууда анын иштөө программаларына көңүл буруу зарыл. Себеби бардык кир жуугучтар бирдей программага ээ эмес.

Программалар:
1. Сууга чылап коюу – өтө кир болгон кийим-кечелерди айна кошуп 2 сааттан ашык убакыт чылап коюу.
2. Жылымык сууга жуу – сууга чылап койгон кийимдин кири жакшы чыкпай жаткан учурда колдонуу.
3. Тез жуу – бул режимде өтө кир эмес кийим-кечени жууганга болот. Мындай режим кир жуу убактысын 40 пайызга чейин кыскартат.
4. Күчөтүлгөн режимде жуу бул – шарап, мөмө-жемиш өңдүү заттардын тактарын кетирүүгө ылайыкталган.
5. Чайкоо режими бул – кичинекей балдары барлар жана айнага аллергиясы барлар үчүн түзүлгөн. Мындай режим кийимдеги айнанын калдыктарын калтырбай жакшылап чайкоо үчүн колдонулат.
6. Кол менен жуу режими – жүндөн жасалган кийимдерди жуу үчүн атайын түзүлгөн программа.
7. Био-энзимдик фаза – күчөтүлгөн режимде 40 градус жылуу сууда биокошулмалары бар айналар менен жуу режими. Биокошулмасы бар айналар түрдүү соустар, жумуртка, сүт, кандын тактарын кетирет.
8. Суунун өлчөмүн жөндөө – кир жуугуч машинадагы суунун өлчөмүн азайтып же көбөйтүү режими.

КЛАССТАРЫ
Кир жуугучтар кирди жуу, сыгуу функциялары боюнча жана электр энергиясын сарптоо боюнча класстарга бөлүнөт жана ал A, B, C, D, Е, F, G деген латын тамгалары менен белгиленип көрсөтүлөт.

Жуу классы боюнча:

  • A жана B – эң мыкты көрсөткүчкө ээ. Кирди таза жана кийимдин сапатын төмөндөтпөй жууйт.
  • C, D жана E – орточо көрсөткүчтөргө ээ.
  • F, G – төмөн көрсөткүчкө ээ.

Сыгуу классы боюнча:

  • A жана B – сыгуу боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ.
  • C, D жана E – орточо көрсөткүчкө ээ.
  • F, G – төмөнкү көрсөткүчкө ээ.

Электр энергиясын сарптоо классы боюнча:

  • A, B жана C – аз сарптайт.
  • D – орточо керектейт.
  • Е, F жана G – өтө көп сарптайт.

60 градус ысыктыкта 1 килограмм кир жуу үчүн сарпталуучу электр энергиясы:

  • A-0,17- 0,19 киловатт саат электр энергиясы (11,9 – 13,3 тыйын)
  • B-0,19-0,23 киловатт саат электр энергиясы (13,3-16,1 тыйын)
  • C-0,23-0,27 киловатт саат электр энергиясы (16,1-18,9 тыйын)
  • D-0,27-0,31 киловатт саат электр энергиясы (18,9-21,7 тыйын)
  • E-0,31-0,35 киловатт саат электр энергиясы (21,7-24,5 тыйын)
  • F-0,35-0,39 киловатт саат электр энергиясы (24,5-27,3 тыйын)
  • G-> 0,39 киловатт саат электр энергиясы (27,3 тыйын)

УБАКЫТ
Орто эсеп менен алсак, 8 килограмм кирди кир жуугуч автомат машинасы 50 мүнөттө, 4 килограммды 20 мүнөттө, ал эми 2 килограммды 15 мүнөттө жууп бүтөт.

Кийимдин материалына жараша суунун температурасы:

  • Була материалдарынан жасалган кийимдер – 95 градуска чейинки температурада.
  • Синтетикалык жана түстүү кездемеден тигилген кийимдер – 60 градуска чейинки температурада.
  • Жүндөн жасалган кийимдер – 40 градуска чейинки температурада болуусу керек.

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!

  • Кир жуугуч автомат машинага атайын чыгарылган өзүнүн кир кетирүүчү айна жана биокошулмадан башкасын салып жууганга болбойт.
  • Кирди кол менен жууганга ылайыкталган айналар сууда көбүктү көп пайда кылгандыктан, аны колдонуу кир жуугучтун өмүрүн кыскартат.
  • Кир жуугучту орнотууда коюлуучу жер тегиз болууга тийиш. Эгер жер тегиз болбосо, анда кир жуугуч жогорку чыңалууда иштегендиктен, ары-бери кыймылдап, ордунан жылып кетет. Мындай катуу силкинүүдөн улам ички тетиктер керектен эрте чыгып калат.

КАЙСЫ КИР ЖУУГУЧ МАШИНА САПАТТУУ?
Өлкөлөрдүн ичинен эң мыкты сапатта өндүрүүчү катары Австрия жана Щвеция алдыда. Аталган эки өлкө чыгарган кир жуугуч автомат машиналар 20 жылга чейин кызмат кылат. Андан кийинки орунда немистердики, «жашоосу» 15 жыл. Италия жана Кореянын өндүргөн кир жуугуч машиналары 8 жылга чейин кызмат кылса, Түркияныкы 4 жылга чейин гана чыдайт. Ал эми Кытайдыкы 3-5 жыл кызмат кылат.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(10)
23.01.2012. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат,супер!супер кенештер учун.
23.01.2012. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun rahmat
23.01.2012. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен эми билип алдым точна машина алам жакында
23.01.2012. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Белоруссияныкы "Атлант" дагы жакшы, биздикине 2 жылдан ашты.Баасы да сапаты да келишкен.
25.01.2012. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш балалуу уй булоо кургаткычы бар машина алганы дурус. Кышында тезирээк кургатып алганга мумкунчулук бар.
25.01.2012. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BEKOnuku kanday?kim bilet?jani aldim ele.
26.01.2012. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо суперсинер
28.01.2012. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshi maalimat jazipsinar,birok buyumdar koldongongo jarasha buzulat,men 6jildan beri Turkiyadamin,turk markasin ele koldonom,kir juuguch mashinkam bir jolu da buzula elek,6 jildan beri koldonom.
10.03.2012. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен 4 кл кир жуугуч машина алганы жата кандай дейсиздер
26.04.2012. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мен LG маркасынын автомат кир жуугуч машинасын иштетип атам кызым куйоом учообуздукун жууйт, жыргап эле калбадымды, белим оорубай аялдарга жардамчы десек болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо