Өмүрбек Текебаев, «Ата Мекен» фракциясынын лидери: «ЕВРОПА, КМШ, КАЙДА КАРАБА, ДЕПУТАТКА УНАА БЕРИЛБЕЙТ»

№481 20-26-январь, 2012-жыл

– Өмүрбек мырза, "Ата Мекен" фракциясы депутаттардын кызматтык унаасын жоюу боюнча демилгени эмнеден улам алып чыкты?
– Өткөн жуманын аягында Жогорку Кеңештин гаражында айдоочулардын жана анын кызматкерлеринин митинги болду. Анда "Ата Мекен" фракциясынын сунуштары сынга алынды. Жумуштан кыскарып жаткан адамдарды түшүнсө болот. Балким, алардын айлыгы жашоодогу жападан жалгыз каражат булагы да болушу мүмкүн. Бирок "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей, Кыргызстандын алдында оор сыноо жана тапшырма турат. Былтыр өлкө бюджетинин дефицити 20 пайыздан ашык болду. Өкмөттүн жакынкы жылдардагы программасына ылайык, таңсыктык 15 пайыздын тегерегинде.
– Дефицитти кыскартуу үчүн кандай чаралар каралат?
– "Еврозонада таңсыктык 3 пайыздан ашпашы" керек деген катуу тартип орнотулган. Мына, Грециянын дефицити 10-15 пайыздан ашып кетип, эки жылдан бери ал Европанын эң кедей мүчөсүнө айланды. Таңсыктыкты жоюу үчүн чыгымды азайтуу зарыл. Үйдө деле ошондой эмеспи, акча жокпу, анда ашыкча тыйын коротууну кыскартышат.
Кыргызстандын дефицити да өтө жогору болуп, "балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат" дегендей, өкмөт "бүгүнкү күнү эптей туралы, эртең Кудайдын айтканын көрө жатарбыз" деген таризде иш алып барууда. Бирок радикалдуу чара көрүп, каржылык тармагыбызды "дарылабай" жатышат. Жаңы өкмөт элге болгонун айтып, врач деле өлө турган адамга "диагнозуң мындай" деп айтышы керектей эле, ал дагы оңолуу жактарын алып чыгышы шарт.
– Мисалы...
– Кризистен чыгуунун жолдору белгилүү. Экономиканын деңгээлин: эмгек өндүрүмдүүлүгүн, өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүп, аларды экспорттоону тартипке салууга муктажбыз. Бул иштер бир-эки жылда боло турган нерсе эмес. Экинчиси, колдо бар байлыкты туура пайдалана билип, табигый байлык менен мамлекеттик мекемелерден көбүрөөк киреше түшө тургандай иш жасоо кажет. Үчүнчүсү, карыз алып келишибиз шарт. Ансыз жакынкы эки-үч жылда иш алдыга жылбайт. Карыз алып келүү үчүн "Ата Мекендин" атынан Өкмөткө вице-премьер болуп Жоомарт Оторбаев дайындалды. Бүгүнкү өкмөт "3 миң адамды кыскартабыз" деп жарыялады.
– Өкмөт үнөмдөө планын жарыялады, Жогорку Кеңешчи?
– “Ата Мекен” ЖКнын чыгымын карап чыгып, 300 миллионго жакын акчаны үнөмдөп, кызматкерлердин санын эки эсеге кыскартууну сунуштадык. Эң чоң үнөмдөө депутаттардын персоналдык унаасы менен айдоочуларын азайтуу болот. Буга баш-аягы 100 миллион сом сарпталат. Европа менен КМШ өлкөлөрүндө депутаттардын персоналдык унаасы болбойт. Жолугуп калганыбызда "бизде депутаттардын персоналдык машинасы бар" десек, алар "байлыгы ашып-ташкан өлкө го" деп аябай таң калып карашат.
– Эмне үчүн "Ата Мекен" партиясы үнөмдөөнү айдоочулардан баштады?
– Дүйнөнүн парламенттеринде мындай "привилегия" жок. Бул элге артыкчылык катары көрүнүп, кыжырын келтирет. Андыктан бийликтин мартабасын белгилеген ашыкча нерселерди жоюу зарыл.
– Өзүңүз кызматтык машинадан баш тартууга даярсызбы?
– Депутаттардын ичинде да кээ бирлери "өзүңөр эле машина минбей койбойсуңарбы, бизге тийишпей" деп чыгышты. Бул балакайлык, олуттуу эмес, жоопкерсиздик. "Ата Мекен" партиясы жалпы республикалык тартип, мамлекеттик ой жүгүрткөн саясат киргизип жатат. Ал тартип баарына бирдей болот.

Эльвира Караева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
23.01.2012. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар!!! ашыкча чыгымдоону кыскартыш керек... Эми чиновниктердин өзүңөрдүн (депутаттардын) айлык акысын кыскартуу керек... Негизи бийликти реформалоо керек!!! Иштбеген натыйжа бербеген жумушчуларды ишканадырды жоюуу керек!!!
23.01.2012. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүңүз кызматтык машинадан баш тартууга даярсызбы? degen suroogo joop jokko?
25.01.2012. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даяр учун ушул демилгени которуп чыктыда,негизи адам баласына эч нерсе жакпайт.Чалкалап бекер машынада журосунор деп эле какшай берчуубуз,эми болсо ОМОР МЫРЗАНЫ СЫНДАП ЖАТАСЫАНР.
25.01.2012. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура сөз! Депуттаттардын машиналарын эле жойбостон, өздөрүн да азайтыш керек..Америкалык сенатт 100 сенат иштейт. Бизде болсо депутаттар андан да көп.
26.01.2012. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейли зырынча кызмат мшиналарын кыскарта турушсун.Бул нерсенин озу чон эрдик.
26.01.2012. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элдин койгойун чечиш учун созсуз депутат болуунун кереги жок оз кызыкчылыктарын канаатандыруу учун эле бийлике умтулушат Эгер тескерисин далилдегилери келсе айлык акыларын азайтышсын М:мугалимдин орточо маянасы м-н тен алышсын .Бир акылдуу айткан экен законы нужны чтоб узаконить беззаконие деп
27.01.2012. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
текебаев мырза негизи азамат.
27.01.2012. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
текебаев омурлуу бол.
27.01.2012. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурбек Чиркешович азаматсыз,Сизге омур берсин
27.01.2012. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыныгы саясатчы Омурбек Текебаев айтканынан кайтпайт
29.01.2012. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин оюмча омурбек мырза аял депутаттарды эстен чыгарып коюптур, алардын оздук унаасы жок болгондуктан иштоо кыйынга туруп калат го!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо