№481 20-26-январь, 2012-жыл
Вандагы кыргыздар Түркияга барган Алмазбек Атамбаевден Кыргызстанга көчүрүп кетүүнү суранышты. “Өткөн жылы Ван аймагында болгон жер титирөөдө 3 кыргыз каза болгондо Кыргызстандан келген гумжардамдын суусун ичип жатып көптөгөн кыргыздар ыйлады”,- дейт Ван кыргыздарынын өкүлү Касымбек Шакир уулу.
Ван провинциясында жашаган кыргыздар мал чарбачылык менен алектенип, күрттөргө жакын турушат. Алар менен көп чыр-чатак чыккандыктан, жашаган аймагын дайыма коргоого туура келет. “Күрттөр керек болсо кичинекей мектеп окуучуларыбызды да жолдон сабап салышат. Мен 28 жылдан бери Түркияда жашайм, бирок өз мекениме кайткым келет”,- дейт этникалык кыргыз Жумабай Эргин.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |