№481 20-26-январь, 2012-жыл
Энергетика министри Жогорку Кеңеште өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча отчёт берип, премьер-министр Бабановдон сөгүш алды. Башкы энергетик жыйынга алып чыккан презентациясына көңүл бурган Өмүрбек мырза: “Бакиев учурундагы маалыматтан эч айырмаланбайт го”,- деп Шадиевди “өчүрдү”. Өкмөт башчы электр энергияны эсептөөчү приборлор жетиштүү көлөмдө орнотулбаганын белгиледи. Буга министр “мындай эсептегич аппараттарды элдин баарына орнотушубуз керек. Бирок жетише албай жатабыз. Бишкектин өзүнө эле 30 миллион доллар зарыл” деди. Премьер бир жылдын ичинде баарын алмаштырып бүтпөсө, министрге "өз эркиң менен арыз жазып, креслону бошот!" деп буюрду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Баары азырыча ак кополок болуп атышат го чиркин!!! Иштерине ийгилик уланта берсин, кудай карап турат !!!