БАРКСЫЗ ӨТКӨН ӨМҮР

№482 27-январь - 2-февраль, 2012-жыл

Түрк сериалдары учурда абдан популярдуу. Бир топ жарандарыбызды арбап алгандыгы да чындык. Бул ирет «Барксыз өткөн өмүр» тасмасын сунуштайбыз. Сериал Түркияда тартылган бардык тасмаларды рейтинги боюнча басып өтүп, учурда биринчи орунду ээлеп алган кези.

АКАРСУ ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ОКУЯ
Сериал 1967-жылдары Акарсу үй-бүлөсүнүн тегерегинде болгон окуяны баяндайт. Баш каарман – капитан Али, чындыгында, өз ишинин чебери жана эл арасында кадыр-барктуу адам. Бирок үй-бүлөдө өтө зулум, таш боор ата, каардуу күйөө. Жубайы Жамилеге гана кол көтөрүп тим болбостон, балдарына да мыкаачылык менен мамиле жасайт. Үй-бүлөсү, 4 баласы бар болгонуна карабастан, голландиялык Каролин аттуу айым менен мамиле куруп, Жамиленин көзүнө чөп сала баштайт. Муну билип калган соң Жамиле Каролиндин өмүрүнө кол салууга чейин барып, акыры түрмөгө түшүп калат. Учурдан пайдаланып Каролин Жамилеге «Али менен ажырашам» деген келишимге кол койсо, арызын кайтарып аларын айтат. Бул сунушу кабыл алынып, Жамиле түрмөдөн чыгып жолдошунун башын бошотот. Жамиле Али менен ажырашкандан кийин 4 баласы менен кошо барар жери жок көчөдө калат. Ал учурда улуу кызы Беррин университетте окуса, кичүү кызы Айлин менен уулу Мете лицейде окушчу. Ал эми эң кичүү уулу Осман 6 жашта эле. Башынан эле жакшы эмес Мете менен атасы Алинин мамилеси күн санап начарлап, Мете үйүн өрттөп салууга да чыгынат. Бул окуядан кийин атасы уулун сотко берип коёт. Метени куткаруу үчүн Жамиле Алиге арызын кайтарып алуусун өтүнүп келсе, ал кичүү баласы Османды ага берсе гана Метени түрмөдөн чыгарарын айтып туруп алат.
Ушундай чырмалышкан окуялардын негизинде капитан Алинин убактысы өтө берет. Кийин турмушта чоң катачылыктарды кетиргендигин түшүнгөн кезде абдан кеч болуп калган эле.

БАШ КААРМАНДАР
Тасмада капитан Алинин образын жараткан актёр Еркан Петеккая 1971-жылы 11-декабрда Түркиянын Элагиз деген жеринде жарык дүйнөгө келип, Стамбул шаарында чоңойгон. Жаш кезинен эле актёрдук кесипке кызыгып, ошол жаатта билим алган соң Стамбулдагы мамлекеттик театрга ишке орношкон. Ошондон тартып ушул күнгө чейин ал 15 сериалга тартылган. Атактуулукту «Акыркы үмүт» тасмасы аркылуу багынткан. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Баш каармандардын дагы бири, Жамиленин ролун ойногон түрк актрисасы Айча Бингүл 1974-жылы Стамбул шаарында төрөлгөн. Таланты менен каалоосу төп келип, актрисалык жаатта билим алган жан бул тармакта 2005-жылдан бери эмгектенип келет. Жалпысынан 5 сериалга тартылган.

ЧОҢ ТУҢГУЮККА БАРЫП ТОКТОЙТ
Жашоодо адамдын терс жолго кетип баратканын ачык-айкын көрсөтүп баштаган тасма акырында чоң туңгуюкка алпарып токтойт (1-бөлүм). Бул сериал эки бөлүмдөн туруп, ар бири өзүнө 38-40 серияны камтыйт. Азырынча Түркиядан тышкары бул тасмага кызыкдар болгон өлкөлөр биринчи гана бөлүгүнө күбө болушууда. Ал эми уландысы болгон 2-бөлүмү өз мекени Түркияда гана көрсөтүлүүдө жана сериалдын кандайча аяктаары азырынча калың журтка сыр бойдон. Тасманын жаратуучулары 2-бөлүмүн үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин башка мамлекеттерге сатпай тургандыгын билдиришкен. Анан да окуянын өнүгүшүнө жараша 3-бөлүмдүн тартылуусу да мүмкүн экендигин айтып келишет.

ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Тасманы тартууга жүргүзүлгөн даярдыктар бир жылга созулган.
  • Сериал Зейрек шаарчасында тартылып баштаган.
  • Тасма аянтына киргизилген асфальт жолдорго кайра таш, шагылдар төшөлгөн. Заманбап үйлөрдүн сыртын кырып, эскилеп ылай менен кайрадан ошол заманга ылайыктап шыбап чыгышкан.
  • Заманбап буюмдар, техникалардын баары сыртка ташылып же камерадан алыс катылган.
  • 51 үй кайрадан боёлуп, 9 үй 1967-жылдарга ылайыкташтырылып жасалгаланган. Бул иштерди жасоо үчүн 24 уста ишке алынып, 2 тонна боёк сарпталган.
  • Тасма аянты даяр болгон соң көзгө көрүнгөн нерселер гана эмес, сырттагы аба, жыт да ошол заманды эске салып турган.
  • Сериалга 100дөн ашуун 1960-жылдардагы машиналар, 1 полиция, бир «Тез жардам» машинасы да сырттан атайын алынып келинген.
  • Сериал үчүн 3 театр жана 1 кийим тигүүчү ателье имараттары курулган.
  • Ал ательеде 500дөн ашуун кийим тигилип, ага 2400 метр кездеме сарпталган. Андан тышкары 2054 даана кийим-кечек сатылып алынган.
  • Баарынан кыйыны, ошол убакка тиешелүү кеме табуу болгон. Аны бир топко издеп жатып америкалыктардан табышкан. Ал кемеге «Барксыз өткөн өмүр» деген ысым ыйгарып, кайрадан жасалгалап чыгышкан.
  • Тасмадагы эң кичинекей жана баш каармандардын бири Османды 3 жолку байкоодон кийин 200 баланын арасынан тандап алышкан. Тартылуу учурунда ал беш жарым жашта эле жана ага эки үйрөтүүчү бекитилген.
  • Тасма аянтын жашылдандырууга 15 күндүк эмгек менен алдын ала өстүрүлгөн жалпы салмагы 11 тонна дарактар отургузулган.

Чолпон Сүйүнбаева
kino@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(14)
30.01.2012. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы сериал...кайгылуу...
30.01.2012. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oyle bir gecer zamanki kirgizchasi barksiz otkon omur bolup kotorulat beken munu men korom kajdiy vtornik oto dele kiziktuu emes turkiyada 1 orunda turbait mundan sonun seriyaldar bar muhtesem yuz yil daha cookk cookk ..
30.01.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muhteşem yüz yıldan bul dagı sooonun.Menin oyumça mınday bolup kotorulbasa kerek kotormosu
30.01.2012. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azır en sonun hayat devam ediyor serialı Türkiyede
30.01.2012. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Turkeyde 1 orunda azyr Muhteşem Yüzyıl bashka seryaldar ancha emes.
30.01.2012. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сериалды корбоптурмун. Менин суйгон туркчо сериалым, бул: "ASK ve Ceza"
Ким коргон болсо, Жасмин менен Саваштын суйуусуно суктанып, коп эле ыйласа керек.
31.01.2012. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baarinbilem, мага абдан жаккан ошол сериал, кошулам, мыкты.
31.01.2012. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munu korbopmun birok, maga 1 orunda Adini feriha koidum jana fatmagulun sucu ne, kuzey guney da jakwyle
31.01.2012. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы сериал,коруунуздорду сунуштайм.Азыр Казакстанда КТК каналдында кун сайын тортунчу кунго чеийн саат 19 00 корсотуп жатат.
01.02.2012. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga «Aliye» degen seryali jakkan bolçu...
02.02.2012. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага бул сериал абдан жакты...молодцы
08.02.2012. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул сериал ото кызыктуу экен,мага аябай жакты. Кобунчо эркектерге пайдалуу десем жанылышпайм,ошого аларга кенеш бермекмин коргуло деп.
23.02.2012. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына кызык, Осман менин кичуу инимдин озу экен,, суротун malik-kubanychbekov@mail.ru дан корсоуздор болот
31.03.2012. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин эн эн суйуктуу сериалым!!!!!!!чындыгында Осман эн мыкты каарман экен кичинекей болсо да!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо