"МЕГАКОМдун" ЭКС-БАШЧЫСЫ МУРАЗАЛИЕВ СИЗОдо

№483 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.

30-январь күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы “Альфа Телеком” (“Мегаком”) ЖАКсында тинтүү жүргүздү. Акча махинациясын жасап, мамлекетке 142 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп шектелип, аталган компаниянын башкы директору Азамат Мурзалиев, башкы директордун кеңешчиси Алмазбек Абеков жана “Новострой Сервис” ЖЧКсынын директору Аман уулу Кенжебек кармалды. “Мегаком” компаниясынын жамааты президент, спикер жана премьер-министрге кат жолдошуп, бул окуя 2011-жылы март айында Азамат Мурзалиевди иштен алуу үчүн жасалган окуяны кайталап жатканын жазышкан. Ал кезде жогорку бийлик адамдарынын колдоосу менен Андрей Силич компаниянын башкы кеңсесин басып алган. Мына азыр да кызыкдар адамдар улутташтырылган объектти башкарууну колго алуу үчүн жасап жатканын билдиришет. Катта алар туура чечим чыгарылышын жана Мурзалиевдин тергөө изоляторунда камалбашын суранган. Бирок 1-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту башкы директор Азамат Мурзалиевди, анын кеңешчиси Алмазбек Абековду ошондой эле акча махинациясында шектелип жаткан “Новострой Сервис” ЖЧКсынын директору Аман уулу Кенжебекти тергөөнүн жүрүшүндө камакта кармоо чечимин чыгарды. Алар УКМКнын тергөө изоляторунда кармалышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
06.02.2012. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куносу болсо айоосуз соттолсун.
07.02.2012. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койгон куноолорун далилдоо да керек
08.02.2012. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирин олуп бирин кал
булардын биринда эч кымындай пайдасы жок кыргызстанга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо