“МУН” СЕКТАСЫНЫН ИШМЕРДИГИНЕ ТЫЮУ САЛУУ КЕРЕК”

№484 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.

Мындай билдирүүнү башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев билдирип, “Мун” чиркөөсү республиканын коопсуздугуна зыян тийгизерин айтты. Чиркөө деп аталганы менен, көпчүлүк секта катары билген “Мунду” жабуу соттун чечими менен гана ишке ашарын кошумчалады ал. Кызыгы, Мун Сон Мен тарабынан түзүлгөн чиркөө Кыргызстандын Адилет министрлигинен 1990-жылы диний мекеме катары эмес, кайрымдуулук уюму катары каттоодон өткөн.
Кыргызстан Жаштар Кеңеши” аттуу уюмдун башчысы Мавлян Аскарбеков Бакиевдерге бул секта демөөрчүлүк кылып жүргөнүн айтып чыкты. “Мун” Жусуп Бакиевдин фондун каржылап, мектеп да салып бергенин баяндайт. Турсунбек Акун бул уюмдун эсебинен Түштүк Кореяга барып келген. Равшан Жээнбеков ТИМден “Мун” сектасынын өкүлдөрүнө Кыргызстандын визасынын берилүүсүн талап кылган. Экөө бул уюмга кызыкдар”,- дейт ал.
Ал эми акыйкатчы Турсунбек Акун козу карындай көбөйгөн секта жана диний агымдарга каршы экенин айтты. "Мен Түштүк Кореяга "Human Rights Watch" уюмунун чакыруусу боюнча баргам. Бул сапар "Мун" уюму тарабынан каржыланган эмес. Ал эми Мавлян Аскарбеков Жогорку Кеңеште иштеген досу Арсен Закировго жардам берүү үчүн айтып жатыптыр. Анткени Закиров башка бир досу менен 137 миң доллар карыз болуп калып, төлөбөөнүн айласында аталган уюмду өлкөдөн кууганга аракет жасап жатат экен",- дейт ал.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
13.02.2012. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sektalardyn keregi jok kyrgyzga, ashykcha bash oorutmai, ansysda el aran turat aila tappai. bir AAlAH ka ishenuu kerek...
14.02.2012. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дуйно эли суктанган улуу ислам дини бар.ушул динди жакшы кармап журо бербейсинерби.сектанын эмне кереги бар.
15.02.2012. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жок кылуу керек
16.02.2012. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
korei tilin okup jatkan kyzdar baldardy azgyrat eken. sak bolgula! sektany joiush kerek.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо