БИР БҮРКҮМ

№484 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.

Турсунбек Акун отставкага кетем дейт...

  • Акыйкатчы Турсунбек Акун Каржы министрлиги ушул жылга Акыйкатчынын институтуна дагы 2 миллион сом бөлбөсө, иштен кетерин айтты. “Эгер биз 2 миллион сом албасак, анда Акыйкатчынын институтун жаап салган оң. Мен отставкага кетем",- дейт ал.
  • “Өкмөттүн айрым мүчөлөрү казинолордун ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу демилгесин көтөргөнүнө көпчүлүк күбө болду. Эл, депутаттык корпус буга каршы”,- деди депутат Алтынбек Сулайманов.
  • ИИМдин Коомдук коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Эркин Баев: “Кыргызстанда 2005-жылдан баштап азыркы күнгө чейин 287 жаран курал менен сыйланган”,- деп билдирди.
  • "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу соттолгон адамдарга мектептерде жана башка билим берүүчү мекемелерде сабак берүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрдү.
  • Райондук Кеңештин депутаттары бекиткен жобого ылайык, Өзгөндөгү Мырзаке айылында той-аш, маркумду акыркы сапарга узатууга кеткен чыгымдар 90 пайызга кыскарганын жергиликтүү эл губернатор Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.
  • Июнь окуясы учурунда жарандардын колуна өтүп кеткен курал-жарактар толук кайтарылып алына электигин Ош шаардык ИИБинин Коомдук коопсуздук бөлүмүнүн инспектору Нурлан Шамуратов билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо