№484 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
2010-жылдан бери Беларустун президенти Александр Лукашенконун жеке коногу катары Минск шаарында, президенттин резиденциясында жашап келген экс-президент Курманбек Бакиев аталган өлкөнүн жарандыгын алгандыгын айрым Беларусь маалымат булактары жазып чыкты. “Кыргызстандын жарандыгынан чыга элегине карабастан, Лукашенконун жеке уруксаты менен 2010-жылдын августунда Минсктеги РИИБдердин биринен Бакиевге паспорт берилген. Аны менен катар Курманбек мырза Минск шаарынын чет жагынан 2 миллион долларга үй сатып алган” деген маалыматтар айтылууда.
Буга Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев: "Бизде экс-президенттин Беларустун жарандыгын алгандыгы тууралуу расмий маалымат жок. Бирок, мыйзамга ылайык, кош жарандуулукка укук берилбейт",- деп маалымдады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |