№485 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
Кандайдыр бир буюмду чогултуп-коллекциялоо деле өзүнчө бир кызыктуу иш эмеспи. Коллекция үчүн акыркы акчасына чейин коротуп, дүйнө кезип атайлап издеп чогулткандар да жок эмес. Генерал Абдыгул Чотбаев коллекциясы үчүн уурулукка барганын айтып жылмайып, чогулткан буюмдары тууралуу кеп салат.
– Убагында дүйнө жүзүнүн бир топ эле булуң-бурчун кыдырдым. Көпчүлүк чет өлкөлөрдүн мейманканаларында муздаткычка арак-шараптарды салып коюшат. Өзүм ичкилик ичпегенден кийин ичпесем да үйгө ала келчүмүн. Ошондон улам ичимдикти коллекциялоого кызыгып кеттим. Учурда коллекциямда ичимдиктин 400дөн ашуун түрү бар.
– Мен бир гана ичимдиктин түрүн чогултпастан, ар кайсы өлкөнүн акча бирдиктерин, байыркы кылымдарга таандык тыйындарды чогултам. Тыйын чогултканымдын да кичинекей тарыхы бар. Баягы СССР жоюлуп, анан акча алмашканда аялыма көрсөтпөй катып жүргөн “заначкаларымдын” баары күйүп кетпедиби. Аларды эмне кылмак элем, коллекциямдын уюткусу кылып койдум. Анан чет жерлерге чыкканда сөзсүз түрдө тыйын алып келип чогулта баштадым. Таанышым жер казып жатып бир карапа тыйын таап алып мага көтөрүп келиптир. Ал карапада 1912-1916-жылдарга чейинки тыйындар бар экен.
– Коллекциямдагы эң жакшы көргөн бөтөлкө десем болот. Муну мен 1993-жылы генералдык чинди алганда кесиптештерим белек кылышкан.
– Сыранын кружкаларын да чогултууга кызыгам. Эсимде, бир жолу чет жактан келген бир мейманды коноктогом. Аны кафелердин бирине киргизсем, сыра алды. Мейманым сыраны ичпестен эле идишин кармалап кызыкканынан ага ал кружканы сурап бердим. Анан өзүм да кызыгып кетип бир кружка уурдап алгам.
– Бул алтындын буусуна карматылган жолборсту кытай генералы белек кылган. Бир топ эле баалуу.
– Негизи, үйүмдүн көп бөлүгүн эле менин коллекцияларым ээлейт. Белгилүү адамдардын айкелдерин да чогултам. Андан сырткары ар кандай статуэткалардын жанынан кыя өтпөйм.
– Үй-бүлөбүз менен жумшак оюнчук чогултчубуз. Үйгө батпай баратканынан Балдар үйлөрүнө тапшырдык. Коллекцияларыма кызыккандардын арасында "сатчы" дегендер көп. Бир жолу таанышымдан алган байыркы кылымдарга таандык колго жасалган орус падышаларынын алтын тыйынын арзан сатып жиберип аябай өкүнгөм. Булар коллекциямдын жарымы гана. Бул үйгө жакында гана көчүп келгендиктен, жарымы кутулардан чыгарыла элек.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
adelima,бул киши ырдабайт экен просто тыйын менен ботолко чогултат экен..
Редакция мага да номерин алып бергилечи?менин да уйумдо синдимен калган жумшак оюнчуктар бар ошолорду мен да белек катары берип коеюн..анан да сурап корунуздорчу пустой банкаларды да ала берет бекен?..югославиянын 20 000 миндик динар купюрасы да бар аны да белеке берейин деп жатам