№485 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
Өлкөнү түптөгөн алты саясатчынын балдарына жыл сайын 30 миң сомдон стипендия төлөө боюнча долбоорду “Ар-намыс” партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев сунуштады. Долбоор Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүшүнө түздөн-түз салымы бар, кийин “эл душманы” аталып каза табышкан Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков жана Исхак Раззаковдун балдарына стипендия төлөө жөнүндө. “Ушул көрүнүктүү ишмерлердин кээ бирлеринин балдары батирге да акча төлөй албай жүрүшөт. Жыл сайын спикердин фондунан 30 миң сомдон стипендия төлөөнү сунуштайбыз”,- дейт ал. Бул сунуш эми парламентте каралмакчы.
Эске салсак, алар Тоолуу Кыргыз Республикасын түптөгөн Абдыкерим Сыдыков, Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы, кыргыз алфавитин түзүүнүн демилгечиси Абдыкадыр Орозбеков, Кыргыз ССРнин Эл комиссарлар советинин төрагасы Баялы Исакеев, өз эли үчүн Сталинге да эрегишип кат жаза алган мамлекеттик башкаруучу Жусуп Абдрахманов, Кара-кыргыз автономиялык облусунун башчысы Иманалы Айдарбеков жана Компартиянын борбордук комитетинин биринчи секретары, айыл чарбаны мыкты өнүктүрө алган башчы Исхак Раззаков болгон.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |