КОРРУПЦИЯ АТТУУ «АЙСБЕРГ» ЭРИЙ БАШТАДЫ

№485 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.

"УУРУ ТҮРМӨДӨ ОТУРУШ КЕРЕК!"
Президент Алмазбек Атамбаевдин “коррупцияны түп-тамыры менен жоготом” деген сөздөрү мурунку президенттердикиндей эле куру кыйкырык сымал кабыл алынган болчу. Бирок бул ирет куру кептен ишке өтүү кыймылы байкала баштады. Ажонун “өкмөт мүчөлөрүнүн, сот, прокурор жана башка мамкызматкерлердин эсине! Коррупция кечирилбейт. Ууру бийликте эмес, түрмөдө отуруш керек!” деген сөзүнөн жыйынтык чыга баштады.

БАБАНОВДУН АТЫН ЖАМЫНГАНДАРГА ТАЛАП КАТУУ
Ажо “өлкөнү коррупциядан арылтуучу орган укук коргоочу органдары болгондуктан, тазалоону дал ушул тармактан башташ керек” деп туруп "старт" берди. Жыйынтык көпкө күттүргөн жок. Биринчи болуп УКМКнын алдында ачылган Коррупцияга каршы кызмат тарабынан “Альфа Телекомдун” жетекчилери камакка алынды. Аларга “мамлекетке 142 миллион сомдук зыян келтирген” деген айып тагылууда. Бул чуу чыккан кезде “президент менен премьердин тиреши жүрүп жатат” деп айтып чыккандар болду. Анткени УКМК түздөн-түз Атамбаевдин карамагында болсо, “Мегакомдун” башкы директору Бабановдун кадры экени коомчулукка маалым болчу. Саясат талдоочулар мындай пикирлерди четке кагып, бул окуяга саясий сүртүмдөрдүн кереги жоктугун, бул кадимки коррупцияга каршы күрөш экенин билдирип чыгышты. Премьер Өмүрбек Бабановдун “менин атымды жамынууга аракет кылгандарга талап эки эсе катуу коюлат” деген сөзү бул жерде чындыкка туура келип калгансыды.
Коррупция менен күрөшүү өлкөбүздө чын эле башталганы сезилүүдө. Алсак, Ички иштер органдарында, салык кызматында иштеген бир канча кызматкерлер пара алуу учурунда кармалышууда. Атүгүл Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Оморбай Нарбеков да "пара алган" деген айып менен кармалды. Ооба, азырынча мунун баарын кылмышкер деп айтуудан алыспыз. Тергөө-иликтөөдөн соң акталып чыкканы да, жаза алганы да болор.

"УУРУЛАРГА" СЕС
УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын көзгө көрүнөрлүк аракеттеринин бири өткөн жумада болду. Аталган кызмат “Аю” фирмасынын арак-шарап сактоочу кампаларын тинтүүгө алып, жасалма акциздик марка чапталган арактар жана жасалма акциздик маркалар табылгандыгын билдирди.
Ишкана жасалма акциздик марка колдонбогондугун, тескерисинче, Кыргызстандын алкоголь тармагындагы абийирдүү салык төлөөчүсү болуп эсептелерин, арак продукцияларына чапталган жасалма акциздик маркаларга ишкананын эч кандай тиешеси жок экенин айтып, билдирүү таратты.
Аталган ишкана “Республика” фракциясындагы депутат Шаршенбек Абдыкеримовго тиешелүү деп, окуяга кайрадан “Атамбаев-Бабанов тиреши” катары түс берүүгө аракет кылышууда.
Тирешүү чын эле барбы-жокпу, анысы анчалык деле маанилүү эмес. Муну ажо менен учурдагы бийликтин башкаларга карата эскертүүсү, сес көрсөтүүсү деп кабыл алган туура болор эле. Бул окуялардан соң мамлекеттин казынасына беш колун салып көнгөндөр абайлап, уурдоого батынбай калышат. Дагы далай "быкыйлар" чукулса керек. Эң негизгиси, жыйырма жылдап чогулуп келген коррупция аталган "муз" акырын эрий баштады.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
20.02.2012. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах эки башчыбызга ыйман берсин!жана жаман иштерден оздору алыс болуп эл учун иштешин АЛЛАХ насип кылсын!
бул жакшы иш деп ойлойм!
20.02.2012. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай ай ошондой болсунчу.кичинекей олкобуз го тыкыйтып иреттеп койсо баарын.
20.02.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуно тиешелуу создорду айтыптыр.
20.02.2012. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкаларды билбейм бирок коррупция дегенде эле менин козумо биринчи Жапаров, Сариев ж.б. корунот. Качан ушуга окшогондорду турмого киргизмейин мен эмес эл дагы ишенбейт бул бийликке. Кайдагы бир катардагы гаишникти кармап алышып ошону дагы суйунчулобой! Эгерде гаишниктерден баштай турган болсо анда начальнигин баш кылып Бишкектин гаилерин баарын турмого отургузуу керек же туура эмеспи?
21.02.2012. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин ишинезге эч баа бере албайм,Оштон эмне учун качып кеттиниз Элге жолукпай? Бизде мындай Президент жок.
22.02.2012. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а дегенде эле баары колго тушмок беле атамбаев акырындык менен баарын ордуна коёт деген ишеним бар!!
23.02.2012. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупцияга каршы кызматын тазалап алып анана суйунсонор боло
23.02.2012. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупциянын башчылары чыныгы коррупционерлер озу!Атамбаев менен Бабанов озунун кишилерин калп эле интрига кылып кармалды деп жатат,элдин ишенимин арттырыш учун, чын чынына келгенде ошолорду же коррупция менен кармалганды карасан чон иште отурган болот бир аз убакыт откондон кийин! мындай эмес деп тангандар барбы?
23.02.2012. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевдин колунан эмне келмек эле уурулук жол м н шайлангандан башка
24.02.2012. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевди президент деп ойлобойм себеби бул Акаев убагындагы....ак уйдогулор качан жаштарга бошотосунар бул адамдар жок болмойун мамлекеттибиз артка кете берет
25.02.2012. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жон гана показуха! Типа иштеп жатабыз, кыйратып атбыз. Элдин баарын оздорундой жинди ойлошот ушулар. Миллион-миллиарддап жеп жаткандарды кармашпай, 20 000 сом алгандарды кармап,жарыя кылышат уялбай! Гаишникке боорум орууйт. 5 баласына, особенно жаны торолгон 6 айлык баласына жалко!
25.02.2012. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул коррупцияны жок кылуу учун баарыбыз жапа тырмак киришишибиз керек.Ошондо гана мунун тамыры туп тамырынан жок болот деп ойлойм.Бирок elya2404 айткандай миллион жегендерди кармап, ошолорду пример катары корсотсо болмок,а
калп эле бирткеден пара алып жургон байкуштарды биринчи кыйнабай.
27.02.2012. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчиден коррупция эч качан туп тамыры менен жок болбойт мындай нерсеге эч ишеништа болбойт, бирок азайтса болот. бизде через чур коп та ал айсбергтин ээриши ай аттин болбой деле калды десек болот ко
27.02.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5000 сом пара эмес бекен,5 сом алса да камаш керек!Ал дагы канчасынан алат и алган да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо