Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: «МАКСИМ 2 МИЛЛИОН ДОЛЛАР СУРАГАН»

№486 24-февраль - 1-март, 2012-ж.

Бул мырза менен болгон маектин башында эле анын жөнөкөй, ачык-айрым, эң башкысы, тарыхты терең сыйлай турганы билинди. Жөнөкөй нукта башталган баарлашуу кызыктуу уланып, мүнөттөр билинбей саатка айланып кеткенин маек соңунда гана баамдадым.

КААРМАН ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

Туулган жылы – 1969-жыл, 11-май
Туулган жери – Кемин району, Кайыңды айылы
Билими – Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультети, РФнын Президентинин алдындагы Орусия Мамлекеттик кызмат академиясынын саясат таануу факультети
Үй-бүлөлүк абалы – 2 уул, 2 кыздын атасы
Учурда “Ар-намыс” фракциясынын депутаты

“БАЛДАР АДАБИЙ КИТЕП ОКУБАЙ КАЛЫШТЫ”
– Ар бир кыргыз баласы сыяктуу эле тоо арасындагы кыргыз айылдарынын биринде туулуп-өскөм. Атам өрөөнгө таанымал мугалим болчу. Апабыз азыр биз менен.
Жубайым экөөбүз эки уул, эки кыздын ата-энесибиз. Улуу кызыбыз Славян университетинин юридикалык факультетинде студент, калган үчөө мектепте окушат. Орус мектепте окуп жатышканы менен, кыргызча эркин сүйлөп, сабаттуу жаза алышат. Ошентсе да менин күчүм жетпей баратканы – компьютерге өтө кызыгып кирип кетишип, кыргызча көркөм чыгармаларды аз окуп калышты. Бир эле менин балдарым эмес, азыркы компьютер доорундагы балдардын баары ушундай абалга туш келип калды да. Биздин кездегидей китепти башка жазданып алып “Каныбек” романын, “Көк асабаны” же “Көчмөндөр кагылышын” окугандай азыр балдар окубай калышты. Балдарыма айтсам, “классташтарыбыз деле окушпайт, сиз эле кыйнай бересиз” дешет.

“4-КУРСТА АК ҮЙГӨ ЖУМУШКА ЧАКЫРГАН”
– Мен 3-курста окуп жүргөндө эле “Кыргызстан маданияты” гезитинде корректор болуп иштей баштагам. Ал жерден алган сабак мен
үчүн университеттеги сабактай эле болду. Жалил Садыков, Ашым Жакыпбеков өңдүү кыргыздын мен деген дөө-шаалары менен иштегем.
Гезитте дүйшөмбү, шаршемби жана бейшемби күндөрү кечинде барып гезиттик материалдарды текшерчүмүн. Бир жылдай иштедим.
Кийин макалаларым жарык көрүп калып, 4-курста Мелис Эшимканов “Асаба” гезитине кабарчы кылып жумушка алды. Окурмандар ошол гезит аркылуу тааныды окшойт, көп өтпөй эле мени Президенттик администрацияга жумушка чакырышты. Бирок Эшимканов “окууну бүткөнчө эч жакка жылба, сени эртеби-кечпи, баары бир чакырышат” деп болбой койду. Окууну аяктап, Президенттик администрацияда адегенде референт, бир жарым жылдан кийин басма сөз кызматынын жетекчиси, анан катчылык кызматтарда иштедим.

“КҮНҮМДҮК ЖУРНАЛИСТИКА ӨМҮРДҮ ЖЕЙТ”
– Гезитте иштеп жүргөндөгү эмгегимди 10-15 жыл өткөн соң карасам, күнүмдүк макалаларымдын эч кимге кереги жок болуп калыптыр. Мааниси жактан эскирбей 4-5 гана макалам сакталыптыр. Ошондо ойлодум, күнүмдүк журналистика адамдын убактысын да, өмүрүн да жейт экен деп. Бул дүйнөгө калем кармайм деп келип, данектүү бир нерсе жаратам десең, анда журналистикада өзүнчө жанр тандап алышың керек. Азыр журналистикага сейрек аралашам. Кээде гана адабиятка колум тие калып жүрөт. Мен өзүмдү бир секунд, бир мүнөт да акын же жазуучумун деп эсептеген эмесмин, азыр деле эсептебейм. Биринчи кесибим – журналист, экинчи кесибим – саясат таануучу.

“УЛУТЧУЛ БОЛУУДАН КОРКПО”
– Негизи, улутчулдуктун эки түрү бар. Биринчиси – өз улутуңду көтөрмөлөө, экинчиси – башка бир улутка каршы аракет кылуу. Улутчул эмес улуттун келечеги жок. Улутчулдуктан коркпой, тескерисинче, улутун ойлобогон кайдигер адамдардан коркуш керек. Бул маселеде
кара күчкө эмес, билим, наркка таянышыбыз зарыл. Менин сүйүнгөнүм, биз “кыргыз тилин билбейт” деп урушуп жүргөн, шаарда төрөлүп-өсүп,
орусча сүйлөгөн кыргыз балдарынын мекенге болгон сезими күчөп, “мен кыргызмын” деп кийимдерине жазып алышып, баштарына калпак кийишип, өзүнчө кыймылдарды түзүп жатышат.
Биз руханий маселеде, тарыхта, тилде, наркта, каада-салтта улутчул, ал эми экономикада, саясатта, парламентте либерал болушубуз кажет. Ушул экөөнүн туура өлчөмүн тапсак, Кыргызстан алдыга кетет. Мен ушуга бөркүмдөй ишенем.

“САЯСАТТАН БИР ДА ЖОЛУ КАНАГАТ АЛГАН ЭМЕСМИН”
– Китебиң чыкса же кимдир бирөөдөн жылуу пикир уксаң, адабияттан, көркөм дүйнөдөн рахат ала аласың. Ушул убакка келип мен саясаттан бир мүнөт да канагат ала элекмин. Дайыма көйгөй. Менин саясатта жүрөйүн деген оюм деле жок болчу, журналистикага аралашып калганымдын өзү же ошол доор мени бул чөйрөгө алып келди. Кээде өкүнгөн күндөр деле болгон, саясаттан кетип эле калсамбы деген. Себеби көркөм дүйнө укмуш нерсе да, эркинсиң, колуңда калемиң менен актай кагазың болсо болду. Саясатта андай эмес, 30 жыл эгин эгип, түшүм албай калышың мүмкүн. Ал эми руханий чөйрөдө андай болбойт, сөзсүз үзүрүн көрөсүң.
Турмуштун өзү күрөш да. 2005-2007-жылдары биз Бакиевге оппозиция болуп жүргөндө күн сайын күрөшкө же интеллектуалдык дуэлге келе жаткандай даярданчубуз. Азыр болсо фракция, партия деген жагдайлар адамдын принциптерин экинчи орунга жылдырып коёт экен.

“МАКСИМ “2 МИЛЛИОН БЕРСЕҢЕР, ШАЙЛООДОН ӨТӨСҮҢӨР” ДЕГЕН”
– 2007-жылы парламент таркаганда пикирлештер менен сүйлөшүп, “Туран” партиясын тандадык. Биринчиден, аты жакты. Себеби бул Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов сыяктуу ата-бабаларыбыз түптөп кеткен улуу партия эле. Анан элди аралап, шайлоого даярдандык, катыштык. Шайлоо көз боёмочулук менен өттү.
Ачыгын айтканда, ошондогу биздин партиянын теңтөрагасын Максим Бакиев чакырып алып, “2 миллион доллар берсеңер, 7 кишиңер өтөт. Жарым сутка убакыт берем” дептир. Бизде анчалык акча жок болчу жана андай жол менен бийликке келүүгө намысыбыз жол бербеди. Өкүнүп кала бердик. Чыгармачылык иштер менен алектенип, эки жылдай ЖОЖдордо студенттерге сабак берип жүрдүм. Азыр да лекция окуйм.

“ЖАЙЛООДОН ЭС АЛАМ”
– Китеп окуганды, жазганды жана кышында лыжа тебүүнү жактырам. Былтыр жайында бийик тоолорду аралап
7 миң чакырым жол бастым, атайын. Жайкысын балдарым менен уюлдук телефон, сыналгы, радио тартпаган жерге барып эс алам. Шаарда эртең менен бир чыныдан ашык чай иче албайм, жайлоодо болсо бир самоор чайды өзүм эле ичип коюшум мүмкүн. Суунун тазалыгы, даамы башкача да.
Мен жанагы Европага барып эс алгандарга таң калам. Кыргыз үчүн 2 апта тоодо кымыз ичип, 2 апта Ысык-Көлгө барып келсең болду. Мындан өткөн эс алуу болобу кыргыз баласы үчүн? Биз ушул жерге ылайыкташканбыз да. Мен деле чет өлкөлөргө барып жүрөм, бирок бир да жолу эс алганы барган эмесмин.
Тамак жаатына келсек, эч убакта тамакты тандап жеген жан эмесмин. Албетте, мусулман баласы катары чочконун эти кошулган тамактан алысмын. Айтып калам, жакшы адам менен отуруп куру чай ичсең да керемет деп. Ушундай адамдар менен сүйлөшүп эле отургуң келет, руханий энергия аласың.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(32)
27.02.2012. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башка киши калбадыбы жазгылачы башкалар жонундо
27.02.2012. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогон создору жакты.Жонокой тушунуктуу адам окшойт.
27.02.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кишиге деле ишенбейм.озунун башындагы чопту корбойт булар анан да суудан курук чыкканды жакшы корушот..жогорку кенеште олтуруп алып эмнени кыйратат дейсинер булар?! "пара алып,чонтогун толтурушат" "эки-экиден олтуруп алып ушакташышат" ошолордун бири да бул киши деле..
27.02.2012. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы депутат болушунузга канча акча кетти?
28.02.2012. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Накта Акаевтин кадыры
28.02.2012. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул депутатыбыз убагында Акаевтин кадыры болуп мен билгенден Эшимкановко далай эле бут тоскон
01.03.2012. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toshka69, Акаев, бул агабызды жумука чакырганда 23 эле жашта болчу жана ал жумушка Акаевди багайын деп барган жокта, бул жерде эч нерсени тушунбой эле Акаевдин кадры дейсинер!!! Эшимкановго болсо эч ким бут тоскон эмес ал озу эки жуздуу киши болсо, озунун принциптерине турбаган киши болсо пикир келишпестиктер болотта!!!
28.02.2012. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун дегенден алысмын, бирок сөдөрүнө караганда акылдуу, жакшы адам экени билинип турат. Өзү негизи жаман кишинин сөзү да жаман болот да.
28.02.2012. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшимканов мага жакпай калган. Эки суйлогон киши экенин коруп аяабай тан калгам.
28.02.2012. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги кимисине ишенеримди да билбей калдым...
28.02.2012. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жер жамандап барбасын, Эшимкановду жайына койгула, олгон адамга тийишпей.
28.02.2012. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эшимканов болбой койгон окууну аякта -деп -дегени кулкулуу,
озунун башы озундо эместей.
анан туран партиясынын 1-ден аты жакты дегенин эмнеси, партиянын принциптери 2-орунда окшойт, тообооооо, мынча ою кыска адам.
28.02.2012. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин чондорго ЛИЧНОСТЬ деген жетишпейт, копчулугу подхалим и ээрчиме койлор.
28.02.2012. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек эмес экенсин тиги мынча сураган деп откон ишти сенин унунду уканымда жиним келчу
28.02.2012. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаевдин жердеши болот екен да бул байкебиз
28.02.2012. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деле абдан сыйлайм, бирок инисине кошулуп мектептин директорунун ордун талашкандыгы эч кимге деле жакпаса керек
29.02.2012. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге ошондо айтпады экен элге гезитке максим жонундо ээ, корккон да.
01.03.2012. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
applemac, корксо да озуно коркон эмес, мен билишим боюнча уй-буйлосуно коркон!!!
29.02.2012. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ достор 1 жалган айтса алдамчы 10 жалган айтса жалганчы а 1000 жалган айтса саясатчы!!!
29.02.2012. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр кайсы чиновниктен сураба бардыгын(озу кошулуп журсо да ошолорго)акаев менен бакиевдерге арта салып озу ак болуп чыга келет.Айтайын дегеним каныбек мырзага сиз деле чогуу тамак жеп калгандырсыз бир аяктан бакиевдин командасында.Уялгылачы арттан соз суйлогондон урматуу депутаттар!!!
01.03.2012. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirbek.akunov, Бакиев менен тамак жэп отурганын кордун беле?
29.02.2012. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
афтандил мырза соз баштаганда эле мактап жазыптырсыз го ошол жериниз кичине окшошпой калыптыр же бул жерде деле коррупция ойноп кеткенби
01.03.2012. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirbek.akunov, ЖАкшы жакшы дейтта!!! ал эми жаман киши жонундо жазбай эле койгон туураго
01.03.2012. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э, ойлонуп суйлогуло, саясатчы болуп калыш любой кишинин башына түшүшү мүмкүн.
01.03.2012. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
u86, azyr jany torolgon kyrgyz uulu da sayasatchy! ))))
01.03.2012. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
negiai ele menin bir dosum aitkandai " televizordon je bashka jerden GALSTUK4an adamdy korsom any aldamchy " dep sezem
02.03.2012. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy tamawalawypsynar!!!
02.03.2012. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul dele aldamchyy)))))))))))))))))))
04.03.2012. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кишинин китептерин окуусанар абдан сонун китептер КЫРГЫЗ чыныгы тарыхы жонундо жазат("Кыргызстан (Слово о Родине)" "Кыргыздар","Саякбай""Тагай бий" жана "Каганат") Ошондо билесинер бул киши кандай патриот,Кыргызмын деп журуогу соккон киши экенин!!! "Кыргызтан" "Каганат" китептерин англис тилине которулуп чет олкодо окуп КЫРГЫЗ деген ким экенин ошол китептерден билип жатышат! Ошол эле"Каганат" деген китеби Москвада 1-оорунду алган! Менин оюмча ушул эле жетиштууго
04.03.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ver1 сага именно тамак жеп аткан жерин айткан жокмун бул созду терен ой жугуртуп ойлонсон создун артын тушуносун же сенин тууган уруктарынан болобу аябай куюп атасын эмнен болсо дагы менин айткан создорум чын го дейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо