ПАРАКОРЧУЛУКТУН ТАМЫРЫН КЫРКУУГА БИЙЛИКТИН ЭРКИ ЖЕТЕБИ?

№486 24-февраль - 1-март, 2012-ж.

АПТАНЫН “КААРМАНЫ”
Исхак Пирматов – “Республиканын” жүзү, көзгө басар “балапаны”, Бабановдун ишенген кадры. Төшүнө депутаттык белги такканга чейин бензин саткандардын арасында популярдуу болчу. Жогорку Кеңештеги “согуштук тиреши” Текебаев менен өтүп, экөө кызыл чеке болгонго чейин барышкан. Өмүрбек мырза “Пирматов “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жетекчиси болуп турганда коррупциялык иштерге тиешеси болгон” деп чыккан эле.
Туура бир жылдан кийин "айсбергдин" чокусу дагы суу үстүнө көтөрүлдү. Бул сапар “Ата Мекен” лидеринин катышуусу жок. ЖКнын жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков Башкы прокуратурадан тоголок кат келип түшкөнүн билдирди. Бул орган Исхак Пирматовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча депутаттардан макулдук сураган. "Кара тизмеге" түшкөн “республикачы”: “Мен кылмыш иши деп өлкөдөн качып кетпейм. Аягына чейин туруп, ак экенимди далилдеп берем”,- дегенге жетишти.

АПТАНЫН “БОМБАСЫ”
Бейрасмий маалыматтарга ылайык, Башкы прокуратура жакын арада депутаттар Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев, Нурлан Сулаймановго каршы кылмыш иштерин козгойт имиш. Чынында, мурунтан эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экс-башчысы, Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Транспорт жана коммуникациянын экс-министринин паракорчулукка, кызматтык абалдан ашыра пайдаланууга байланыштуу иштери бар экени айтылган. Айтмакчы, Башкы прокуратура бул адамдарга карата ЖКга макулдук суроо боюнча эч кандай кат жөнөтпөгөнүн билдирди. Албетте, бул утурумдук. Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдамак эмес.

ЖАЗ ЖАРЫШЫ – РЕВОЛЮЦИЯ СЕЗОНУ
Учурда жер көөп, анын боорун жашыл чөп менен байчечекейлер тытмалай чыгууга даярданып жаткан кези. Аюу чээнден чыгып, келгин куштардын арты менен жакында мал жайлоону көздөй жөнөйт...
Адатта, окуучулардын көктөм тууралуу тажатма дил баяны ушинтип башталат эмеспи. Бирок соңку 7 жылдык тарых барактарында жаз көтөрүлүш, толкундоо, митингдер менен сүрөттөлө баштады. Мына, Ташиев жана Мадумаров жаздын алгачкы күнүн Ош шаарында миңдеген кишилер менен белгилөөгө билек түрө киришиптир.

ЧЕГИРТКЕДЕН КОРККОН ЭГИН ЭКПЕЙТ
Дал ушул макал учурда президент Алмазбек Атамбаевге бап келет. Анын карамагында болгон
УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызмат “Мегакомдун” башкы директору Азамат Мурзалиевди камаса, Башкы прокуратура кол тийбестикке жамынган эл өкүлдөрүнө каршы "ууга" чыкты. Өлкө лидери майда-барат жумуштар менен эмес, чынында эле “акула” менен “киттердин” иши менен алек. Жаздын, демек, митингдердин келе жатканын билип туруп атаандашы Камчыбек Ташиевге каршы күрөш башташын саясий эрк дегенге болот. Ал эми Атамбаев ошол күрөштү аягына чейин жеткиреби же орто жолдо сүйлөшүүлөр менен калабы, балким, оппозицияга жеңилип береби, муну алдыдагы сезон белгилеп берет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(4)
28.02.2012. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстаныбыз акырындап бутуна туруп келе жатса эле көрө албагандар өйдө чыгып бараткандарды буттан тартмай болуп калды.Эми бул митингдердин кимге кереги бар эле.Элдер эчак эле тажап бүтүшкөн.Азыркы митингдер мамлекеттин тагдырын эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгын коргоп калп эле элдин атынан чыгып жатышат.93-жылкы конституцияны алып келүү бул жомок.Биздин оппозиция өздөрүнүн ишин кылбай эптеп бийлик
28.02.2012. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тойгозду го митинг уюштуруучулар
29.02.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч качан онукпойбуз го минтип журсок! карапайым, жонокой адамдарга митинг-ситинг кереги жок, бул Ак уйдо келип отурам дегендерге эле керек, кызматка келип акча табыш учун!Куруп кеткиле!
07.03.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
demokratia bolgondon kiin Mittingter menen esepteshibiz kerek.Birok mittingder zivilizovanno otkorushubuz kerek,kan tokpoi,alkogol ichpei.Mitting menen el oiun bolushkusu kelet.
Otup ketken maaldagy korrupziany tim ele koisok jakshy bolmok,azyrky mezgildegi korrupziany tyiyshybyzkerek.Otup ketken korrupzionerlerdi turmogo kamasak turmolor jetishpeitko
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо