ШАРИПОВДУН ОШ КООГАЛАҢЫНА ТИЕШЕСИ БАРБЫ?

№486 24-февраль - 1-март, 2012-ж.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандан чыккан космонавт Салижан Шариповду 2010-жылкы Ош коогалаңын уюштурууга катышкан болушу мүмкүн деди. "Ош коогалаңын уюштурду" деген күнөө менен сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров мүлкүнүн бир бөлүгүн Салижан Шариповдун атына каттатканынан күмөн санайт. Ош коогалаңынан кийин Кыргызстандан качып кеткен Батыров Швециядан баш паанек алган.
Салижан Шарипов Кыргызстанда эч кандай мүлкү жок экенин айтып: “Эгерде жок дегенде бирөөнү тапсаңар, аны силерге бекер берүүгө даярмын. "Атамбаев ушинтип айтты" дегенге ишенбейм. Жакында ал расмий сапар менен Москвага келгенде жолугуп сүйлөшөм”,- дейт.
"Эл сыйлаган космонавт менен Кадыржандын кандай катышы бар?" деп баары айран-таң. Көрсө, Кадыржан мырзанын “Дустлик” ААКсын 2011-жылы 15-июлда космонавт Салижан Шарипов сатып алганы ачыкка чыгыптыр. Кээ бир булактардагы маалыматтарга ылайык, Батыровдун жубайы Карамат Салижан мырзаны жардам берүүгө чакырган, анткени ал космонавттын жубайы менен жакшы тааныш экен. Шарипов боорукер, саясатчылардан баштап укук коргоочуларга дейре жардам бергенден улам ушуга кабылды дешүүдө.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
27.02.2012. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирин бири,кунолоп журуп унуткарып койушат. Кудайым корсотот ким кылганын.Ошончо элдин коз жашы деле урат.Ошондо козунордон чыгат,Кудай бар экенин унутпагыла...
28.02.2012. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сарттар бири бирин оло колдошот деген чын, бирок Шарипов эл баатыры, коктогу адам да, анан ал анчалык пас кеткенин тушунбойм, кандайдыр бир нерсесин чындык жолу менен сатып алса эле согушту уюштуруучу болуп калбайт да, тообо ошол фирманын ээси болгон кундо да акыры бут документтерин нотариус бутургондур,лицензия дегендерин, экоо эле бир кычыкта отуруп бутуруп койчу нерсе эмес,акыры ошонун баары айланып келип бир кыргыздын колунан отту да. коп суйлобой ошол кадыровду кармап келгиле духунар жетсе
28.02.2012. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин ойумча бул чындыктыр же Алмазбек Атамбаевтин чыгарганы антип ар кимди куноолобой бирин кармаса баары чыгатко
01.03.2012. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыяматта суракта баарысы ачыкка чыгат буюрса! Ал жерде коррупция болбойт,тааныш ЧОН тууганына чала албайсын,баарысы адилеттуу болот!...ээх кудайым озу сактасын !!!
02.03.2012. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айтарым бул жерде Атамбаев Текебаев Отунбаевалардын Батыров Абдрахманов менен суйлошуп туштукту бермей болушкан.эми туштон кийин ар кимди куноолой беришет.шариповдун интернетте провокация видеосун оз козум менен коргом.анын да арты таза эмес
02.03.2012. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салижан Шарипов Росиияда 23 февралда Атамбаев менен жолугушуу үчүн келсе, Салижан аганы киргизбей коюшуптур деп уктум. Жалгыз космонавтыбыз болсо да колдой албаганыбыз өкүнүчтүү.
02.03.2012. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев келжиреп калган мас болуп алып айтса керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо