ТӨРӨТТӨН КИЙИН КАНТИП КАЛЫПКА КЕЛҮҮГӨ БОЛОТ?

№487 2-март - 8-март, 2012-ж.

Ар бир аял бала жытын жыттап, эне болууну эңсейт. Бирок төрөттөн кийин келбеттин өзгөрүшү көпчүлүгүн ойлондурбай койбойт. Аял канткенде мурунку калыбына келе алат? Дегеле, төрөттөн кийин аял өзүнө кантип кам көрүүсү керек? Бул жаатта Чүй районунун Аймактык ооруканасынын дарыгери, акушер-гинеколог Керез Кемелова ой бөлүшөт.

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАН
Чач түшүүгө каршы сарымсак маскасы
2 жумуртканын сарысы, 2 аш кашык бал, 2 аш кашык сарымсак ширесин бир идишке салып аралаштыруу керек. Чачты суулап алган соң масканы шыбап, целлофан баштык менен ороп, 20 мүнөт кармоо зарыл. Анан жакшылап жууп салуу кажет.

Беттеги такты кетирүү
100 грамм бадам (миндаль) данегин кайнак сууга салып жумшартып алабыз. Андан кийин данды жанчып майдалоо абзел. Ага лимон ширесин жана бир аз суу тамызып, анан аралаштыруу керек. Даяр болгон масканы бетке жаап, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу кажет.

Тырмак сынбаш үчүн...
Төрөттөн кийин тырмак да морт болуп калат. Муну менен күрөшүүдө “момго чылоо” ыкмасы абдан пайдалуу. Уктаар алдында момду тери күйбөй турган температурада ысытып алып, тырмакты малуу керек. Мом муздаганда колду алып чыгып, жука мээлей кийип жатыңыз. Эртең менен колду жууп, тиричиликке кирише берүүгө болот.

Сулуу болууну ар бир аял каалаары талашсыз. Ал эми жакында эле эне болгон айымдарда бул жаатта кыйынчылыктар жаралат. Андыктан төрөттөн кийин сулуу жана дене мүчөсү сымбаттуу болушун каалаган айымдар мурунтадан кам көрүүсү керек. Кантип?
Үй-бүлөнү туура пландоо. Болочок ата-эне төрөлө турган ымыркайга сүйүүсүн арнап, моралдык жактан балалуу болууга даяр болушат. Ушундай болсо гана төрөттөн кийин аял депрессия жана стресске кабылбайт. Андан тышкары пландап төрөө эне менен баланын төрөткө чейинки жана төрөттөн кийин каралып-багылуусуна жакшы шарт түзөт.
«Териге-тери» ыкмасы. Төрөт үйлөрүндө колдонулуп келген «териге-тери» ыкмасын колдонуу да аялдын калыбына тез келүүсүнө көмөк көрсөтөт. Бул ыкмада жаңы төрөлгөн ымыркай эненин көкүрөгүнө жаткырылат. Мындай абалда жатканда экөөндө эне-бала катары сезимдер пайда болот да, эненин организминде окситоцин гормону бөлүнүп чыгат. Бул гормон жатындын жыйрылышын тездетип, калыбына ылдам келүүгө жардам берет. Төрөттөн кийин аялдын организминде пролактин гормону бөлүнүп чыгат да, сүттүн пайда болушуна жана эмизип жаткан маалда айыздын убактылуу токтошуна алып келет. Демек, бул гормон ымыркай тороло электе кайрадан бойго бүтүүдөн сактайт.
Гигиена. Калыпка келүүдөгү эң негизги шарт катары аялдын гигиенасы саналат. Чатты тазалап-жууганда жылуу суу жана кара май самынын (дегтярное мыло) гана колдонгон оң. Эгер жыныстык органга кандайдыр бир инфекция кирип кетсе, алсыздык менен табиттин жоголушу келип чыгып, дене табы көтөрүлөт. Мындай учурда сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу керек.
Эмчек кесилбеш үчүн... Ал эми эмчектин үрпү кесилбеш үчүн баланы туура эмизүү шарт. Үрптүн орбитасы (тегерегиндеги кара так) бүт бойдон баланын оозуна салынышы кажет жана эмизүү учурунда аба баланын оозуна кирбеш керек. Эмизип бүткөндө калган сүттү саап, акыркы сүттү үрпкө сыйпап, кургатуу керек. Ал эми ар кандай жумшартуучу мазь жана кремдерди сыйпоону сунуштабайм.
Тамактануу. В, С, А витаминдери жана кальцийге бай тамактарды (жашылча-жемиштерди, сүт азыктарын, малдын таза боорун, балыкты) колдонуу менен денени калыбына келтирүүнү тездетүүгө болот. Башка түркүн тамактарды жегиңиз келсе, анда алар балага терс таасирин тийгизбей турган болушу керек. Андыктан алдын ала дарыгер менен кеңешип алганыңыз туура. Анткени сизге жаккан тамак балаңызды ар кандай аллергияга же ич өткөккө алып келиши ыктымал.
Чачтын түшүшү. Төрөттөн кийин аялдын чачынын түшүшү – табигый көрүнүш. Боюнда бар кезде аялдын организминде эстроген гормону бөлүнүп чыгат. Дал ушул гормондун таасири астында чач бекемделет жана өмүрү узарып турат. Ал эми төрөттөн кийин гормондор өз калыбына келе баштаганда гормондун жардамы менен кармалып турган чачтар түшө баштайт. Мындай көрүнүш 3-6 айга созулушу мүмкүн. Эгер чачтын түшүүсү андан узакка созулуп кетсе, адистерге (трихологго) кайрылуу керек.
Тери жарылганда. Курсактын, төштүн жана жоон сандардын терисинин жарылышын калыбына келтирүү дээрлик мүмкүн эмес. Бирок мунун алдын алууга болот. Мисалы, кош бойлуу кезде атайын тигилген ич кийимдерди (бандаж) кийүү, душка түшүүдө суу менен массаж жасоо жана кадимки өсүмдүк майы менен терини майлап туруу. Жогоруда айтылгандар терини серпилгич кылып, жарылуудан коргойт.
Эгер жарылган терини калыпка келтирем десеңиз, анда атайын косметикалык салондорго кайрылуу зарыл.

ЧОЮЛГАН КУРСАКТЫ КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮЧҮ КӨНҮГҮҮЛӨР

1.Ушундай көнүгүүлөрдү балаңыз менен ойноп отуруп эле жасап койсоңуз болот.
Отургучка отурган бойдон колуңуз созулганча өйдө көтөрүңүз. Андан соң ылдый эңкейип, ичиңизге күч келтирип, кайра ордуңузга отурасыз.












Чалкаңыздан түшүп, тизеңизди чекеңизге тийгизиңиз. Анан таманыңыз жана далыңыз менен жер таянып, белиңизди жогору көтөрүңүз. Муну бир нече ирет кайталоо керек.

2. Эң жөнөкөй жана убакыт талап кылбаган көнүгүү
Дем алганда ичиңизди киргизе тартасыз, ал эми дем чыгарган маалда ичиңизди болушунча сыртка үйлөп чыгарасыз. Мындай көнүгүүнү балаңыз менен сейилдеп жүргөндө же дүкөндө кезек күтүп турганда деле аткара аласыз.

Ар бир эне ардактуу жана ар дайым сулуу болууга укуктуу. Ден соолукта болуңуздар!

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(37)
05.03.2012. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сарымсак эмне ?
05.03.2012. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Basma4bI, чеснок болсо керек
11.03.2012. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Basma4bI, Москвада орусчаны билбеген эки озбек магазинге кирип калып, ЧЕСНОКту корушуп "Орустар дагы чеснокту чеснок дейт экен", - деген экен. Ошого окшоп кыргыз туугандар сарымсак деген эмне дейсинер да!!!
05.03.2012. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сарымсак маскасы бир гана торогон энелерге эле болобу же баарына бирдейби?
13.03.2012. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalman, негизи абдан пайдалуу деп уккам. Менин бир таанышым боюнда жок кезде деле колдонгонун билем.
05.03.2012. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сарымсак деген чеснок болуш керек.
05.03.2012. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мом деген эмне
13.03.2012. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pit001, парофин!
05.03.2012. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sarimsak chesnok mom sham svecha kirgizbaylar
05.03.2012. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дененин жарылылуусунан сакташ учун атайын кош бойлуулар учун крем,мазь,гельдер бар.Дарыканалардан тапса болот,анчалык деле кымбат эмес,жакында эле Россия телеканалдарынын мать и дитя телеберуусунон да кордум.Эгерде атайын кремдерди алууга шарт болбосо кадимка вазелин же баардык эле осумдук майы жардам берет делет анда.
05.03.2012. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенещинерге рахмат!мом деген? кененирээк маалымат берип койгулачы....
05.03.2012. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
разтяжканы загар менен жаап койгон жакшы
же такыр тырык болуп калса пластикалык операция кылса болот

бирок антип не кереги бар
05.03.2012. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mom m-n sarimsak j.b. ushul siyaktuu jonokoy sozdordu tushunbogon kirgizder ayabay jandy keyitet. Silerdin emnener kyrgyz yaaa? Uyat gooo:(
05.03.2012. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Москвада кымбатында арзанында алдым крем от растяжек.бирок баарибир жарылды.Жакшысы вазелинь осумдук майы экен!
05.03.2012. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бир кызым жана бир уулум бар азыр учунчу наристемди кутуп жатам бирок мен тороттон кийин эч нерсе болгон жокмун... чачтарым аз аздан тушо баштады
05.03.2012. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен ! жонокой эле бирок пайдалуу конугуулору жакты!!!
06.03.2012. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен
06.03.2012. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдалуу кенештер экен Рахмат!
06.03.2012. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенештер экен!
06.03.2012. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tyrmak sinbaw uchun momgo chylaw kerek deptir, "Mom" degen emne? bilgender bolso jaza ketingizder sunaram)))
06.03.2012. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салтанат эже мом деген эмне скопканын ичине тушундурмосун жазып койуп журсонуз жакшы болмок.бизге окшогон окурмандарга.алдын ала рахмат.
07.03.2012. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы Мом деген созду тушунбой атам.Тушундурмосун жазып ийесиздерби?
09.03.2012. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мом деген шам свеча орусчасы
10.03.2012. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жок ай мом деген аарынын уясы болсо керек
10.03.2012. 06:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тырмабаса разтяжка болбойт деген туурабы??
10.03.2012. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boyunda bar kezde i4ti tyrmabaw kerek,birok ar kimdin kojasy ar kanday men ozum jakynda torodum rastyajka bolgon jok krem siypagan emesmin.
10.03.2012. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boyunda bar kezde i4ti tyrmabaw kerek,birok ar kimdin kojasy ar kanday men ozum jakynda torodum rastyajka bolgon jok krem siypagan emesmin.
10.03.2012. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мом деген парафин
11.03.2012. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сарымсак емне мом емне деп тим еле кыйраткансып.... чокун емне
11.03.2012. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тырыкта калган сон андан арылуунун жолу барбы?
13.03.2012. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakulia1989, тырыкты алдын алыш керек деп турат го. Же болбосо кетпей калат экен. анан пластика кылууга туура келет экен.
12.03.2012. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдалуу кенештер экен
07.04.2012. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бадам деген эмне?
28.03.2015. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен рахмаат мага чачка кам коруу жонундогусу кобураак жакты
15.04.2015. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз тилине жакшы тушунбогондор озунор тушунгон тилдеги кенештерди издеп таап окугулачы мом сарымсак бадам а мумкун чач бет тырмак деген создорду да 1-жолу угуп жаткандырсынар.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо