Алмазбек Атамбаев: «ООБА, КИЧИНЕКЕЙ ӨЛКӨБҮЗ, БИРОК НАМЫСТУУБУЗ»

№487 2-март - 8-март, 2012-ж.

Орусияга багытталган "бизге "май токочтун" кереги жок, "камчыдан" да коркпойбуз" деген атамбаевдин жообу учкул сөзгө айланчудай. Акаев менен Бакиев орусиянын сөзүн эки кылбай жүгүнүп туруудан тайышчу эмес эле. минтип айтуу менен алмазбек мырза көпчүлүккө күтүүсүз "сюрприз", бирок 20 жылдан бери кыргыз эли күтүп жүргөн кадамды жасады...

Президент Алмазбек Атамбаевдин "Эхо Москвы" радиостанциясы менен "Коммерсантъ" басылмасына берген маектериндеги урунттуу учурлар:

“Кыргызнефти” ААКсын эртең да сатканга даярбыз. Бирок бул орусиялыктарга анча керек эместей көрүнөт. Андыктан силерге зарылбы же жокпу, аныктап алсаңар. Бардыгын кыргыздарга шылтаган болбойт. Биз сөзгө бекпиз”.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи боюнча макулдашууга кол коюлса да, макулдашуунун шарттары орусиялыктар тарабынан аткарылбай келет. Убада кылынган 2 миллиард доллар долбоорго которулган эмес”.
Орусия “Кант” авиабазасы үчүн төрт жылдан бери 15 миллион долларга жакын ижара акысын төлөбөптүр. Былтыркы жылы Орусиядан алган карызыбыздын үстөк пайыздарына эле 15 миллион долларды убагында төлөдүк. Дмитрий Медведев карызды укканда шок болду. Менин көзүмчө Коргоо министрине чалып, "он күндүн ичинде төлөгүлө" деп айтты. Орусия "Кант" авиабазасы боюнча ижара акысын төлөбөгөндөн бир катар милдеттерин да аткарбаган”.
“Канттагы авиабаза беш жылдан бери эч бир иш жасаган жок. Ал эмне менен алек? 2010-жылдагы Ош окуясынын учурунда орусиялык учактар аймакты айланып бир учуп койдубу?”
“Америкалыктар "2014-жылы "Манас" аэропортундагы база жабылат" дегенге көпкө чейин ишене албай жүрүштү. Алар Атамбаев өзү үчүн акча сурап жатат деп ойлоду. Жарандык аэропортто аскердик база болбошу керек. Мунун принципиалдык чечим экенин АКШ акыры түшүндү”.
“Мен Путинден эч кандай кредит, грант сураган жокмун. Кыргызстан эми башка өлкө. Ал кимдир бирөөдөн акча сурап, мындан ары тилемчилик кылбайт. ЕврАзЭШте убада кылынган 106 миллион доллар каражат былтыркы жылы эле берилиши керек болчу. Бирок берилбеди. Сүткө оозубуз күйүп, быйылкы жылы бюджетке кошподук, биз аны сурабайбыз дагы”.
“Эгерде Бабанов коррупцияга аралашса, ал жоопко тартылат. Мындан кабардар. Мен түз кишимин. Эч ким мага Бабановго "жакшы бар" дегенге тоскоолдук кыла албайт”.
“Мени эле алгыла, Москвада окудум, атам Орусияны коргойм деп согушкан. Анан кайсы бир москвалык келип кыргызды шылдыңдаса, мен ага 1941-жылы Москваны Фрунзе шаарынан аттанып чыккан Панфиловдун дивизиясы сактап калганын айткым келет”.
“Мурунку кыргыз президенттери керек болсо башына кашык менен урса да үн катышчу эмес”.
“Ооба, кичинекей өлкөбүз, бирок намыстуубуз. Кыргызстан "камчыдан" коркпойт, "май токочторго" да муктаж эмеспиз. Өзүбүздү бага алабыз. Керек болсо Орусияга да жардам бере турган күн келет”.

Атамбаевдин Москвага сапары Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы бир окуяны эске салды. Анда Атакул бек Генерал-адъютант фон Кауфманга келип, Исхак хандын сөзүн жеткирген жери бар:

“...Атакул батынып сүйлөй баштады:
– Жаман ой албагыла, улук төрөм, менде эч кеп жок. Исхак кеп салат, эгерде улуу-урматтуу төрө жарымпаша макул болсо, жүз көрүшсөм дейт, орус менен ата-бала бололу дейт... Ушинтет... Менде эч кеп жок. Чыны ушул киши Исхак Кудаярга, Кудаярдын тукумуна гана эрегишип чыккан адам. Кудай акы, Исхак элге тынч хан болот, ошон үчүн артынан эл ээрчип жүрбөйбү, Кудаярдан алда канча жакшы хан болот...
Атакулдун эки көзүнүн тегереги тердеп, тамагы какшып, "эми жарымпаша эмне дейт экен?" деп өзөгү карайып, жал-жал тиктеп, өзүнөн-өзү күнөөлүү болуп отуруп калды.
Фон Кауфман эрдин бек кымтып, иреңи былк этпей, томсоруп көпкө тиктеп калды.
– Г-м?.. Ууру качан болсо ууру бойдон калат! Оозуна Исхагы кайра кирип калган турбайбы. Кудаярдан жакшы хан болот?.. Хи, биз силерди жакшы хандуу болсун деп келип отурган экенбиз го?!- деди ичинен...”


ЧЫНДЫК АЧУУ БОЛОТ
Алмазбек мырзанын бул жоопторун окуган соң аксакалдар "ап, бали, бар экенсиң го", жоон топ орто курактагы эркектер "мындай сөздү канчадан бери күтүп жүрдүк эле", ал эми кыл муруттуу жигиттер "бул сөздөн кийин мекенибиз үчүн жаныбызды садагага чабууга даярбыз" деп көкүрөк кагып алары анык. Кыргыздар азыр Кремлдин тегерегин шыпырып жүрсө да, намысы бийик эл экенин, кыргыз мамлекети өзүн-өзү бутка тургуза аларын эскертти ажо.
Жыйырма жыл. Башкаларга тең ата болуп сүйлөй ала турган журт башын сагыныптырбыз. "Америкаңды да, Орусияңды да уруп ойнобойм. Мага кыргыз жеримдин тынчтыгы, элимдин амандыгы улук" деген киши да табылат турбайбы!
Аскар Акаевдин Москвадан түнөк таап, Курманбек Бакиев Путинге жагына жашыл долларларга "Манас" аэропортундагы базаны бычканын эстесек... Атамбаевдин сөзүн Кремль ич күйдүлүк жана чычалоо менен кабыл алгандыр. Чыркыраган чындык ачуу болсо да, баарынан кымбат эмеспи...
"Сөздү убагында айтпаса, сөз атасы өлөт" дейт. Алмазбек мырзанын бул сөздөрүн жакынкы алты жылга белгиленген багыт, жол картасы жана шам чырак деп атоого жарашат. Ушунусунан тайбаса же ажонун айланасына чогула калып пайдасын көрүүгө каныккан "чөөлөр" жаза басып чалып салбаса, өзү айткандай, Кыргызстандын деле бирөөгө жардам берчү күнү алыс эмес...

Айбек Нурадилов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
05.03.2012. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бали. Азамат экен ажобуз... Ооба биз намыстуу калкпыз. 20 жылдан бери эчким мындай денгээлде эч бир мамилекет башчыга Кыргызстандын ачык максатын, талабын айта алган эмес...
05.03.2012. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хе! анда неге орусия кант авиябазасына карыз эмеспиз, достордун арасынан душман издебей олкосундогу жакырчылыкты жоюну ойлосун, аныктап тактап анан карызсын деп айтпайбы-деп 20чакты маалымат булактарына айтты
05.03.2012. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондой эле болсун бул жактагы орустар силердин ажоонор бизден карыз сурап келиптир деп жатышты эле жанагы Наташа,Оляга окутуп койуш керек экен Манас атабыздын эстелигин ачыптыр бул дагы жакшы нерсе
05.03.2012. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик!
05.03.2012. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орус телеканалдарынын биринен Кыргызстан-Орусияга дос эмеспи?(Киргизия Росии не товарищ?)деген узакка созулган форум болду.Алып баруучу Атамбаевдин айткандарын орусиядан жүз буруу деп эсептеп,Кыргызстанга биз акча бербесек,ким берет?Кытай жөн эле жардам бере бербейт-акысына көп талаптарды койот деди.Анан атамбаевдин 1-расмий иш сапарынын Орусияга эмес Түркияга болгонун да катуу сындашты....
06.03.2012. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bostars, Буга чейинки ажолор көндүрүп коюшкан да, биринчи иш сапарын Орусиядан баштап, кашыгына башын тосуп берип. Орусия Кыргызстандын теңата сүйлөгөнүн көтөрө албай чычалап жатат.
06.03.2012. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bostars, кайсы каналдан болду?
06.03.2012. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"айтылган соз-атылан ок" дейт эми королучу оозунан чыккан создорго турабы же....
07.03.2012. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Креслодо отуруп суйлоп коюуш баарынын колунан келет,тилде соок жок, Атамбаев алып кетсинчи биринчи орусиядагы кыргыздарды жумуш таап берип татыктуу.
07.03.2012. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fute22, молодец эн туура айтасын
07.03.2012. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тура айтасынар, бирок деген жери барда а убагында Атамбаев мундан 7жыл мурун окмот башчысы болуп иштеген эл баарын билет айткан созго барекелди дебей турсак жакшы болмок биринчи аткарсын анан мактайлы.
07.03.2012. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтып алып жасай албай калгыча , жасап туруп айткан жакшы го . Эмнеси болсо да "ок" атылды . Эми орустардан жооп кутуп туралычы ...
07.03.2012. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Likvidator, Оруся барибир жооп кайтарат жон койбосо керек кыргызстандын экономикасына белгилуу бир убакыт сокку урушу мумкун!!!
07.03.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
assalam aleikum tuugandar,emnesi bolco da biz prezidentibizge iwenip, koldowubuz kerek.andan bawka jolubuz kalbady okwoit.prezidentibiz uwintip tursa biz jon tura albaibyz.bizge uwundai ajoo kerek azyr,bawkasy jarabait. ATAMBAEV ALGA!
07.03.2012. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иш жузундо корсот ишенем
07.03.2012. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буга 98% ишенбеймин ушу атамбаевке
07.03.2012. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cозго буга чейинки эле Эл башчылары ырдап келишкен. Бирок айтылган создорду аткарбай эле качып кетип атышпайбы?
Ушул жери начар.Бизде аткарыш керек болуп калды. Суйлошту кийиниреек болсо .....
07.03.2012. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emnege kyrgyz erkekter problema bolso ele kachyp ketishet,kolunda bary da kolunda joguu da? Birok kyrgyz elim menen syimyktanam,Lap dep suilop koiobuz,lap dep Revoluzija jasap koiobuz jakpasa.Kyrgyz bashchylary ketse emi zivilizovanno ketishet dep oiloim revoluziasyz.Kyrgyz demokratiasyna ishenem,Kyrgyzdar asamattar osobenno ajalzaty
07.03.2012. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы айтыптыр, бул созду эчким эч качан айткан эмес жана аны да орусяда журуп айтыптыр ,
08.03.2012. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президентибиздин бул созу ишенимдуу айтылды. Себеби келечекти Орусия, АКШ жана Кытай ондуу ири державалар менен эмес, тилибиз, дилибиз тектеш жана ислам динин тутунган мамлекеттер менен кызматташуу кутулуудо. Андыктан атамбаевди боктогондун ордуна колдоо корсотушубуз керек. Жанындагы саясатчыга окшогон соройлорду тазалоого жардам кылуу зарыл. Болбосо бийликке жетпей калган ич куптусу бар чириктер митинг, пикеттерин уюштуруп Кыргызстанды онуктурууго тоскоол боло беришет. Алга КЫРГЫЗСТАНЫМ!!!
08.03.2012. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubanychbekkagan, +100% Эн туура айтылган.
08.03.2012. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар ушундайбыз да чукуп эле турабыз. Атамбаев барып башкача суйлошсо анда кошоматчы акча сурап журот Путинге жагынып журот дешмек а минтип тен ата суйлошуп келсе да жакпайт. Ич куйдуулуктон качан арылабыз деги.
09.03.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок копчулугуно жагыптыр да
09.03.2012. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев очсунчу
09.03.2012. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мышык майга жетпей "сасык" дептир! Колунан эч нерсе келбей эле, айланабы мындай соз айтып, Путин беш колдой билет баарын, карап турат, дагын бир ажо алмашып, митинг, уруш боло берсе орусча айтканда "неспособная страна"-деп туруп озуно кошуп алса, "ошондо эмне болот?"-деген суроого ким жооп берет?
12.03.2012. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suli-krsk, "ошондо эмне болот?"-деген суроого ким жооп берет?
Анда отура беришибиз керек дейсинби оюна келгенин жасаган орустун оозунан эмне соз чыгат деп?
"Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз өстүргөн сени, мени"- деп Байдылда атабыз айткандай биз намыстуу болушубуз керек. Акчанын козун карап журо берсек, куйоом эмне дейт болду экен деген арабдын аялынан айы
13.03.2012. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атамбаев айтты демек илгери умут бар.алга кыргызстан!!!!
14.03.2012. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун кызыкчылыгын коргой алган олко гана онуго алат. Россия деле Путин келгенден кийин киши болду, ага чейин батышты карап жургон. Биз деле киши болобуз, потенциал бар. Атамбаев азамат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо