БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР

№487 2-март - 8-март, 2012-ж.

1 МИЛЛИОН 368 БЮДЖЕТ КЫЗМАТКЕРИ БАР...

  • Учурда Кыргызстанда 21 мектептин директорлору жана мугалимдерине карата мыйзамсыз түрдө акча алуу боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу башкы прокурордун биринчи орун басары Нурланбек Жээналиев билдирди.
  • 3 жылдын аралыгында сатуудан алынуучу салыктын жоюлушу мүмкүн экенин Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев маалымдады.
  • “Түндүк электр” ААКсынын жогорку кызматты ээлеген кызматкери козголгон кылмыш иши боюнча иликтөөлөрдү токтотуу үчүн милиция кызматкерине 15 миң доллар пара берүү учурунда кармалды.
  • “Кыргызстан көп улуттуу өлкө болгондуктан, башка улуттун өкүлдөрүнүн кыргыз тилин үйрөнүшүнө мамлекеттен тышкары эл аралык уюмдар да колдоо көрсөтөт”,- дейт депутат Роза Акназарова.

  • Жогорку Кеңеш 2012-жылга карата бюджет долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Ага ылайык, быйыл бюджет кирешеси
    78 миллиард 964 миллион сом болсо, чыгаша
    95 миллиард 380 миллион сом чегинде белгиленген. Бюджет тартыштыгы 16 миллиард 415 миллион сомго жетет.
  • “Депутаттар улам колдоп жатып Кыргызстанда 12,5 миллиард сомдук курулуш башталып, көбү акырына чыкпай калган. Ошондуктан быйыл бир да жаңы мектептин курулушу каралган жок”,- дейт Каржы министри Акылбек Жапаров.
  • Кыргызстанда 2 миллион адам эмгекке жарамдуу деп эсептелсе, анын 1 миллион 368и бюджет кызматкерлери экендигин Акылбек Жапаров билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
07.03.2012. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин Талас облусу Бакай-Ата айылында дагы коррупция болуп жатат.Окмотто тизмеси жок "Охраник" тер элден акча алышып жатат, аны мугалимдер окуучулардан ата-эненерден ай сайын 15 сомдон алып келгиле деп айтат. Ар бир баладан 15 сомдон алышат. Ошого богот койуп берсениздер экен. Анысы аз келгенсип ремонтуна дагы 100сомдон жыл сайын алышат. Ал да аз болгонсуп ар бир майрамдарда мисалы:Алиппе майрамында, жаны жылда, мугалимдердин майрамында 8-мартта, ж/а башка майрамдарда ата-энелерден белек алышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо