РОЗА ОТУНБАЕВАНЫН УУЛУ ҮЧҮН МАНАСТЫН ЭСТЕЛИГИ ЖӨН ГАНА ТЕМИРДИН БИР КЕСЕГИ...

№488 9-март - 15-март, 2012-ж.

Роза Отунбаеваны кыргыздын башын бириктирип, намыс үчүн, илгертен келе жаткан салт үчүн өз баласын өлүмгө тике кароого буюрган Курманжан даткага теңеп келебиз. "Өлкө оор абалда турганда баш болду, журт энеси болду, татыктуу башкара алды" деген мактоого татып келген Роза айымдын жалгыз уулу Атай Садыбакасовдун бир билдирүүсү кейишке салбай койгон жок.
Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын баш калаасында Манастын эстелигин ачып келбедиби. Роза айымдын уулу Атай ошол иш-чара тууралуу өз пикирин жазыптыр, интернетте социалдык тармактагы баракчасына. Атай мырзанын пикиринен кыскача үзүндү келтирсек:
Президент Манастын кезектеги эстелигин Москвада ачты. Ал 80 миллион сомду, башкача айтканда,
1 миллион 739 миң долларды чапчыды.
Орусиялыктарга каяктагы жомоктун баатырына бир жарым миллион доллар коротуунун эмне кереги бар? Бирок бул алардын акчасы дечи, мага десе өрттөп салбайбы, акчаларын.
Мага түшүнүксүз болуп жаткан жери, биз менен силердин акчаңардан 370 миң долларды, кайдагы темирди (Манастын эстелигин айтып жаткандагысы!) башка өлкөнүн кайдагы бир көчөсүнө коюу үчүн сарптоонун кереги бар беле? (Билишибизче, эстеликти жасап, тургузууга мамлекеттин казынасынан акча коротулбаган. Атамбаев, Бабанов баштаган чоңдордун акчасынан жасалган).
Депутаттар мамлекеттин 10 литр бензини үчүн биринин этин бири жешет, 100 доллардык айлыгы бар мамкызматкерлерди кыскартып жатышат. Анан эле миллион доллардын үчтөн бир бөлүгүн түзгөн акчаны каяктагы темирге (!), болгондо да мекенден 3 миң чакырым алыска жайгаштырууга коротушат...”
Экс-ажонун уулу, “башка өлкөгө темирдин бир кесегин ушунча акча коротуп койгондон көрө, ал акчаны өз өлкөбүздөгү маселелерди чечүүгө коротушпайбы” деген мааниде учурдагы ажону сынга алыптыр. Анын “өлкөбүздөгү маселелер чечилбей жатат” деп күйүп-бышканына ыраазы эле болдук дечи, бирок анын бүткүл кыргыз журту туу туткан Манасты темирдин бир кесегине теңегени таң калтырбай койгон жок.
Роза Исаковна Союз кезинде, кийин эгемендүү Кыргызстандын атынан көптөгөн чет өлкөлөрдө иштеп жүрдү. Албетте, мунун артынан уулу Атайга илим-билимдин очогу болгон өлкөлөрдөн билим алууга шарт түзүлдү. Кыргыздын канчалаган таланттуу, зирек, жигердүү жаштарынын көзү чачырап жетпей жүргөн жерлерде билим алды, жашады, тарбияланды. Ошентип жүрүп жан дүйнөсү эли үчүн маанилүү болгон руханий баалуулуктардан куру калган өңдүү. Атайдын мындай билдирүүсүн окуп, Чыңгыз Айтматовдун маңкурт тууралуу баяны эске кылт дей түшөт. Курсактын камы, экономика деген маселелер, албетте, алдыңкы орунда. Бирок жан дүйнө, руханий баалуулуктарды сызып салууга болбойт да. Алмаз Атамбаевдин: “Кыргыздын өнүгүп кетишине төрт гана нерсе катуу тоскоол жаратып келет: коррупция, улутчулдук, жердешчилдик, анан маңкурттук”,- деп бир кейигенин уктум эле. Бекеринен чыкпайт да мындай кейиштер.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(34)
12.03.2012. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Манас албетте биздин сыймыгыбыз, бирок Атайдын айтканы, канчалаган кыргызстандагы иштер аткарылбай жатканыга ал куйуп айтып жатат да. Атайдын бир чети туура айткан.
12.03.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул бала да саясатчы болуп кеткенби? Бул озу ким болуп иштейт? Эмнегедир суйлогону жаккан жок, акылдуусынып. Эмнеси болсо да темир жерде жаткан чирик темир эмес да, улуу адамдын элеси чагылдырылган ыйык айкел го. Жинин эстеликке соз тийгизбей чыгарса болмок. Озу Аткаминерлер оздору Манас ким болгон ошону билишеринен кумонум бар. "Манас, Манас" деп эле жерден алып корго тыгып атышат да. Бизде кандайдыр бир урматтоо, ыйык тутуу сезимдери жок болуп бара жаткансыйт да.
12.03.2012. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мени окундургону баатырдын элесин озундой бербестен, кичирейтип, эмнегедир балачагындай кылып тургузганы болуп жатат. Ушуну менен экинчи жолу улуу адамдын айкелинде орой кемчиликтер кетирилди.
12.03.2012. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Манас атабыздын эстелигин Россияга тургузгандыгын мен деле жактырбайм. Ал эстелик бизге МАНАС болуп корунсо, орустарга темир болуп корунот. Атай просто кичине башкача тушундуруп алса керек ушул жерин. эстелик мага жаккан жок, аны жасаган скульптор ат имип корбосо керек же ал не стандартный киши окшойт. Манастын бутту кыска болуп калыптыр. Аттын курсагынан ылдыйраак кылыш керек болчу.
12.03.2012. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tuptuura ele aytilgan soz... oshol ele akchaga koptogon paydaluu nerselerdi buturso bolmok.. kanchalagan mektepter remonttolup,jany kitepter basylyp chyksa bolmok.. mektepterde kitepter jetishsiz,joldorubuz taar,svetter ochot,alardyn jabdyktaryna jaramak.. kalp ele kokurok kagyp Manas degen menen kursak toyboyt..elge paydasi tiye turgan koptogon nerseler buturso bolmok al akchaga..."temir" dep tuptuura aytkan.. paydasi jok temir
12.03.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улуттук баатырдын эстелиги дуйнодогу ири державалардын биринде турса жакшы да, бизде деле орус тайкелердин эстеликтери кочолордо тизилип турат го.
12.03.2012. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
манастын эстелегин москвага койгону жакшы эле болуптур.эстелике орустар оорун бербей койсо болмок бирок беришти кыргыздарды сыйлап.башка улуттар ушул ишти аткарып корушсунчу.
12.03.2012. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 миллионго Манас атабыздын айкелин Москвага курбай эле Ош шаарынын Алай жактан барган кире беришине орнотсо болмок башка улуттагы туугандарга эскертуу белгиси катары!
13.03.2012. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мейли Роза эжебиз жакшы иштеп берди. Ал эми Атайчы? Казинодон башы чыкпаса ошо да....
13.03.2012. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Манас тууралу фильм тартыш керек, ошондо дуйного таанылат. А канчалык эстелик тургузба аны баары корбойт.
13.03.2012. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен мисалы Атайдын позициясын колдойм. Туура да! Баш оогон жерге темир-тезекти кескилеп эле, жер-суунун баарына Манас атабыз деп какшана бергенибиз эч токтободу. Акчабыз сапырылып жатса бир жөн. Анчалык эле 1,5 миллион доллар казынаны кытыгылап жатса, жок дегенде 1 балдар үйүнүн же карылар үйүнүн пайдасына жумшаса болмок. Жинди чокмор жыят болуп эстеликтердин санын көбөйтпөй.
13.03.2012. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Роза Исаковнанын уулун саясатка аралашпагандыгы үчүн терең урматтачумун. Бирок бул сөздөрү көңүлүн ирээнжитет. Бул анын кыргыз элинин руханий байлыктарына шек келтиргени, адамдык баалуулуктарды сыйлабагандыгы. Манас-бул жөн гана жомок болгон күндө дагы аяр мамиле кылып, сыйлашыбыз, сыймыктанышыбыз зарыл. Жөн жерден Кытайлыктар "Манас" эпосун биздики деп талашпаган.
13.03.2012. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дүйнөгө белгилүү "Илиада", "Одиссея" эпосторунан кем калбаган "Манас" эпосун, Манас баатырды туу тутуу ар бир кыргыздын парзы.
13.03.2012. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атай Атай деп койсо эле тайрандап кеттин окшойт...
Сен кимсинда Манас дастанын жоон эле жомок дейсин...Сага Жомок деп айтууга Роза апан Уруксат берди би..Эч ким жомок деп айта албай..Манас жашап келген жашай берген КЫРГЫЗ дастаны...
Ал эми канча акча коротконун- кайда Эмне учун койгонун Апандан суура Ал кезде Призидент эле..Айтпайт белен ой АПА койгула эл кыйналып жатат ал акчаны элге коротолу деп.Ширин менен кагаз таратпай.Жоо кеткенден кылычынды бооко сай АТАЙЧИК
13.03.2012. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул дагы аз, казакстанга кытайга,узбекстанга да койуу керек!!!бул биздин сыймык, дагы да кутобуз!! алга кыргыз алга
13.03.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Илиада", "Одиссея"жазылган кундон бери ошол бойдон турат.Ал эми Манас кундон кунгу кобойуп 1млн саптан ашып кеттии .Атайчик ..сен бир аз китеп окуу.ЕВропада осконун менен сен Кыргыздын Манасын жоомок дегенин Акылдын тайкылыгы.
Сен КЫРГЫЗ бол..... Киргиз болбой...
13.03.2012. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чонураак кылып жасаса болмок жаш балага эшек мингизип койгондой болуп калган а оштогу эстелик нак манасты элестетет сурдуу болуп
13.03.2012. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул иш аракетти эң туура деп балайт элем. Манасты кыргыздардан башка чет жакта эч ким билбейт...Ал эми гректердин Одиссеясын ким гана билбейт... Бүткүл дүйнө билет. Бул да болсо кыргыздын жүзүн, анын баатырлыгын, рухун, духун, башка элдерге таанытуу...
13.03.2012. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда жазышыптыр андан көрө балдар үйлөрүнө сарптаса туура болмок деп.Мени өзгөчө кыздар жазганы таң калтырбайт, келечектеги энелер мындай ойлогону албетте жакшы.Бирок мен ойлойм бул иш аракет кичине болсо Орус элдеринин кыргыздарга болгон мамилесин өзгөртүү менен көптөгөн пайдаларды алып келет деп
14.03.2012. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура
14.03.2012. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эстеликти курдуруш учун мамлекеттен бир тыйын корогон жок, эмнеге башка жерге эстеликтин кереги жок болчу? Абдан керек бул биз учун сыймык Москвада канчалаган кыргыздар эмгектенип, балдарын ошо жактан тарбиялап журушот алар Кыргызстанга келе албаса да балдарын ээрчитип барып турушат да.
16.03.2012. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ханбийке, Эн туура копчулук эмгектенип жургон Кыргыздар учун жакшы эле болду. Бирок бир аз окшошпой калган. Ошентсе да мейли. Ушул нерсени да жасашыптыр да Кыргыздар.
14.03.2012. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Атай мырзанын, темир деп кесе айтканы болбосо башка айтканына кошулам, элибиз жакырчылыкта жашап жатса, жолдорубуздун кебетесин карагыла, турак жайсыз адамдар, карылар уйу, балдар уйлоруно жумшаса кобуроок пайда болмок...
14.03.2012. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче Атамбаевдики туура деп ойлойм. Бул эки олкону докстука чакыруу деп ойлойм. А Атайда кымындай деле акыл жок экен. Себеби Манас атабызды темирге тенеп койду. Мумкун Роза апасына кийин эстелик койулуп калса, аны дагы темир атайбызбы? Я Атай?
16.03.2012. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuugandar,bul nerse tuura ele boldu.Atambaevdi koldoym Manastin esteligin Moskvaga koydurganina.Biz Moskvadagilar ayabay siymiktandik,emne degende Manasti taanibagan chet eldikter taanidi jana bul nerse eki eldin birimdigin saktoo dep bilem.Oozuna ali kelbegender dooduroy bersin.
16.03.2012. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне кереги бар жок жерден талашып, анда коро сыймыктанбайсынарбы чет олкодо манас атабыздын эстелигин турганга!Эми европага да бир эстелик орнотуш керек....
17.03.2012. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай ЭҢ ТУУРА сөздү айткан. Эстелик менен эч нерсени чечпейсиң. Ошол темирге акча короп жатканда Кыргызстанда бир бөйрөгүнө коротулчу акчадан көзү өткөн, жүрөгүнүн оорусун кетирчү операцияга каражат таба албай мүңкүрөгөн жарандар.. гана Атайдын сөзүн тушүнбөсө.. ал эми бүгүн курсагы ток, кийими бүтун "мен - патриотмун"
17.03.2012. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
деген КУРУ СӨЗДҮ ооздун жели менен кошо сыртка айдап чыгуунун оор-жеңилдигин ошондой абал башына түшкөндө эле түшүнбөсө..
17.03.2012. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан калыштуу... Бал ким бул кишиники да оз учурунда туурадыр бирок ушул кундо туура эмес айтып жатат.Манас Кыргыз элинин бирден бир тарыхы.Мисалы Пирамидалар Египеттин тарыхынын далили сыяктуу.Эгер эстеликтти же болбсо Эпостту тушурууго кеткен каражатты эсептесек анда чындап эле Манкуртизимдике баратбызбы деп ойлоп кетем.Атамбаевдин ушул созун угуп алып жаман жиним келген эле.оз элин манкуртка тенеп жатат деп корсо чын эле ошондойлорубуз бар окшойт арабызда
17.03.2012. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу деги бул эстелик кандай максатта коюлган.?Кыргыздар оруссяга барып турсун дегениби?Мага жаккан жок бул корсоткон эрдиги.Андан коро биздин ТАЛАСТА аыйлдын аттары орусча ат менен аталып турат.Бишкекте гилейген 4 район орусча аталып турат эмне президент мындай нерселерди корбойбу??
18.03.2012. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай пикириңди элге чыгараардан алдында энең менен кеңешип көрсөн болмок. (эмкиден кийин ошондой кылчы Атай) Антесең сени маңкуртка теңеп атышат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо