БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР

№488 9-март - 15-март, 2012-ж.

БАҢГИСООДАГЕРЛЕРГЕ ПОГОНЧОНДОР ДА КЫЗМАТ КЫЛЫШАТ...

  • ОРУСИЯ КОРГОО МИНИСТРЛИГИ Кыргызстандын аймагында жайгаштырылган орусиялык аскер объектилердин ижара акысы үчүн 15 миллион 466 миң 238 доллар которду.
  • “Жогорку Кеңеште кабыл алынган мыйзамдын аткарылышын азыркыдай 1 жылда эмес, 6 айдан кийин текшерүү керек”,- дейт ЖКнын ДЕПУТАТЫ КУРМАНТАЙ АБДИЕВ.
  • Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп келген АБДИЛ СЕГИЗБАЕВ 2-март күнү аталган жумушу менен катар Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды.
  • “Кыргызстан көгүлтүр отун үчүн Казакстанга болгон 7 миллион сомдук карызын төлөбөсө, казак тарап биздин өлкөгө газ берүүнү токтоторун билдирди”,- дейт ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРИ АСКАР ШАДИЕВ.
  • “Баңгизатын сатуучулар үчүн погончондор да кызмат кылышат, тагыраак айтсак, биздин эле кызматкерлер”,- деди БАҢГИЗАТЫН КӨЗӨМӨЛДӨӨ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН ТӨРАГАСЫ ВИТАЛИЙ ОРОЗАЛИЕВ.
  • 2007-жылы жаңгак токоюн кыюуга 5 жылдык мораторий киргизилип, учурда анын мөөнөтү аяктаганын жана тыюу салууну дагы 5 жылга узартуу керек экенин депутат ТАЛАНТБЕК УЗАКБАЕВ билдирди.
  • Мектеп рэкетин кыскартуу үчүн рэкетчилик кылган балдардын ата-энелерине айып салуу керектигин ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИ ЗАРЫЛБЕК РЫСАЛИЕВ маалымдады.
  • Орусиянын инвесторлору Кыргызстанда тигүү фабрикаларын иштетүүгө кызыкдар экенин «Мадина» соода комплексинин ээси, ДЕПУТАТ ТУРСУНТАЙ САЛИМОВ айтты.
  • ИИМдин 60% кызматтык унаасы начар абалда болгондуктан, алар өкмөттөн 100 кызматтык унаа сурап, аларды GPS МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУНУ пландаштырып жатат.
  • НАРЫН ОБЛУСУНУН КОЧКОР РАЙОНУНДА ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен шамал болуп, “Соң-Көл” соода борборунун 200 даана шифер менен рейкаларын, ал эми Ишеналы Арабаев атындагы орто мектептин 6 шиферин алып кеткен.
  • 22 жаштагы кыргыз жараны АЛИНА РАСТУЛБЕКОВАНЫН төрөтүн Москва шаарынын метросунда кабыл алып, баласын аман сактап калган метро кызматкери Татьяна Бубнованы Орусиянын ИИМи куттуктады.
  • “Бизде бийликтеги коррупция тууралуу фактылар көп. Баарын чыгарабыз. Антпесек, мамлекет жок болуп кетүү коркунучунда турат”,- дейт ДЕПУТАТ КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ.
  • 2010-жылдын Июнь окуяларына экстремисттик-диний уюмдардын тиешеси болушу мүмкүн экенин КЫРГЫЗСТАНДЫН МУФТИЙИ ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо