«ПАРА АЛГАНДЫ ЭЛЕ ЭМЕС, БЕРГЕНДИ ДА ЖООПКО ТАРТЫШ КЕРЕК»

№488 9-март - 15-март, 2012-ж.

“Пара алган” деп айыпталып, 2012-жылдын февраль айында кылмыш иши козголгон Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Оморбай Нарбековдун ден соолугу начар. Ошондуктан эч кандай көрсөтмө бере албайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги отурумда башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев билдирди. Эске салсак, У.А. аттуу жаран анын үстүнөн арыз жазып, бул боюнча чара көрүү тууралуу кайрылган. Арызда Нарбеков аталган адамды Ысык-Көлдөгү стоматологиялык ооруканага башкы врач кылып дайындоо үчүн 4000 доллар акча алып, бирок бул ишти аткара албай калган. Акчанын 2300 долларын кайра ээсине кайтарып берген.
Депутат Исмаил Исаков пара берген жаранды да кылмыш жообуна тартуу керектигин белгиледи. “Биз азыр "пара алды" деп Нарбековду гана каралап жатабыз. Бирок кызматты пара берип сатып алууну көздөгөн жаран да жоопко тартылышы керек. Нарбековдун жаш курагын, жасаган эмгегин эске алган жокпуз. Үч күн бою телекөрсөтүүдөн байма-бай берип жатып, анын ден соолугуна залакасы тийди. Натыйжада, ал оор абалда ооруканада жатат”,- деди.
ЖКнын тиешелүү комитети бул кылмыш иши боюнча тергөө аяктаганга чейин кийлигишпей туруу чечимин кабыл алды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
12.03.2012. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
денсоолугу начар болсо эмне экен. Акчаны алып жатканда денсоолугу соп-соонун, анан жоопко келгенде эле ооруп калганын тим эле. Алганы чын болсо, алганды да, бергенди да соттош керек. Бирок бергенди да дейин десен, анда студенттердин 90%, айдоочулардын 99% соттолот.
12.03.2012. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пара деген нерсе накта балекет болду го.
13.03.2012. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойлонбой иш кылсан оорубай олосун!!
14.03.2012. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх бирок жаман кылып атышат пара менен кармашып баарын,кээ бирлерин атайын"подстава" кылып атышат окшойт...ордуна башка бироолорду коюп
14.03.2012. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр бир жумушунду бутуруш учун же таанышын болуш керек, же болбосо, чонтогун калын болуш керек. Таанышын жок, акчан жок болсо акырын эле оло бер. Туура кылышат, "бергенин да, алганын да жоопко тартыш керек".
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо