«XXI КЫЛЫМДЫН КАДРЛАРЫ» КАЙДА ЖҮРҮШӨТ?

№489 16-март - 22-март, 2012-ж.

Аскар Акаевдин тушунда, 1995-жылы дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында билим алууга шарт түзгөн “XXI кылымдын кадрлары” мамлекеттик программасы иштей баштаган. Ал программанын чегинде бир топ кыргыз студенттери Кытай, Индия, Германия, АКШ, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына окууга, билимин жогорулатууга жөнөтүлүп турган. Мамлекеттер аралык келишимдин негизинде билим алууга мүмкүнчүлүк алган ал кадрлар азыр кайда?
Программа Президенттик аппарат тарабынан ишке ашырылып келгендиктен, биз Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү, илим жана маданият иштери боюнча комиссиянын катчылыгына байланышка чыктык.
"Иштей баштагандан тартып канча адам бул программа боюнча билим алышты?",
"Ал кадрлар Кыргызстанга кайтып келип, мамлекетке пайдасын тийгизиштиби?",
"Бул программага билимдүү, татыктуу, чет мамлекетте окусам деген студенттердин баары эле өтө алабы же Президенттик аппаратта таанышы бар, министр атасы же таякеси барлар гана өтөбү?",
"Деги ал программа боюнча билим алган жаштар кимдер, тизмеси барбы?.."
Ооба, суроолорубуз өтө көп болчу. Бирок 7-апрелдеги баш аламандыкта Ак үй талкаланганда бул комиссиянын маалыматтары да бүтүндөй жоголуп, тазаланып кетиптир. Кудум Баш прокуратура өрттөнүп, андагы иликтөөдө жүргөн далай документтер, маалыматтар күлгө айланган сымал. “Күмөндүү иштери болгону үчүн тазалап салышты да” деген ой жаралат. Анткени акыркы жылдары президенттик бул программанын ишине нааразычылык билдиргендер көбөйүп кеткен. Нааразычылыктар, негизинен, студенттерди тандоо ачык-айрым жүргүзүлбөй жаткандыгына карата айтылчу.
Аталган комиссиянын катчылыгынын учурдагы кызматкери Бактыгүл Сулайманова азыр бул программанын чегинде Кытай менен гана келишим бар экенин, 2012-2013-окуу жылына 17 орун бөлүнгөндүгүн, анын ичинде тил үйрөнүү боюнча бир жылдык курстардан тартып, бакалавриат, магистратура да бар экенин билдирди. Бактыгүл айымдын айтымында, документтерди кабыл алуу боюнча жарыя “Слово Кыргызстана” гезити жана интернеттеги маалымат булактары аркылуу коомчулукка кабарланган. “Документтер 20-мартка чейин кабыл алынат. Андан соң комиссия карап чыгат. Кандай адистиктер боюнча студенттерди окууга жиберүүнү да ошол комиссия чечет. Аны учуру келгенде маалымдайбыз. 2010-жылдын апрелине чейинки маалыматтарды, тилекке каршы, бере албайбыз. Анткени алар бизде жок. Акырындап архивден маалымат чогулта баштадык. Комиссиянын катчылыгында эки гана адам иштейбиз. Андыктан толук маалыматты мынча убакыттын ичинде таап чыгабыз деп айта албайм”,- дейт Бактыгүл айым.
Расмий такталбаган маалыматтар боюнча, ушул программанын негизинде 2 миңден ашуун студент билим алган. Бирок алардын дээрлик көпчүлүгү мамлекетке кайтып келип, өлкө үчүн иштебей чет өлкөлөрдө кала беришкен. Анткени келишимде "программанын эсебинен чет жерде бекер билим алууга бараткан студент сөзсүз кайтып келип, баланча жыл мамлекет үчүн иштеп, кеткен каражатты жана үмүттү акташ керек" деген пункт болбогон.
Ооба, кайтып келгендер да бар. Бирок андай билимдүү кадрларды канааттандыра турган эмгек акы жок, Кыргызстанда. Андан да жаманы, алардын кесибине Кыргызстанда муктаждык жок болуп чыгат. Анан чет жерди көрүп калган ал кадр пайда болгон биринчи эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып башка өлкөгө кетүүгө, ал жактан орун-очок алууга ашыгат.
Дагы бир көңүл бөлчү нерсе, “бизде учурда кайсы кесиптерге муктаждык жогору, дагы 5, 10, 15 жылдан кийин кайсы кесиптерге суроо-талап жогору болот?” деп иликтөө жүргүзгөн атайын кеңсенин жоктугу. Ошондой иликтөөлөр буга чейин болбогондуктан да “XXI кылымдын кадрлары” программасынын негизинде билим алып келгендер Кыргызстандан татыктуу жумуш таппай чет жактарга кетүүгө аргасыз болушат.
Дагы бир суроо бар, майлуу боёк жана чоң тамгалар менен жазып коё турган. Ушул күнгө чейин мындай мүмкүнчүлүккө кимдер ээ болушту эле? Кимдер алар, XXI кылымдын кадрлары? Тээ Алай-Куунун же болбосо Ат-Башынын тоосунан түшкөн билимге дилгир Акмат же Ташмат да жөнөтүлдү беле же жалаң гана чоңдордун балдары үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүк болуп келгенби? Биз ушул программа аркылуу билим алган үч гана адамды так билет экенбиз, алар пианиночу – Азамат Сыдыков, учурдагы депутат – Ширин Айтматова жана атактуу режиссёр – Нурбек Эген.
Бактыгүл айым “архивден комиссиянын иши боюнча маалыматтарды толуктайбыз” деп билдирди. Демек, тизмелер да кайсы бир күнү жарыяланат. Ошондо дагы кайрылабыз бул темага.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
19.03.2012. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en tuura masele kotorgonsunor Super info. 21 - kilim kadrlari ozdorunun taanishtarin tuugandrarin gana otkorot. Bizge okshogon ayildin adamdari barsa konulgo dagi alip koyboyt kompyuterin karap otura beret jalinip jalbarsan gana oozunan 2 ooz soz chigat. Baaribir otpoysun araket kilbay ele koy degen. Men ozum barip jolugup korup ushul sozdu ukkam buldegeni akcha ber degeni 5000 dollar bersen byudjetke otosun. bul degen akcha ayildiktar uchun kop akcha..
20.03.2012. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkekjojopepe, 90 prozent koshulam sebebi ubagynda men dagy bargam meni karap turup ele sen al akchany bere albaisyn al orundar bosh emes dep ele ketirip jiberishken. Albette oz kuchu menen otkondor dagy bar birok alar bolgonu 4-5 prozentti gana tuzso kerek kalgany chondordun baldary,taanysh bilish menen ketishken.Ketem desen baaribir ketet ekensin,men asyr chet olokodo jashaim baramby barbaimby belgisis baryp ish tappai jurgondor kop.
19.03.2012. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"XXI-kylymdyn kadyrlary" prezentik programma jash bilimge suusap jirgon adamdarga en chon jolok boldu, chynynda. Basa belgilep aita ketuchu nerse, prezident A.A. Akaev mamleketi bashkqaryp turganda mamletetik mekemege ishtegen jash mykty, birden-bir spesialister konkustuk negizde barushchu.
Kiiin K.S Bakiev uchurunda jalan chondordun baldary jana jakshy taanyshy barlar gana bilim alalyshty.
menin bilishimche bul programmanyn negizinde bilim algandyn 60-70% paiyzy asyr chet olkod
19.03.2012. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер ушул адамдар чындыгында эле ошол программанын эсебинен окуп же даярдалып келген болсо,кубанарлык эле нерсе экен.Азаматты билбейт экемин,Ширин Айтматова менен Нурбек Эгендер татыктуу эле адамдар менимче.Бул негизи эле жакшы жоролго экен.
19.03.2012. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jalang ele taanishi barlar barip okup kelgen degenine takir koshulbaim, antkeni men taanishi jok ele barip okup kelgemin, azir KGda ele ishtep jatam. Problema bashka nersede, al jaktan kelgenden kiyin seni menen ech kimdin ishi jok eken, B.K.S. tin uchurunda ak uygo alti jolu @emi men keldim emne jumush kilayin@ dep bargam. Baari ele biz kaydan bilebiz dep jolgo salgan. Ozum jumush taap ishtep jatam. Kop baldar kalip kalgan, men da keede okunom. Negizi bizdin ak uy aman ele bolsun!
20.03.2012. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин тааныштарымдын көбү Түркияда окушту, алардын ичинен бирөө да кайта элек. Баш-аягы 7-8дей адам го. Мамлекеттин акысын кандайдыр бир иш менен кайтарып берүү оюу мындай турсун, азырынча мекенине кайтып келүү да түшүнө кирбесе керек. Кимдир бирөөсү окуусун магистратура, айрымдары докторантурада улантып жатса, кээ бирлери кадыр-барктуу компанияларда иштешет. Акчаларын жашылдап алып жатса, Кыргызстанга кели
20.03.2012. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
п, арзыбаган айлыкка иштейм деп, алардын башына таш түшүптүрбү?
20.03.2012. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
az degende 2000$ Ailyk alsa anan 5000 somgo kaisy kelesoo kelip iwtesin,bilbeim bailygy jetiwtuu bolup ele kelip iwtebese...
21.03.2012. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men bilbeptirmin bul programma jonundo, bilsem men da barmakmyn, meni jibergile dep. otlichnisa bolup butkom mektepten, anglis tilin jakshy bilchumun. Nu ladno, azyr vse ravno Amerikada okup jatam, birok oz kuchum menen.
23.03.2012. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juliana, Talastyk okshoisuz ee&
24.03.2012. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sambo, :))
24.03.2012. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sambo, Dal ozy eken, daana nukura Talastyk eken da. (((((
21.03.2012. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширин Айтматовага аяабай окуном Кыргыз тилин билбегенге, жана ар дайым орусча суйлойт. Бул Кыргызстан учун ото окунучтуу. Дагы да болсо кеч эмес, Кыргыз тилин уйрон суранам.
23.03.2012. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер-инфонун жааматы,азыр 21 кылымдын кадрлары боюнча кайда кайрылуу керек? Мен учурда окуумду улантууга(Кытай) университет макулдугун берип,стипендияга мамлекетиндеги элчиликке документинди жонот дешти эле,бирок биздеги Кытай элчилиги биздеги бул укуктуу мамлекет алган деп,ак уй кайда, кимге жонотоорду билбейбиз деп атышат. Чындыгында кимден сурашты билбейм.Сиздер жазганызга байланыштуу балким кимге байланышуу керектигин билесиздер деген умутто дарегин сурап жазам. Алдын ала рахмат
23.03.2012. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nperfect, Урматтуу колдонуучу, кеч кайрылып калдыныз, ошентсе да кабарын берели. Президенттик аппараттын алдында Билим берүү жана маданият иштери боюнча комиссия бар. Ошол комиссиянын катчылыгына байланышсаңыз болот. Телефонун 109 кызматы аркылуу деле ала аласыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо