БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР

№489 16-март - 22-март, 2012-ж.

НАРЫНДА ОКУУЧУЛАР ЧАТЫРЛАРДА ОКУШУУДА...

  • Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине МЫРЗАБЕК ИСМАИЛОВ дайындалды. Эске салсак, Исмаиловдун кызы Алтынай Турусбекова былтыр мэр Иса Өмүркуловдун уулу катышкан автокырсыкта каза болгон.
  • Өкмөт башчы ӨМҮРБЕК БАБАНОВ Каржы полициясын жоюу тууралуу жарлыкка кол койду.
  • Жер титирөөнүн кесепетинен мектепсиз калган Нарындагы КЫЗЫЛ-БЕЛЕС айылынын окуучулары чатырларда окуп жатышат.
  • Ошто Мамлекеттик баңгизаттарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси, Ж.К. деген адамга таандык автоунаа менен айдоочусунан 7 ГРАММ ГЕРОИН, 4,6 КИЛОГРАММ МАРИХУАНА табылды.
  • 2011-жылдын 1-сентябрынан 2012-жылдын 13-мартына чейин Таластан 51 949 тонна төө буурчак чет өлкөгө экспорттолгон.
  • Аксы окуясын эскерүү күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы жана бир катар райондордогу мекемелерде мамлекеттик туу 17-МАРТ КҮНҮ СААТ 12:00ДӨ түшүрүлүп, окуянын курмандыктары эскерилет.
  • Кыргыз саясатындагы маалыматтын жетишсиздигин айткан ЖКнын депутаты УЛУКБЕК КОЧКОРОВ: “Баткенде кыргыздардын балдары Өзбекстандын телеканалдарын көрүп тарбияланып, Ислам Каримовду президентибиз деп ойлошот”,- деди.
  • ЖКнын депутаты Канатбек Исаевдин бир тууган агасы ТАЛАНТБЕК ИСАЕВ ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Качып кеткен АХМАТБЕК БАКИЕВДИН чек арадан өтпөгөндүгүн 13-мартта УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Наркул Байдилетов билдирди.
  • 15-мартта белгилүү саясат таануучу НУР ОМАРОВ 46 жашында жүрөгү токтоп калып, кайтыш болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
21.03.2012. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЖКнын депутаты Канатбек Исаевдин бир тууган агасы ТАЛАНТБЕК ИСАЕВ ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалбаш керек эле. Эгер дайындалса ал коррупция жол ачкан болуп эсептелинет.
УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Наркул Байдилетов жоопко тартылсын эгер билген болсо. Себеби ал унчукпастан откозуп жиберген. Жазасын алсын.
21.03.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Финполициянын жоюлушу кызыктуу экен...
25.03.2012. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткенге кыргыз теле канал коюп бербейсинерби,озбекстанды очуруп корсотпой койгула!
25.03.2012. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атанды ининди да жумушка орнотсон сонун болот анан калганына аракет кыласын мына жашоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо