КҮТҮҮСҮЗ КОШ БОЙЛУУЛУКТАН САКТООЧУ КАРАЖАТТАР

№490 23-март - 29-март, 2012-ж.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда ар бир 10-кош бойлуулук аборт менен аяктайт экен. Мунун себеби эмнеде? Балким, бойго бүтүүдөн сактануунун жолдорун билбейт чыгарбыз?.. «Бүгүнкү күндө бойго бүтүүдөн сактоочу каражаттардын кандай түрлөрү бар? Алардын организмге тийгизген таасири кандай?» деген суроолор менен врач-гинеколог Акматова Элмирага кайрылып, төмөндөгүдөй жоопторду ала алдык.

КҮТҮЛБӨГӨН КОШ БОЙЛУУЛУК
– Эне болуу – аял бактысы. Балалуу болгондон тартып жашоонун маңызы өзгөрөт, өзгөчө сезимдер ойгонуп, энелик касиеттен дүйнө жаңырат. Бирок турмушта ар бир нерсе өз убагында болгону жакшы. Күтүлбөгөн кош бойлуулук дайыма эле бакыт алып келе бербейт. Үй-бүлөнү пландаштыруу же кандайдыр бир шарттарга байланыштуу бойго бүтүүдөн сактануу – заман талабы. Бүгүнкү күндө бойго бүтүүдөн сактануунун ар кандай ыкмалары жана анда керектелүүчү каражаттар бар. Презерватив колдонуу, спираль салдыруу, гормоналдык таблеткаларды ичүү, бала эмизүү жана башка ыкмаларды колдонуу менен үй-бүлөнү пландаштырууга болот.

СПИРАЛЬ САЛДЫРУУ
– Күтүлбөгөн кош бойлуулуктун эң ишенимдүү каражаты спираль болуп саналат. Буга 99 пайыз кепилдик берилет. Ал жатындын ичине жайгаштырылат. Бул каражат төрөгөн, 19-43 жаштагы айымдарга 3-5 жылдык мөөнөткө салынат. Спиралды салдыруу алдында сөзсүз дарыгердин текшерүүсүнөн өтүү шарт. Аны салдыргандан кийин 10 күн оор нерсе көтөрбөө жана жыныстык катнашка барбоо сунушталат. Алдыргандан кийин жатынды 2-3 жылга эс алдырып, кайра салдырып алууга болот.
Негизинен, спираль организмге чоочун нерсе. Ошондуктан айымдардын баарына эле жага бербейт. Спираль жакпаган айымдар ден соолугун текшертип, бойго бүтүрбөөчү каражаттардын башка түрүн колдонушса болот.
Спиралдын баасы 150-200 сомго чейин. Ал эми аны салуу жана алып салуу мамлекеттик ооруканаларда бекер жүргүзүлөт. Болгону, кассага 14-15 сом гана төлөшөт. Ал эми жеке менчик ооруканаларда бул каражаттын баасы 300-500 сомго чейин.
Кээде спираль бар туруп бойго бүтүп калган учурлар да кездешет. Эгер ал айым эне болууну кааласа, анда төрөй берсе болот. Ал бала менен кошо түшөт.
Спираль эң ишенимдүү каражат болгону менен, анын терс жактары да бар. Аны салдырып жүргөн айымдын этек кири көп келип, анемия оорусуна алып келиши мүмкүн.

ГОРМОНАЛДЫК ТАБЛЕТКАЛАР
– Гормоналдык таблеткаларды колдонордон мурун сөзсүз дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, гормондор боюнча анализ тапшыруу керек. Анализдин жыйынтыгына карап дарыгер таблетка жазып берүүсү шарт. Учурда айымдар кеңеш албай эле ичип алып, «толуп кеттим» деп айтып жүрүшөт. Эгер ден соолугу чың айым болсо, 2-3 килограммга чейин гана салмак кошот.
Гормоналдык таблеткалар этек кирдин биринчи күнүнөн баштап 21 күн ичилет. Ошондой эле мындай таблеткалардын 12 саат аралыгында ичкен түрлөрү бар. Колдонордон мурун сөзсүз дарыгерден кеңеш алыңыз.

ПРЕЗЕРВАТИВ МЕНЕН САКТАНУУ
– Презерватив колдонуу – бойго бүтүүдөн сактануунун ишенимдүү жолдорунун бири. Бул жол менен сактанууда 95 пайыз кепилдик берилет. Презерватив бойго бүтүүдөн гана эмес, ар кандай жугуштуу оорулардан сактай алат. Аны сатып аларда сөзсүз чыгарылган күнүн эске алууңуз шарт. Негизи, анын сактоо мөөнөтү 2-3 жылга чейин. Андан кийин сапатын жоготуп, бат жыртылат. Колдонуу учурунда жыртылуусу, албетте, күтүлбөгөн кош бойлуулукка алып келери турган иш. Ошондой эле өнөктөштөр презервативдердин жытына да көңүл бурганы туура. Анткени кээ бир адамдардын жыпар жыттардан аллергиясы болушу мүмкүн.
Презерватив арзан жана колдонууга ыңгайлуу болгону менен, көпчүлүк адамдар аны колдонууда канааттанбаганын айтышат.

СПЕРМИЦИДДЕР
– Спермициддер гель, крем, көбүк, свеча, таблетка, тампон түрүндө болот.
Свеча жана таблеткалардын дээрлик бардыгы жыныстык катнашка чейин, 10-20 мүнөт мурун жатын кынына салынат. Салынгандан кийин алар 3-4 саатка чейин өз таасирин жоготушпайт. Ал эми крем менен көбүктү жыныстык катнаш болор алдында сүйкөө туура. Спермициддер менен сактанууда 75-80 пайыз кепилдик бар.
Спермициддерди колдонордон мурун сөзсүз көрсөтмөсүн окуп чыгууну унутпаңыз. Мындай каражаттардан аллергиясы барларга, кольпит, эрозия сыяктуу оорулар менен ооругандарга спермициддер сунушталбайт. Бул каражаттардын дээрлик көпчүлүгү антисептик болгондуктан, ар кандай жугуштуу оорулардан сактайт. Спермициддерди көп колдонуу жатын моюнчасынын кургашына алып келет. Бул каражаттардын 10 даанасы эле 350-500 сомдун тегерегинде болгондуктан, көп жыныстык катнашка барган өнөктөштөрдүн капчыгына чак келбеши анык.

БАЛАНЫ ЭМИЗҮҮ МЕНЕН САКТАНУУ
– Эл арасында «бала эмизген айымдын боюна бүтпөйт» деп айтылып келет. Бирок бул бардык учурда эмес. Төмөнкү талаптарды туура аткарганда гана бойго бүтүү коркунучу туулбайт деп 90 пайыз кепилдик берилет. Бала 6 айга чыкканча кошумча тамак бербей, ар 3 саат сайын эмизип туруу керек. Баланы түндө да эмизүү зарыл.

ХИРУРГИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН САКТАНУУ
– Бул ыкма 3-4 балалуу болгон айымдарга жана эркектерге да колдонулат. Мында жыныс органындагы түтүктөр атайын шакектер менен буулат. Бул кызматтын баасы 3000-4000 сомдун тегерегинде. Бул ыкмада бойго бүтпөшүнө 100 пайыз кепилдик берилет.

ИЙНЕ САЮУ ЖОЛУ МЕНЕН САКТАНУУ
– Акыркы 2-3 жылдан бери ийне саюу ыкмасы колдонулбай калган. Тагыраак айтканда, баш тартып койгонбуз. Анткени бул каражат этек кирдин келүү циклин бузуп, аялзатын эрте климакска кабылтат. Негизинен, бул каражатты күтүлбөгөн кош бойлуулуктан сактануу үчүн эмес, миомасы бар айымдар гана колдонууга болот.

ЭСТЕТИКАЛЫК ЫКМА
– Жыныстык катнашты үзгүлтүккө учуратуу, башкача айтканда, бел сууну сыртка агызуу менен күтүүсүз бойго бүтүүдөн сактанса болот. Бул ыкманын жаман жери, эркектерди импотенция оорусуна кириптер кылышы мүмкүн.

КАЛЕНДАРЛЫК ЫКМА
– Өз ден соолугу үчүн кам көргөн ар бир айым ай сайын айыз күндөрүн календарга белгилеп турууга тийиш. Календарь аркылуу овуляция күндөрүн билип, бойго бүтүрүүгө ыңгайлуу жана ыңгайсыз күндөрдү аныктап алуу оңой. Бул үчүн циклди тең экиге бөлүү керек. Мисалы, сиздин айыз циклиңиз 28 күн болсо, демек, овуляция циклдин 14-күнү келет. Бул күндөн кийинки 10 күн (овуляция күнүн кошкондо) бойго бүтүүгө оңтойлуу күндөр деп эсептелингендиктен, сактанууңуз керек.

Венера Камалова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(21)
26.03.2012. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына кызык тамаша
26.03.2012. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
xe xe xeeeeeeeee,men ke4e spiral saldyryp keldim ele,biraaz oorup turam
26.03.2012. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо рахмат озумо керектуу бирдекени ай момент билип алдым
27.03.2012. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meliss, спиралдыбы?
27.03.2012. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жfris маалымат экен
27.03.2012. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
prizik i vse)))
27.03.2012. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ж.катнашка 10-20 мин мурда лимон кабыгы менен кесип коуйуп койсо сперманы жансыздандырат
28.03.2012. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaksh kenesh eken
28.03.2012. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahmat jakwy nerseler eken!
29.03.2012. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдан амал качып кутулбайт деген ушу!
29.03.2012. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызым кобоё албай жатканда, мындайдын бизге эмне кереги бар?
30.03.2012. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми жатып журо бергиле бирок нике менен.
30.03.2012. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маалымат экен,айымдарга керектуу.
30.03.2012. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
призиктин не кереги бар эстетикалык ыкма турганда)))
01.04.2012. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарга кудай тошун берет экенда эээ
26.06.2012. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men_aman, смысл твоего предложения непонятен?
04.04.2012. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы пикирлер экен билип койгон ашыкча болбос.
19.04.2012. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге (эркектер) эле хаха да. Жыргап эле итерип коюп эле жүрө бермей. Таптакыр проблема жок.
13.05.2012. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоосу жокторго дагы бир жолунн жазбай кетиптир, 100% гарантиия, бул , куйоомдуку эле болом! деген соз. ал эми аялы жокко Кудай берген байлыкты аялыма аманат . ал эми аялы куйоосу барга, болсо бир айда 4 кун эле чыдап калган кундору кунуно 3 маал менен толтурса болот.
18.07.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кош бойлуулуктан сактануучу таблетканын атын жазып коёсуздарбы ким билсе күн сайын ичилүүчү 30таблеткадан турган даары кызыл жана ак таблетка атын билбей жатам
26.09.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
danash,ригевидон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо