КАРАКОЛ-ЭҢИЛЧЕК УНАА ЖОЛУНДА КАР КӨЧКҮСҮН АТЫП ТҮШҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРӨТ

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.

Ысык-Көл
Кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгон Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо үчүн 24-марттан 2-апрелге чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап аткылап түшүрүү иши жүргүзүлүүдө. Аталган аймакта Өзгөчө кырдаалдар министринин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Б.Сасыманов баштаган ыкчам топ жана Коргоо министрлигинин Кой-Таш шаарчасындагы артиллериялык тобу иш алып барууда.

Нарын

ТОЮТ ТАРТЫШТЫГЫ ҮРӨНДӨН КУРУ КАЛТЫРДЫ
Акыйкатчы Турсунбек Акун Ат-Башы районуна болгон иш сапары учурунда Биринчи Май айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүп, жергиликтүү жашоочулар акыйкатчыдан арпа үрөнү жана күйүүчү май боюнча жардам берүүнү суранышты. Ат-Башыда ушул кезде талаада калыңдыгы 70 сантиметрге жеткен кар жатат. Малдын баары короодо кол карап турган учур. Ал эми бир боо чөп 400 сомго жетти. Кыштын узак болушу камдаган тоюттун тартыштыгын жаратып, айылдык тургундар жазгы себүүгө сактап коюшкан арпа үрөнүн малга берүүгө аргасыз болушту. Эми үрөндүк арпа керек. Ошондой эле картошкаларын да жем катары малга берип жаткандар болууда.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо