ЖЫЛДЫН КИРЕШЕЛҮҮ ТАСМАЛАРЫ

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.

2011-жылы башталгыч жана тажрыйбалуу режиссёрлордун эмгегинен жаралган фильмдер биринин артынан экинчиси жарык көрүп, элдин сынына коюлду. Биз былтыркы жылы экранга чыккан тасмалардын арасынан башкаларга салыштырмалуу кирешелүүлөрүн тизмектеп көрүүгө аракет кылдык.

«БЫЙЫЛ СӨЗСҮЗ КҮЙӨӨГӨ ТИЕМ»
Режиссёру – Динара Эсенгулова
Бет ачары – 8-сентябрь, Тарых музейинде
Канча убакыт сатыкта турду? – Бишкектеги Тарых музейинде 40 күн
Бюджети – 25 миң доллар
Тасмадан түшкөн каражат – Болжол менен 40 миң доллар
Фильмдин продюсери Ырыс Жоомартованын айтуусунда, Тарых музейинин кинозалын ижарага алуу үчүн алты ай мурун чүчү кулак ыргытып кезекке турушкан. "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием" тасмасынын көрүүчүлөрүнүн 90-95 пайызын жаштар түзгөн.
"Эгер башка кинолор сыяктуу биз да 5-6 кинотеатрда сатыкка койсок, анда 100 миң долларга чейин киреше тапканга мүмкүнчүлүк болмок",- дейт продюсер. Көп кинотеатрларга коюлбагандыгынын себеби пираттык дисктерге жашыруун тарап кетпесин деген коркунучтан улам экен.

«АЯТ-2»
Режиссёру – Азамат Арыков
Бет ачары – 28-сентябрь, Спорт Ордосунда
Канча убакыт сатыкта турду? – Азыркы күнгө чейин коюлууда
Бюджети – 40 миң доллар
Тасмадан түшкөн каражат – Болжол менен 40 миң доллар
Мушкер Алинин ролун өзү жаратып, фильмдин режиссёру да, продюсери да болгон Азамат Арыков "Аят-2" тасмасынын бет ачарын заңгыраган Спорт Ордосунда өткөргөн. 2 миңдей элдин алдында тасмага катышкан кең далылуу жигиттер менен кызыл килемден өткөнү да эсибизде.
Фильм бүгүнкү күнгө чейин сатыктан алына элек. Азаматтын айтымында, фильмге тартылган актёрлорго күнүнө 500 сомдон төлөп берип турган. Ыйман, кримчөйрөгө байланыштуу маселелер көтөрүлгөн бул тасма борборубуздан сырткары жакынкы аралыкта Орусиядагы мекендештердин жана Ош шаарынын тургундарынын сынынан өтөт.
"Кыргыз киносунда" башында фильм күнүнө 7 сеанска чейин коюлуп, элдин агымы эми гана басаңдап калган учур.

«ГУ ЖУН ПЁГО КАНТИП ТУРМУШКА ЧЫГУУГА БОЛОТ?»
Режиссёру – Данияр Абдыкеримов
Бет ачары – 31-май, "Манас" кинотеатрында
Канча убакыт сатыкта турду? – Бишкектеги кинотеатрларда 1 жарым ай
Бюджети – 20 миң доллар
Тасмадан түшкөн каражат – Болжол менен 20 миң доллардан ашык
Гу Жун Пё эмес, кыргыздын эле мырзалары мыкты экенин көрсөтүүнү максат кылган жаш режиссёр Данияр Абдыкеримов жаз айларынын аяк ченинде "Гун Жун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?" деген фильмин элдин сынына койгон эле. Фильм өз көрүүчүлөрүн, аудиториясын тапты.
"Сатыкта бир жарым ай турганына карабастан, фильмге кеткен бюджет өзүн өзү актады. Жакшы пайда таптым деп айтууга болбойт",- дейт режиссёр.

«МЕН СҮЙГӨН КАРАГАТ»
"Мен сүйгөн карагат" тасмасынын продюсери – ырчы Бек Борбиев. Аталган тасмага Берадор мырза аткарган ролду көрүү үчүн гана келген күйөрмандарынын саны канча?
Фильм Бишкектеги "Манас" жана "Кыргыз киносу" кинотеатрларында эки айдан ашуун тынбай коюлду. 2012- жылы фильмдин экинчи бөлүгүнүн жарыкка чыгышы күтүлүүдө. Өзүн кино жаатында да сынап көрүүнү чечкен Берадор мырза тасмада Шумкардын образын келиштире аткарып, кыргыз кино дүйнөсү Назира Бердигулова аттуу жаш актриса менен толукталды.
Режиссёру – Руслан Машрапов
Бет ачары – 24-ноябрь, "Манас" кинотеатрында
Канча убакыт сатыкта турду? – 2 айдан ашык
Бюджети – Болжол менен 30 миң доллар
Тасмадан түшкөн каражат10 миң доллардын тегерегинде

«КӨК САЛКЫН»
"Көк салкын" комедиясынын режиссёрлорунун бири Камчыбек Жумабеков тасманы тартууну 500 сом менен баштаган. Каржы жагынан жардам берем деген демөөрчүсү убадасынан баш тартканда, Камчынын чөнтөгүндө 500 сом гана болгон экен. "Тартууну токтотуп турсамбы?.." деген да ойлор келип, бирок бардык тааныш-досторуна чалып, карыз сурап ишке киришкен.
Чыгармачыл топто 12, ал эми актёрлорду кошкондо 20 чакты киши болуп эки жума Ысык-Көлдө атайын пансионатты ижарага алып жашашкан. Акчалай эч ким жардам кылбаса да, айрым тааныштары имараттарды, машиналарды бекер берип, колдоо көрсөтүп турушканын айтат.
Режиссёру – Камчыбек Жумабеков, Тилек Чериков
Бет ачары – 25-декабрь, "Манас” кинотеатрында
Канча убакыт сатыкта турду? – Азыркы күнгө чейин кинотеатрларда коюлууда
Бюджети – 20 миң доллар
Тасмадан түшкөн каражат – Эсептеп бүтүшө элек

«БИШКЕК, МЕН СЕНИ СҮЙӨМ!»
Баш калааны барктоого чакырган, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер тасмасы" сыйлыгынын ээси – "Бишкек, мен сени сүйөм!" фильми бир эле учурда беш кинотеатрда тынымсыз коюлуп, ар бир сеанста зал толтура эл келип турду. Аталган тасманын жаратуучулары фильмди Түркия, Италия, Германия, Араб Эмираттарындагы мекендештерге кайрымдуулук иретинде акысыз көрсөтүп келишти.
Жаратуучулары – Руслан Акун, Александр Цай, Сауле Алымбекова, Степан Головаш, Эльдар Супатаев, Чыңгыз Төрөбеков
Бет ачары – 3-ноябрь, "Манас" кинотеатрында
Канча убакыт сатыкта турду? – Бишкектеги кинотеатрларда 1 айга жакын, учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө мекендештер үчүн көрсөтүлүүдө
Бюджети – Коммерциялык сыр
Тасмадан түшкөн каражат – Эсептеп бүтүшө элек

Лунара Бекиева
star@super.kg


Жылдын кирешелүү тасмалары

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
SUPER.KG видео
30.03.2012. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аят2 коро элекмин,калгандарына сонун экенине айтам.Алга режиссерлорго
SUPER.KG видео
31.03.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдан-жылга кыргызымдын мыкты тасмалары чыгууда,албетте бул бизди абдан кубандырууда.Ушул тасмалардын жаратуучуларына ийгилик каалап,мындан ары да ушундай кинолорду тарта бергиле демекчимин.
SUPER.KG видео
31.03.2012. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апей кайдагы калп сумманы айткансынар эн кымбаты 5мин доллар болбоду беле.Тим эле 20мин ,40мин доллар депсинер го режисерлор!!!
02.04.2012. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Белгисиз маршрутка деген кино канча тапты эле? Аябай жакшы киного.
02.04.2012. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыл өкмөтү деген кино канча тапты жакшы кино эле
02.04.2012. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектерчи?
02.04.2012. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макалада былтыр экранга чыккан тасмалар тууралуу сөз болуп жатат.
SUPER.KG видео
04.04.2012. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
123456789 билип билбей эле жазгандын эмне кереги бар? 5 000 долларга кино эмес клип тартылбайт азыр... АЯТ 2нин музыкасына эле 6000 доллар корогон...
SUPER.KG видео
04.04.2012. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрнест байке ооло тапить этип коеет го. Бир топ ызы-чуу кылды деп кайра-кайра
SUPER.KG видео
07.04.2012. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан жакты коргум келип жатат, бироосун да коро элекмин,чет олкодогу адамдар кандай кылып корсо болот?
SUPER.KG видео
12.04.2012. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Арыков байке эмнеге Баткенге койбодунуздар?
Дагы Баткенди эсинерден чыгарып койдунурбы Тамашоуда КГБ командасы айтмакчы.
А бирок Азаматсынар Кыргыз киносун онуктуруп жатасынар Дайым кутобуз жаны тасмаларды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо