АЙЫМДАРГА ЫҢГАЙЛУУ АВТОУНААЛАР

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.

Автоунаа өндүрүшүндө атайын айымдар үчүн деп автоунаалар чыгарылбайт. Бирок А, В жана С классындагы автоунаалар айымдарга ыңгайлуу деп айтылат. Бул класска күйүүчү майды аз сарптагандар кирет.

ЭМНЕ ҮЧҮН АЙЫМДАРГА ЫҢГАЙЛУУ?
Кичи көлөмдөгү автоунаалардын чыгашасы аз жана башкарууга жеңил. Сырткы көрүнүшү жагынан да айымдарга төп жарашат. Эми андай автоунаалардын артыкчылык жана кемчиликтерин санап өтсөк.

Артыкчылыктары:
1. Эң башкысы – үнөмдүүлүгү.
2. Көлөмү кичине болгондуктан, рулга жаңы отурган айым башкарууну тез өздөштүрүп кетет.
3. Шаардын көчөлөрүндө жүрүүгө ыңгайлуу жана токтотуучу жайга койгондо чоң орунду талап кылбайт.
4. Кыймылдаткычынын көлөмү кичине болгондуктан, жылына төлөнүүчү автоунаа үчүн болгон салыктын суммасы анча чоң эмес.
5. Кыштын күнү сыртын тазалоо көп убакытты албайт жана чоң автоунаага салыштырмалуу көп күч керектелбейт.
6. Тетиктери жана оңдоп-түзөө иштери боюнча көрсөткөн кызматтын акысы да арзан.
7. Абага күйгөн газды аз көлөмдө чыгарат.

Кемчиликтери:
1. Негизин түзгөн асмасы (подвеска) өтө жумшак.
2. Сырткы үндөрдөн коргоосу начар. Башкача айтканда, үн угулуп турат.
3. Оор жүк көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү жетпейт.
4. Ылдамдыгы өтө жогору эмес, кыймылдаткычынын күчү төмөнүрөөк.
5. Беш кишиге ылайыкталган болсо да, төрт киши гана кенен отура алат, айдоочуну кошкондо.
6. Катуу шамалга туруштук бере албайт. Эгер капталынан катуу ылдамдыктагы шамал болсо, көңтөрүлүп калуу коркунучу бар.
Көлөмүнө жараша А, В жана С классындагы автоунаалардын бөлүнүшү

А класс:

  • Узундугу 3,6 метрге жана туурасы 1,5 метрге чейин. 3 эшиктүү. Айрымдары гана 5 эшиктүү (стандарт боюнча багаждын эшиги да кошулат).
  • Эки кишиге гана ылайыкталган.
  • Бул класстагы автоунаалар өтө кичине көлөмдө болгондуктан, шаар ичинде жүрүүгө ыңгайлуу.
    Аталган класска кирген үлгүлөр: Мерседес Смарт, Ровер Мини, Рено Твинго, Дэу Тико жана Матиз.

В класс:

  • Узундугу 3,6-3,9 метр жана туурасы 1,5-1,6 метр. 3 жана 5 эшиктүү.
  • 4 кишиге ылайыкталган. Алдыңкы эки орун кененирээк, арткы орундуктар бир аз тар келет. Узун бойлуу, олбурлуу жүргүнчүнүн буттары кысылып, төбөсү унаанын үстүнө тийип ыңгайсыздык жаратат.
  • Бул класстагылар көбүнчө шаарга ыңгайлуу.
    Аталган класска кирген үлгүлөр: Рено Клио, Фиат Пунто, Фольксваген Поло, Форд Фиеста, Тойота Ярис, Ниссан Микра, Maзда 2 жана башкалар.

С класс (гольф класс):

  • Узундугу 3,9-4,4 метр жана туурасы 1,6-1,75 метр. 3 жана 5 эшиктүү.
  • 5 киши кенен батат.

Аталган класска кирген үлгүлөр: Фольксваген Гольф, Скода Октавиа, Опел Астра, Форд Эскорт жана Фокус, Ауди А 3, Фиат Браво, Ниссан Альмера, Тойота Королла, Дэу Нексия жана башкалар.

АВТОУНААНЫН КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫНЫН КӨЛӨМҮ (V) БОЮНЧА ДА ТӨМӨНДӨГҮДӨЙ БӨЛҮНӨТ:

V 1,2 (өтө аз сарптагандар) – 100 чакырымга 5-6 литрге чейин ичет.
V 1,2-1,8 (аз сарптагандар) – 100 чакырымга 6-8 литрге чейин ичет.
V 1,8-3,5 (орточо сарптагандар) – 8-18 литрге чейин ичет.
V 3,5 (көп сарптагандар) – 18 литрден жогору ичет.


КОЛДОНУЛГАН АВТОУНААНЫ САТЫП АЛУУДА…

  • Алгач кайсы үлгүдөгүсүн жана кандай түстөгүсүн алгыңыз келет, аныктап алыңыз.
  • Чыккан жылына жана канча чакырым жүргөнүнө караңыз.
  • Күйүүчү майдын кайсы түрү капчыгыңызга туура келет? Бензиндин баасы кымбат, бирок бензин менен жүрүүчү унаанын чыпкалоочу тетигин аз алмаштырасыз. Ал эми дизель арзан болгону менен, чыпкалоочу тетигин тез-тез алмаштыруу зарыл. Кышында тоңуп калуу ыңгайсыздыгы бар.
  • Кузову алгачкы сыры мененби же кайра дагы сырдалганбы? Эгер кайра сырдалган болсо, андан баш тартыңыз. Себеби жол кырсыгына кабылган унаа. Өзүнүн түсүнөн кичине айырмаланган түстөргө да көңүл буруңуз. Себеби сүзүп алгандан кийинки жерлерин кайрадан сырдаганда дал өзүнүн түсүндөй боло бербейт.
  • Сырткы катмарындагы сыры түшүп калган жери болсо, аны кичинекей эле деп маани бербей койгон туура эмес. Себеби ал жер дат басып отуруп чоңоюп кетет.
  • Мотордон май акпагандыгын, электр өткөргүчтөрдүн абалын жана мотордун үнүн текшериңиз. Эгер үнү акырын чыкса, анда автоунаанын абалы 90 пайызга жакшы десе болот. Дизель менен жүрүүчү унаадан кара түтүн чыкса, демек, оңдоп-түзөөнү талап кылат.
  • Астыңкы асмасы (подвеска) жайында экендигин билүү үчүн автоунааны таштак, аң-дөң жолго айдап көрүңүз. Эгер асмадан үн чыгып жатса, анда баш тартыңыз.
  • Акыркы текшерүүнү өткөрүү үчүн диагностикага барганыңыз оң.


КАЙСЫ ҮЛГҮДӨГҮ МАШИНАНЫ БААЛАЙСЫЗ?


Асема:
– Лексус LX 300 үлгүсүндөгү автоунааны баалайм. Себеби асты жерден бир топ бийик болгондуктан, биздин бузулган жолдорубузга ыңгайлуу. Тетиктерин да оңой табууга болот. Көлөмү чоң эмес, шаар ичинде айдаганга ыңгайлуу. Башка автоунааларга караганда күйүүчү майды аз сарптайт. Ал эми жапыз автоунаалар асты жерге тийе берип бат бузулат да, чыгымы көп болуп кетет.


Гүлшайыр Садыбакасова:
– Мен 1983-жылдан бери рулдамын. Учурда Прадо Ленд Крузер жана Лексус rx 300 үлгүсүндөгү унаам бар.
Биринчи айтып өткөн маркадагы унаамды жакында эле туугандарым белек кылып сүйүнтүштү. Бул менин
көңүлүмө жаккан үлгүлөрдүн бири болчу, сегизинчи унаам болуп калды. Мен ушундай чоң машиналарды баалайм.


Назира Айтбекова:
– Мен учурда Лексус rx 300 үлгүсүндөгү автоунаага кантип жетсем экен деп күйөөмө улам-улам айтып "намёк" берип жаткан кезим. Көчөдөн көрүп калсам, мойнумду болушунча буруп дегендей (күлүп). Мага анын сырткы көрүнүшү эле абдан жагат жана досторум да айтып калышат, “мыкты машина” деп. Учурда Хонда СR V үлгүсүндөгү унаа менен жүрөм, газ менен тормозду алмаштырып албай айдаганыма сүйүнүп.


Кыял Шаршеева:
– Мм, мага бузулбай жүрүп турган автоунаанын баары эле жагат (күлүп). Учурда Мазда Кседокс 6 жана Мерседес Е 240 үлгүсүндөгү автоунааларым бар. Күйүүчү майды аз сарптагандыктан, көбүнчө Мазданы айдайм. Негизинен, Мерседестин акыркы чыккан S класстагылары авто сүйүүчүлөрдүн сөзү менен айтканда, “лисичка” дегени абдан жагат. Кудай буюрса, жакында бул үлгүдөгү унааны алам.


Динара Акулова:
– Мага Мерседес үлгүсүндөгү бардык автоунаалар жагат. Мерседес көрүнүшү жагынан айымдарга да жарашат.
Ал эми БМВ үлгүсүндөгү автолорду мен эркектерге ылайыктуу дегим келет.
Учурда Ниссан Х-Трейл үлгүсүндөгү машина минип жүрөм.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


Айымдарга ылайыктуу автоунаалар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(39)
02.04.2012. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асема Лексуска жаны модель ойлоп тапкан го...Кандай болду экен?
02.04.2012. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Латыш, Лексус LX 300 үлгүсүндөгү автоуна бар экенин билбейсинби?
02.04.2012. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болсо бут эле машина жакшы го!Назира негизи эле шайыр кыз бул жерде да ха-ха болуп сонун жооп бериптир.
SUPER.KG видео
02.04.2012. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира жылдыс оорусу менен ооруп жаткан учуру окшойт ээ?
02.04.2012. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bopos туура айтасын.Бар болсо бардык эле машина жакшы.
SUPER.KG видео
02.04.2012. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tulparynar kut bolsun, dongologtoru daima jakshylykka jugurup tursun!!!
SUPER.KG видео
02.04.2012. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баары эле крутой машине минетко чиркин!
03.04.2012. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лексус LX300 моделин, google байкем да таба албай койду :-)
RX 300 деп айтайын деген болсо керек.
03.04.2012. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира, молодец. Сонун жооп бериптир. Чындыкты тамашага аралаштырып "тормоз менен газды алмаштырып албай" дегени. :)))))
SUPER.KG видео
03.04.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asecha: хехе анча не болду сизге? куйуп бышып! элестет эшек араба шаарда ха-ха-ха да бул туура эмес мен аны айтканым жок! дагы бир жолу жакшылап репортажды короп чыксаныз!!!!
SUPER.KG видео
03.04.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баарына ак жол!Гулнурдун уну жагат да.баары аман болушсун.
SUPER.KG видео
03.04.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Доотунордун алдынан шамал сызып турсун. :) А маган Nissan Murano жагадыыыыы! :)))
SUPER.KG видео
03.04.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын айтса артисттер, актер ж.б. таланттуууларга буюрсун. Булар оз эмгеги менен таап, коруп жатышат. Калганын айтпай эле коеюн, бир кудай озу билет.
03.04.2012. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазбай эле койбопсунар.Келинчегим окуп алып машина алам деп жатат.
06.04.2012. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyrgal_msk, boorum yyi boorum,menda kyiomo aitam emi
04.04.2012. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болбосун, УАЗ-бы, мерседесби жадакалса Хаммер болсо да "Ак-жолтой" болсо болду.
04.04.2012. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lifeview, Эн туура
SUPER.KG видео
04.04.2012. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мазданын А класска киргени аябай кызыктуу экен. Мазда 6, Mazda Trubute, Mazda CX-9 А класстагы машина экени мени тан калдырды...
SUPER.KG видео
04.04.2012. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле А класс Б класс деп кичине машиналар болунгонун биринчи угушум. Википедиа деле башканы айтып атат. Же базардагы эжелерге боло береби? http://en.wikipedia.org/wiki/Car_classification
04.04.2012. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх touareg айдагым келет бирок качан??????
SUPER.KG видео
04.04.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
назиранын "праваны сатып бер"деп куйоосун суранганы кызык,сатып алып,правиланы билип билбей ушуга окшогон айдоочулардын айынан коп кырсыктар болот.крутой машина сатып алдын и праваны да сатып алыш керекпи?кырсыктан сак,алыс болуш учун деле окуп,уйронуп права алган жакшы эмеспи.
SUPER.KG видео
04.04.2012. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ohooo baaryle krutoigo :)
SUPER.KG видео
04.04.2012. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назиранын суйлогонунон кускум келди. Ушу кебетеси менен кантип алпаруучу болуп журот.... Менин кенешим - коп жалжактабачы!!!!!
05.04.2012. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болсо баары жакшы.
05.04.2012. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LX 300 Асеманын машинеси принтер окшойт лексус эмес эле
05.04.2012. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага матиз болсо деле болот эле мага ылайыктуу
06.04.2012. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара апчешка мынча эмне озун таштап койгон? Эмнеси болсо да доотулору колдоп аман эсен болушсун!
06.04.2012. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар ким биринчи рулга олтуруп конуп калган машинасын жакшы корот,мен да ОРЕL INSIGNIА мды жакшы кором,башкаларга жакпаса да мага жагат себеби биринчи жолу рулга ушул машинага олтурдум.мен да назирага окшоп намёк таштап журуп алдыргам жолдошума...айымдарга ар дайым ак жол,эркектер айымдарга жол бошотуп сыйлаганды унутпагыла!..
06.04.2012. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БМВ Х5 менен ооруп журом,качан жетем деп,Назирага окшоп намек кылбай эле жолдошумдун кулак мээсин жеп баштадым))))
09.04.2012. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болсо баары жакшы
SUPER.KG видео
13.04.2012. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
динара эжекебиздин сулогону жаккан жок токтоорок суйлосо444
13.04.2012. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарынарда болсун...жок жаман!
28.03.2013. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga toyota camry jana toyta corolla aiabai jagat!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо