САКТЫК ҮЧҮН 2-3 ПРЕЗЕРВАТИВ КИЙИП АЛСА БОЛОБУ?

№196 4-10-август, 2006-ж.

– Мен оору жугузуп алуудан аябай корком. Ошондуктан, сактык үчүн 2-3 презервативди кабаттап кийип алсам болоор бекен деп ойлоно берем. Ушинтсем болобу? Макен, Карабалта.

– Презервативди кабаттап кийгендин ордуна бирди гана колдонуу коркунучсуз экендигин эске алыңыз. Себеби, кабатталган презервативдер бири-бирине сүрүлүп, жыртылып калат. Ушундан улам оору жугушу ыктымал. Анын үстүнө жыртылган презерватив аялдын” алигисинин” ичинде калып калуусу да мүмкүн. Анан аны алып чыгуу үчүн гинекологго кайрылуу керек.


САГЫЗ ЭРКЕКТИ ИМПОТЕНЦИЯГА ЖЕТКИРБЕЙБИ?

– Мен курбуларымдан сагызды, өзгөчө жалбыз кошулуп жасалганын көп чайноо эркекти төшөктө жөндөмсүз кылып коёт экен деп уктум. Ушундан улам курбуларымдын айтканына ишенсем болобу же жокпу деп сурайын дедим эле. Жази, Балыкчы.

– Негизи, жалбыз нервди тынчтандыруучу касиетке ээ. Ошондуктан, анын сексуалдуулукту жогорулатууга да, төмөн­дөтүүгө да тиешеси жок. Калган сагыз түрлөрү тууралуу деле ушундай кепти айтууга болот.


ЭМНЕ КЫЛСАК БОЛОТ?

– Аялым менен жашаганыма 4 жыл болот жана бир балабыз бар. Аялымдын жыныстык кыны тар болгондуктан, кошулуу ага ооруну алып келет. Эмне кылсак болот? Данияр, Ташкөмүр.

– Бала төрөлгөндөн кийин жыныс кынынын тардыгы тууралуу сөз кылуунун негизи жок. Оорутуу жана жагымсыз сезим болбоо үчүн “Интим-комфорт” мазын колдонуу сунуш кылынат. Эгер мында деле оорутуу токтобосо, анда гинекологго көрүнүү кажет. Бул жатын моюнчасынын эрозиясынан же сезгенүүдөн улам болуусу ыктымал.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо