БИР ЖЫЛ МУРУН БАЙБОЛОВ... АИДА АЙЫМГА ДА АЗ КАЛДЫБЫ?

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.

Дежавю дешет беле? Бир жыл мурун Кубатбек Байболов башкы прокурорлук кызматтан дал ушул маалда кол жууган. Жыл айланбай Аида Салянова анын тагдырын кайталап калышы ыктымал болуп отурат.

Башкы прокурор Аида Саляновага ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн депутаттардын арасында кол топтомой "старт" алды. "Салянова кетсин!" дегендердин тизмесинде 40тан ашуун депутат бар дешүүдө. Башкы прокурорду кызматтан четтетүү (отставкага кетирүү) үчүн 81 добуштук колдоо зарыл болот. Азырынча депутаттык корпустун төрттөн үч бөлүгүн бириктирүү үчүн аракеттер кызуу жүрүп жаткан имиш. Уюштуруучулардын сап башында “республикачы” Алтынбек Сулаймановдун турганы айтылууда. Сыягы, депутаттардын, айрыкча "республикачылардын" улам бир эл унутуп бараткан "быкыйын" чукуп чыгып, Аида айым чекеге чыккан чыйкан болду белем.
Мындай демилгенин көтөрүлүп калышы бекерден эмес. 28-март күнү ЖКда депутат Исхак Пирматовго кылмыш ишин козгоо боюнча парламенттик комиссия өз жыйынтыгы менен тааныштырган. Комиссияны жетектеген эл өкүлү Галина Скрипкина өтө "узун" сүйлөп, иштин чоо-жайын кесиптештерине чайнап бергендей эле болду. Анын баарына токтолуунун кажети жок. Кыскасы, комиссия “кылмыш ишин козгоо үчүн негиз жок жана ал саясий себептерге байланыштуу эмес” деп бүтүм чыгарып берди.
Салянова бул жөнүндө: "Мага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтоо Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизбейт. Пирматовдун иши азырынча токтотулат. Кол тийбестиги алынгандан кийин улантылмакчы",- деди.
Пирматовду кол тийбестигинен ажыратууга 89 депутат каршы болсо, 18и макулдугун беришти. Комиссиянын мүчөлөрү Гүласал Садырбаева менен Жоомарт Сапарбаев жыйынтыкка толук макул эмеспиз деп, бирок кол коюшуптур. Серепчилер чөйрөсү ЖКнын бул жоругун "сот менен прокуратуранын ишине кийлигишүү" деп баалашууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(4)
05.04.2012. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tatynakai eje
07.04.2012. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишеничти да билбейсин!
08.04.2012. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ бул депутаттар да оздорунун эле камын ойломой булардын копчулугунун сасык иштери бар да ошон учун коркушат чукуп чыгат эми деп,элди да ойлосонор боло элдин каргышынан корксонор боло,кыргыздын жигити болсонор озунор жанынарды уроп таза иштеп бергиле,былык иштеринер болсо кеткиле парламенттен эл кууп чыга электе!!!жайына коигула жакшына иштеп жаткан адамды!!!
08.04.2012. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида Салянова эжеке качан чон киттерге кылмыш иштерин козгоп эл алдына ачык айтып чыгасынар, делону козгойсунар, ачасынар кайра жабасынар эмне бул силерге дарбазанын эшиги беле,жакшыле билесизго депуттардын жарымынан кобу коррупцияга аралашкан.Аида иштей албасаныз анда кайра барып университетке сабак берип тынчеле отурунуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо