БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.

“ЧЕТ ӨЛКӨЛҮККӨ ТУРМУШКА ЧЫГУУ” ЖАРНАМАСЫНА ТЫЮУ...

  • Өкмөттүн токтому менен 2012-жылдын 23-мартынан тарта адамды жерге берүүгө 7189 сом өлчөмүндө жөлөк пул берилмей болду.
  • Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу, Кара-Көл, Токтогул, Баткен облусунан Исфана жана Ош облусундагы Гүлчөдө аймактык МИКРОРАДИОСТАНЦИЯЛАР июнь айынан баштап иштейт.
  • Чет жерликтер менен НИКЕ КУРУУ жөнүндө жарнамаларга парламенттик комитет тыюу салды.
  • Айыл чарба жана мелиорация министрлиги: "Жазгы талаа иштери быйылкы жылы 15-20 КҮНГӨ кечигүүдө",- деп билдирет.
  • Бишкекте, Улуттук кардиология жана терапия борборунда академик МИРСАИД МИРРАХИМОВДУН эстелиги ачылды.
  • 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча туристтик тармактан түшкөн салыктын көлөмү 2010-жылга салыштырмалуу эки эсеге жогорулап, 200 МИЛЛИОН сомду түзгөн.
  • “Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, климаттын өзгөрүүсүнүн тийгизген терс таасири боюнча КЫРГЫЗСТАН 3-орунду ээлейт”,- дейт БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү.
  • Муниципалдык "ЖАШЫЛДАНДЫРУУ" мекемеси Бишкек шаарында каалоочуларга бекер көчөт таратууну баштады.
  • Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору САБИРЖАН АТАЖАНОВДУН айтымында, соңку 40 жылдын ичинде миңге жакын мөңгү эрип кеткен.
  • Жогорку Кеңеш 2012-жылга карата өз чыгымын 190 МИЛЛИОН сомго кыскартты.
  • КЫРГЫЗ-КЫТАЙ чек арасы 31-марттан 4-апрелге чейин Кытайдагы иш-чараларга байланыштуу жабылат.
  • Тогуз-Торо районунун КАЗАРМАН айылында дамбаны бузуп өткөн агын суу 30дай үйдү, 150дөй чарба курулуштарын каптап, керектен чыгарды.
  • Айыл чарба жана мелиорация министри кызматына сунушталган АСКАРБЕК ЖАНЫБЕКОВДУН талапкерлигин Жогорку Кеңеш жактырды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
04.04.2012. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуп калса маймылга деле тийетта
))))))))))))))))
05.04.2012. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tura checheim kabyl alynyptyr, antpese, bizdin kee bir kyzdar smasalap jerdin baarynda ele, turmuwka 4ygyp ajyrawyp juruwot,jalpy kyrgyz kyzdarynyn atyn bulgap!!!
07.04.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jet jerlikter menen nike kyiynuu da tyiuu kylysh kerek, buga misal: Koreiaga kuioogo chykkan kyzdardyn shooruu kalyn, birok, namys degen bar eken ookurup yilap, kyrgyzdarga kezikkende argazyzdan jylmaiuuda, koreilerdin eneleri bul duinoonun tozogun daiardap kutup alat, baldary argasyz enesinin sozun ugat, bul jerde kyrgyzdardai eki jash baktyluu bolso eken , karmashkan koluu tuboluk bolsun degen jok, baldaryn kyzganyp, kylbagandy kylat, a kyrgyz kyzy jakshy umuuut5 menen onukkon olkodo
07.04.2012. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turmush kurat.........a bu jerdegilerdin chynygy jashosuu ITin jashoosuu.......

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо