№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
"Үңкүр да болсо үйүм бар" деген бекер сөз эмес. Үйлүү болуп, буту-колду кенен сунуп жашоо – ар бир адамдын тилеги. Биз элге төбөсү көрүнгөн бир катар саясатчыларга кайрылып, канча жашында үйлүү болгонун сурап көрдүк.
Султан Раев, президенттин кеңешчиси:
– Мен эл катары эле бир топ жыл батирде жашап жүрдүм. Тагыраак айтсам, 12 жыл. 36 жашка келгенде өкмөт үй бөлүп берген. Бул 1994-жылы болчу. Ошондо жаран катары менчик үйлүү болуп кубанганым азыр да эсте.
Ибрагим Жунусов, Маданият жана туризм министри:
– Мен 24 жашымда 2 бөлмөлүү үйлүү болгом. Ошол маалда аялым Жалал-Абадда эжеси менен жашачу. Кийин алар башка жакка көчүп кетишип, ал үй автоматтык түрдө аялыма калган. Ал кезде көп кабаттуу үйлөр сатылчу эмес, ал эми жер үйлөрдүн баасы асманда болчу. Кыскасы, 4 жылдай батирде жашап, анан үйлүү болгонбуз.
Данияр Тербишалиев, ЖКнын депутаты:
– Батирлеп деле жашаган жокмун. Эр жеткенче ата-энемдин колунда туруп, 21 жашымда Лондонго окууга кеткем. Ал жактан окуу менен катар иштеп акча чогулттум. Бишкекке келип бир аз каражат кошумчалап, 4-кичирайондон 2 бөлмөлүү батир сатып алгам. 22 жашта болчумун.
Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери:
– Жеке менчик үйгө 40 жашымда жеткем. Ага чейин көптүн бири катары эле батирде, депутат болгондон кийин Жогорку Кеңеш берген үйдө жашап жүрдүм.
Каныбек Иманалиев, ЖКнын депутаты:
– Батирден батирге көчүп жүрүп, 1994-жылы 25 жашымда үйгө жеткем. Ал кезде үй-бүлөлүү болуп калган кез болчу, баш-аягы 6 батирде жашаптырбыз. Азыркы "Хайат" мейманканасынын жанына батир берем дегендер келчү да, тандап ээрчитип кетишчү. Ошол жерде турчубуз, "бизди ким алып кетет болду экен?" деп. Анан "өз үйүң – өлөң төшөгүң" демекчи, ата-энем жардамдашып үй алганбыз.
Асия Сасыкбаева, ЖКнын депутаты:
– 50 жашымда, 2001-жылы Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөн өзүмө үй сатып алгам. Азыр да ошол үйдө жашап жатам. Мындан башка дагы бир үйүбүз бар. Балам өз эмгеги менен салган, бирок менин наамыма катталуу. Үйлүү болгонго чейин ата-энемдер менен, кийинчерээк узак мөөнөткө берилчү атайын батирлерде жашап келгенбиз.
Дастан Бекешев, ЖКнын депутаты:
– Үй сатып алганыма 3 ай гана болду. Өз алдымча ата-энемден бөлүнүп, 26 жашымдан баштап батирде жашап келдим. Батир деген батир, эч качан өз үйүңө жетпейт.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |