«КОШ ЖАРАНДУУЛУК МЕНЕН АКИМ ШАЙЛООГО БОЛБОЙТ»

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.

Февралдын башында өткөн жергиликтүү Кеңештерге шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, “кайрадан шайлоо болсун” деп бир катар райондун эли дүрбөлөң түшүүдө. Алардын катарында Чүйдүн Панфилов району да бар. Акимдикке талапкер катары шайлоого Райымкулов Бактыбек, Райымкулов Мелис жана Сыдыков Таалай катышып, жеңиш Бактыбек Райымкуловго тийген.
Арыздануучулардын айтымында, чырдын башы райкеңештин депутаттарынын ичинен Кадыралиев Токторбектин кош жарандуулугу бар деген маселеден келип чыккан. Ал Орусиянын жараны болуп, бул жакта убактылуу гана каттоодо экендиги тууралуу маалымат ачыкка чыккан. Демек, ал аким шайлоого катыша алмак эмес. Ушуну айткан шайлоочулар "мыйзам чегинде кайрадан шайлоо болсун" деген талап менен сотко кайрылышкан.
"Алаш-Ордо" улуттук партиясынын аппарат жетекчиси Улан Абдрахманов: “Нааразы болгон тарап алгач райсотко кайрылышкан. Райсот мыйзамды көз көрүнөө тепсеп, "кош жарандуулугу менен шайлоого катыша алат" деген чечим чыгарып берген. Жогорку Сотко кайрылышты, Жогорку Сот "бул чечим мыйзамсыз, кайра райондук сотто каралсын" деп артка кайтарган. Ал эми райсот бул ишти Жайыл райсотуна жөнөтүп, алар Панфилов райсотунун чечимин колдоп койду. Иш кайрадан Жогорку Сотко берилген. Жогорку Сот буга чейинки чечимин жокко чыгарып, эмнегедир райсоттун чечимин мыйзамдуу деп тааныган. Элдин укугун тепсеген соттор, Жогорку Сот баш болуп мамлекетти артка тартып жатат”,- дейт.
Бул өлкөбүзгө соттук реформа зарылдыгынын дагы бир далили.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо