ОШ ШААРЫНЫН АЙДООЧУЛАРЫ ҮЧҮН ЖОЛ ЧЫРАК ДАЙЫМ ЖАШЫЛ

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.

Гезит Ошко ачылары менен шыбап баштады дебейттирсиз, окурман. Анткени коомдогу оош-кыйышты, ачуу чындыкты, элдин үнүн биз чагылдырбаганда ким чагылдырат?..

ОШТОГУ АБАЛ БЕШ ЖЫЛ МУРУНКУДАЙ
Мындан беш жыл мурда Оштун студенттер шаарчасынан төрт кыз 102-маршруттук каттамдагы кичиавтобуска отурган элек. Кичиавтобустун эшиги калдырап-шалдырап араң эле бараткан. Кыскасы, маршруткада баарыбыз отуруп, бир кызыбыз туруп калбаспы. Карл Маркс атындагы мектептин жанынан маршруткабыз катуу бурула берди. Эмнегедир артынан бирөө кууп келаткандай катуу ылдамдыкта кетип бараткан эле айдоочубуз. Көз жаздымда эшик тарс ачылып, курбум жерге кулап түштү, а айдоочу зуулдатып байкабайт. Маршрутканын ичи ызы-чууга түшүп, “токтот эле, токтот” деп айгайлап калдым. 100 метрдей айдап барып “нима болду?” (эмне болду?) деп таң калат айдоочу. Токтотуп эле жыгылып калган кыздын жанына чуркадык. Өңү бопбоз болуп, чачы-башын оңдоп, эки жакты карап элеңдеп калыптыр. Айдоочу “эч нерсе болгон жоксуңбу? Мен кете берейинби?” дейт. Ачуум келгендиктен, маршруткадагылардын баарын түшүрүп, айдоочуга кыйкырдым “эмнеге кете бересиз, бул жакта адам өмүрү коркунучта турса?!” деп. Ошентип, айдоочу, анан төрт кыз ооруканага жөнөдүк, баягы калдыраган маршрутка менен. Жолду ката “эшикти сен өзүң ачып жиберген окшойсуң, кызым” деп болушунча өзүнөн күнөөнү оодарганга аракеттенди. Ооруканага жеттик, Кудай жалгап, оор жаракат албаптыр. Бирок денесинин баары көгөрүп, сыйрылып, бир топко дарыланып чыккан. Муну менен мен эмнени айтайын дедим? Ош шаарынын айрым маршруттук таксилери дале ошол 5 жыл мурункудай абалда экен.

ЖОЛ КӨЙГӨЙҮ ЗЭЭН КЕЙИТЕТ
Ала-була жөө адамдар өтчү жолдон өтөйүн десең, айдоочулар жол бербейт. Машинасын дал ошол жөө жүргүнчү өтчү тилкеге миндирип туруп, жол чыракты күтөт же жөө адамды өткөрбөй зуулдаган боюнча өтүп кетет.
Үйдөн кеңсеге чейин же башка жумуштар менен кичиавтобуска түшүп, жакаңды кармап барасың, чын айтам. Аялдама жок жерден кокус токтотуп калсаң, бутуң тепкичке тийип тие электе жүрүп кетет. Бул борбордон жаңы келген жалгыз биздин гана жолго көнө албастыгыбыз эмес, Ош шаарынын тургундарынын чоң көйгөйү экенин эсепке алуу менен жазып отурабыз.

АЛА ТАЯКЧАНДАР КАРАШПАЙТ
Бир ирет мэриянын артынан маршрутка тосуп калдык. Эки жигит экен, алдындагы 125-маршрутка менен жарышып айдайт. “Ай, адам алып кетип жатасыңар, мал эмес” деген сөзүбүзгө “болуптур” деп кутулуп эле кайра баштайт катуулантып. Базарга кире берерде алыстан ала таякчан МАИчини көрүп “аа, ушулар кармайт го” десем, кайдан, МАИчи ар жакты бир карап, бер жакты бир карап тургуча зуулдаган боюнча өтүп кеттик. Көрбөй калды го деген ой менен дагы 300 метр жүргөнүбүздө дагы бирөө турат, ала таягын көтөрмөк тургай айлананы аңырая тиктеп кала берди анысы. Ошентип кейип отуруп Ош районуна жеттик. Кыскасы, экинчи калаабыз дейбиз Ошту. Балким, каражат, балким, башка маселелер менен болуп жүрүп жолдун өңгүл-дөңгүлүнө эч ким маани бербес, бирок айдоочулар эрежени уруп да ойнобойбу же МАИчиси маани бербейби, түшүнүксүз. Муну менен айдоочунун, МАИчинин баарын айткыбыз келбегени менен, көпчүлүгүнө өзүбүз күбө болуп отурабыз. Бир сөз менен айтканда, Ош шаарынын айдоочулары үчүн жол чырактын жашылы да, кызылы да, сарысы да дайым жашыл экен, аттиң!

Бурул Исмаилова
info_osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(49)
10.04.2012. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ey kyrgyz elim oygongula bul jerde echkim oshko azylgan jok antip bolunushtun keregi jok tuugandar ,chyndyk bar jerde chychalamay bar deyt bul en tuura jazylgan makala menin kurbu kyzym oshto jashayt al aytkan bizde jol erejesi jok bespredeldep arkim ozu bilgendey aydayt dep
10.04.2012. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Как будто башка областтарда жол эрежесин кыйратып ондоп жибергенсип,светофорлорду орноштуруп,таптакыр идеальный болуп авария болбочудай жазыпсынар да!адамдын кулкусун кыстап,Кыргызстан б.ча бир нормально иштеген дорожный система бар бекен озу???
10.04.2012. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jansezim26, Сайттын колдонуучуларынын Ош шаары үчүн күйүп, ойлорун жазып жатышканы бизди албетте, кубандырат. Бирок, максат Ош Бишкек деп бөлүүдө эмес. Биз, кыргызстандыктар, "түштүк борбор" деп өзгөчө статуста караган шаарыбызда МАИ кызматкерлери тийиштүү деңгээлде иштебей жатышкандыгын билдирүү, элге, чоңдорго жеткизүү. Макаланы жазган журналист да сиздей эле шаар w
10.04.2012. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shasi, ОШТО эле эмес башка областарда да МАИчилер ошондой иштейт.Анан да кайсыл айдоочу ункур чункур жолдо машинасын зуулдатып айдасын бул жерде журналистин созу коошпой калыптыр!Мин уккандан бир коргон жакшы андан кору Ошко келип, ойноп,конул ачып,эс алып,кеткиле.Ош мынчалык даражада эмес экенин коросуздор.Подрушкам,досум айтты дебестен.Ош окуясынан кийин Ош эн жаман акыбалга келген болчу бирок ошол ондолуп ОШ коркуно келди.Жаз келди эми мындан да коркуно корк кошулат.
11.04.2012. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7777777EL, жогоруда эле shasi деген колдонуучу "биздин максат Ош-Бишкек деп бөлүү эмес, Ош шаары экинчи борбор болгондуктан башка кичи шаарларга салыштырмалуу өзгөчөрөөк көзөмөл жүргүзүлүшү керек" деген өңүттөгү оюн айтып өттү. Кайра эле бөйрөктөн-шыйрак чыгарып, башка региондорду кыпчый бериштин не кереги бар?
11.04.2012. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7777777EL, Өз учурунда башка региондордун да күн көрбөгөн бети ачылат, алардын да кемчиликтери жазылат. Ар нерсенин убакыт-сааты болот да, туурабы? Анан да, бул макала сиз айтып жаткандай "бирөөнүн подружкасынын айткан сөзү" эмес. Макаланын автору учурда Ош шаарында.
10.04.2012. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маршруткадан кыздын тушуп калганы жакты да хахахахаха!7777777EL ош учун абдан жан куйгузуптурсунго жаманын жашырып жакшысын ашырып,мумкун бул макалада ачуу чындык айтылып жаткандыр!7777777ELСизди Ош шаарынын мери кылыш керек экен!
10.04.2012. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
bul jazylgandar tuura emes oshko ancha konul burulbai atat ak uidon a Melis Myrzakmatovdun araketi menen Osh azyr onugup osup turgan maaly airoport jaktan Manas atabyz Batken jaktan Barsbek baatyr a Ozgon jaktan kele jatkanda Alymbek datka estelikteri turguzulup Ordolu Oshtu korgop turat albette sakender kop olordu ketirish uchun jogor jak araket kylysh kerek sakenderge koshomatanbai
11.04.2012. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ow waary Biwkek mn birdei ele onyp,ozyp kele jatat,Ow waarynyn merine Melis myrzaga rahmat waardy ondop koidu,Kudai ozy koldosun sizdi
11.04.2012. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudaiym buirusa biz Ow waarynyn turgundary Ow waaryn dagyda bolso onyktyrobyz,menin jawoom menin waaryma arnalat,alga Ow waary!!!
11.04.2012. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туптуура жазылыптыр. Мелис Мырзакзамтовдун жанындагылар эле жазып жатат муну, ошко асылбагыла, тиги бу деп. Мен Ошто жашайм. Кары-картандар студент байкуштар дегеле копчулугу зебрадан отолбай эле турабыз. Маршруткалар быт-чыт ужас. Толугу менен кошулам. Чычалагандын ордуна чындыкты билгинер келсе оз козунор менен коруп-билсенер анан тушуносунор, чын эле жол койгойу ушундай экен деп.
14.04.2012. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаку, Кокуууй де, Мэрдин жанында олтуруп алып жазып атат де, ошол Мэрдин жанындагылар бул сайтты окуйт бекен ошону билеличи биринчи ....
11.04.2012. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samboго кошулам.7777777EL,uli.osh, monchok, биз деле Ошту 5 колубуздай билебиз, Сулайман тообуз менен сыймыктанабыз. Анан ошол сыймыктуу жергебиздеги койгойлорду канчалык эрте жойсок ошончолук жакшы эмеспи. Мэрияда иштеген кызматкерлердей эле чычалапсынар го же чын эле ошондойбу?..
11.04.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде маселе журналиссте же Ошто эмес, бул макала аркылуу олкобуздогу ушундай койгойлорду ачыкка алып чыгууда болуп жатат. Муну ар бир облустун губернаторлору, шаарлардын мэрлери козомолго алышы керек. А ала албаса чычалоодон башка арга жок:)
11.04.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dooron, макаланын авторунун аброюна шек келтирүүчү, жекелик формадагы билдирүү калтырганы ңыз үчүн 10 күнгө сайт менен кодонуу укутарыңыз чектелди!
11.04.2012. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uli.osh, макаланын максаты Ошту жаман көрсөтүү эмес, тескерисинче, Оштун көйгөйлүү маселелерин жогору жакка жеткизүү. Бул жакка кирип алып, регионалдык бөлүнүп-жарынууну уюштуруп, кабарчынын ата-тегине жете сындаштын кереги жок. Эреже окуңуз, 3 ай БАН!
11.04.2012. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7777777EL, "95% жалган" деген билдирүүңүз үчүн сиз дагы 90 күнгө "мончого" жөнөтүлдүңүз! Далилсиз куру сөз менен бирөөнү каралай бериштин да чеги болсо керек.
11.04.2012. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне учун мени коментими очуруп салдынар?
11.04.2012. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналист оз козу менен коргон, озу кубо болгон окуяны чагылдыруу менен жалпыбызга (Кыргызстанга) тиешелуу койгойду которгон. Кыргызда жакшы соз бар: "Ооруну жашырсан, олум ашкере кылат" деген. Анын сынарындай, бул макаладагы берилген жагдайларга эмнеге ишенбей жатканынарга тушунбодум. Мындай маселе бир гана Ошко эмес, Кыргызтандын бардык аймактарына тиешелуу да. Керек болсо баш калаабыз Бишкекке да! Андыктан чымындан пил жасоонун кереги жок деп эсептейм.
11.04.2012. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор, бул жерде эч ким Ошко асылган жок, жолго асылып жатат.
12.04.2012. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маданиятту адамдын дагы бир сапаты-сынды туура кабыл алабилуусу.Сын такканда кыйынсынар.Сындалганда чычалайсынар.Бул жерде жеке огородунарга эмес жалпы шаардын кызыкчылыгы учун айтылып жатпайбы..Сын бар жерде онугуу болот.Мен да 30 жылдан бери Ошто жашайм.Жогоруда жазылгандар Ош шаарынын койгойунун 1% гана. Акыркы учурда регионалдык улуттук болунуу деп керексиз эле терикчил болуп кетишти.Болунуп жарылган регионалдык денгээлден Мамлекеттик денгээлге которулуунун учуру келмек турсун отуп баратат.
12.04.2012. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми журналист айымга айтаарым жолунуздан талбаныз.Которулгон койгойлордун бироосу болсо да чечилсе сиздин женишиниз биздин кубанычыбыз болот.
12.04.2012. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне мынча чычалап алгансыңар?! Бул жерде шаардын абалын зээни кейигенден жазып жатат да. Журналист эмнеге журналист, жашоодогу көйгөйлөрдү, оош-кыйыштарды элге жеткирүү максатында. Аны кабыл алуу, кабыл албоо адамдын өзүнөн. Силер ушинтип реакция кылып жатасыңар, демек, элге бул нерсе жетти. Эми ошого көзөмөл кылган адамдар кыймылдай башташса эле чоң иш болмок. Автор азамат, ушундай нерселерди жазып туруш
12.04.2012. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талаштан Тактык жаралат дейт туугандар жаштардын талашканы демек бул жаштар келечекке болгон коз карашы жанданып жатканы жана оз кичи мекенин суйуу бул жакшы нерсе!
13.04.2012. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол чыракты дайыма машинага жашыл кылган адамдар озу.Коомдук транспортту каалаган жерден кол которуп токтотушат,айдоочулар да каамырабастан токтойт каалаган жерине.Жоо жургунчулор болсо зебрадан анда-мында отпосо,каалаган жерден отушот.МАИ кызматкерлери чонтогун толтуруу менен убара.Айдоочуларга да,жоо жургунчулоргода айтаарым жол эрежелерин сактайлы.Мындай койгойлуу маселелер бир эле Ош шаарында эмес республиканын бардык аймактарында кездешет.
13.04.2012. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мужская логика: узнаю - убъю. Женская логика: хоть убей - узнаю. Андан коро бир аз болсода кулуп койгула уруша бербей
13.04.2012. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен озум Оштон болом,бирок коп жылдан бери Россияда жашайм. Кече жакында эле Оштон келдим мен эс тарткандан бери эч нерсе озгорбоптур, озгоруу качан адамдын минталитети озгоргондо жылыш болот. Баарына чондор кунолуу эмес, наоборот чондорду куноологон жаран куноолу. Ошол эле жаран аялдамага барбайт офистен чыгып эле кол которуп унаа тоскон салтка айланган. Жада калса Оштун бизнесмендери да кафе ресторан клубдан башка эч нерсе ачкысы келбей калыптыр. Андан коро недвижимостько инвестировать этсе бо
13.04.2012. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chto etim hotite skazat'? Tipa gorod Osh ne dostoina 2 stolicy?
13.04.2012. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээээй эл журт, ушул суперстанда бир патриоттор, болунуп жарынбагандар отурат го десем, бул жак деле ушундай тура. деги макаланы окуп, тушунуп, туура анализ беруу деген барбы деги? ушул журналист болуп жарайын деген максатта жазды дейсинерби? тиги баракелде деген сайтта да нурбек эгендин жаны киносун элдер озу коро электе эле, аны талкуулап, демек колдун эркектери аракеч, кыздары женил ойлуу экен да мушташыватышыптыр ай, Эген элди болуп жарып салды деп, деги информ-ны туура тушунуу деген барбы?
13.04.2012. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул эле макала, бирок Бишкек деп жазылса, мынча ызы чуу болбойт эле э?
14.04.2012. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу окурмандар,мен озу Ош шаарынада торолуп оском. Айтар элем беш манжа тен эмес дегендей, жакшы айдоочу да бар, жакшы пешеход да бар. бирок 3-4 мурункуга караганда азыр айдоочулар бир аз болсо да пешеходду откозот, ал эми биздин Ош шаарынын жарандары, тургундары (студенттер) зебра дегенди 80-90% билишбейт.Чынын айтканда тээ алыстан келген студенттер светофор тек гана автоунаалар учун деп ойлойт, каалаган жеринен басып, чуркап отот, светофор жашылыбы, кызылыбы баари бир ото берет.
14.04.2012. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окурмандар, колдоонучулар суранам Ошко асылба тийишбе деген создорду калтырсанар же болбосо жакшына окуп тушунуп жазгыла бул жерде сенин жерин менин жерим деп эч ким болгон жок. Уят, окуп отуруп жиним келди кээ бир Оштук жердештериме. туура кабыл алгыла, Чиновниктер гана болунушот дейсинер а озунорду ким айтат?
Шаар кудай буйурса онугуп эле келип жатат, бирок жол жаман ал чын, ондойбуз деп соз беришкен. кутобуз
14.04.2012. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан коро келгиле конок болуп кеткиле, 1-3 адамды тосуп алып 1-2-3 кун эс алдырганга алым жетет. Болунбогулочу. Мисалы бизде жумушта Нарындык Колдук,Баткендик, Таластыктар иштешет баары жакшы балдар кулуп приколдошуп бири-бирибиздикине коноко барып эле журобуз. Андан коро 1 штат бар келип иштегиле Чуйдон же Жалалабаддан болсо жакшы болот.
14.04.2012. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир аз тийишип жазылганбы Ошко? Мындай акыбал баардык эле шаарларда болот, жолдорубуз начар да шоферлорубуз кыйналып атат го, МАИчилер болсо коп конул бурушпайт.
15.04.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм чындыгында кейитерлик маселе
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо