КОРРУПЦИЯ ЖЕҢЕБИ ЖЕ САЛЯНОВАБЫ?

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.

ПАРЛАМЕНТ ӨЗҮН КАЛКАН СЕЗИП...
Жогорку Кеңеш "Исхак Пирматовду кол тийбестигинен ажыратууга негиз жок" деп бүтүм чыгаргандан бери бир топ уюмдар “депутаттар кесиптешин калкалашып, бул кадамы менен коррупцияга каршы башталган кампанияга каршы чыгышууда” деп баа беришүүдө. Мындай пикирди эл өкүлдөрү эсепке алууну туура көрбөй, парламентте башкы прокурорго ишенбөөчүлүк жарыялоого 77 депутат тарабынан кол чогултулганы кабарланды. Дагы 4 эл өкүлүнүн колдоосу кошулары менен Жогорку Кеңеш Аида айымды кызматтан түшүрүү үчүн президентке сунуш жолдошмокчу. Бирок, мыйзам боюнча, соңку чечимди президент кабыл алат.

ПИРМАТОВ КЫЙЫН ЗЫЯНКЕЧПИ?
Ал ортодо маалымат булактарында 2008-2010-жылдары Исхак мырза жетектеп турган “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жумушчуларынын пикирлери жарыяланууда. “Ошол маалда "Кыргызнефтегазга" "Юнитрейд" деген ишканадан баасы бир нече эсеге атайын кымбаттатылган товарлар сатылып алынган. Мисалы, 10 сомдук буюмду
50 сомго деп сатып келе баштаган. Экинчиден, “Кыргызнефтегаз” өндүргөн күйүүчү майды 7-9 сомго чейин арзан сатып, өзүнүн “Кыргызмунай” фирмасы аркылуу кымбат сатып жүргөн. Бул тууралуу бизде толук далилденген документтер бар”,-
деп аталган ишкананын профсоюз уюмунун төрагасы Акунбек Раимкулов “Азаттык” сайтына билдирген.

ПРОКУРОР КЕТЕТ ЖЕ ПАРЛАМЕНТ ТАРКАЙТ
Коррупцияга каршы күрөштү сөз эмес, иш жүзүндө баштаган прокурорго каршы катуу аракет кылып жаткан айрым депутаттарга шайлоочулары “коррупцияны жоёбуз деп убада бербедиңер беле?” деп суроону кабыргасынан коюшу мүмкүн. Аны менен парламент эл алдында ишенимин жоготуп, айрым серепчилердин пикири боюнча, Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн эрте таркап кетиши мүмкүн.
Эми биринчи жолу министр менен депутатка кылмыш ишин козгогон Башкы прокуратуранын ишине тоскоолдук жаралабы? Же 120 эл өкүлү кесиптешин тергөөгө жөнөтүп, Жогорку Кеңеш да коррупцияга каршы күрөшүп жатканын көрсөтөр бекен?..


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(13)
09.04.2012. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
депутаттардын баардыгы коррупционерлер да, кийинки кезек бизге келет деп чочуланышып прокурорго каршы чыгып жатышат булардын барынан жогу жакшы!!кайра жардам берип корупцияга каршы курошкондун ордуна корупционерлерди коргоп отурушат акмактар!!
09.04.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салянованы кетирсе корупция жоголбойт экен да............
10.04.2012. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин ойумча чечилет болуш
керек
10.04.2012. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок бул корупция биздин элибизде элге синип калган аны жаштар тушунтуруу иштерин жасаш керек, анткени сизлердин балдарынар,так ушу проблема козголуп чыгат, ошону учун эрте ойлонолу.
11.04.2012. 06:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"...акетай, биз да ооз тиели..."
(Ө.Текебаев)
11.04.2012. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О.Текебаевдин деги жанын коесунарбы?А Салянованын жасап жаткан иштерин коро албагандар толтура,мына иш жузундо далилдеп бергенден кийин баары отуруп калышабы же ордунан кетишеби аны эл бат эле таразалайт.
11.04.2012. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Салянова озу бироонун кызматын кылып жатат да ошонун озу коррупция да, бул нерсе ачык эле билинип калып жатбайбы кимдин ишин аткарып жаткандыгы.
11.04.2012. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырылып эле орун талашып жатып калгыла биз бул жакта Алайкууда ушуп журо берейлиби? бири дагы элдин камын коргусу келбейт!!!
13.04.2012. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Прокурор кетсе анда парламент таркасын.
14.04.2012. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы иш баштадын Аида абайла бирок кыргызстанда 120 'вор в законе' туруштук бере аласынбы.
15.04.2012. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чукуп келсе баардыгынын .... ...!
15.04.2012. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЖК озунун кесиптешин актап жаткандай
15.04.2012. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карга карганын козун чукубайт болкп жатышат да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо