Асел Айдарова: «САХНА ДЕП ЖҮРҮП ЖЕКЕ ЖАШООМДУ ЖӨНГӨ САЛА ЭЛЕКМИН»

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.

Бул ирет биз конокко адаттагыдай ырчы же актёр-актрисаларды чакырбастан, бийчи, болгондо да учурдагы кыргыз балетинин прима-балеринасы Асел айымды чакырдык.

ФРЕЗИЯ ГҮЛҮН ЖАКТЫРГАН АСЕЛ

Толук аты-жөнү – Айдарова Асел Каныбековна
Туулган жылы, күнү – 23-июль, 1984-жыл
Салмагы – 47 кг
Бою – 167 см
Жактырган түсү – Көгүш түс
Жактырган гүлү – Фрезия
Сүйүп көргөн тасмасы – Совет фильмдери
Кумирлери – Бүбүсара Бейшеналиева, Рейна Чокоева
Жактырган жазуучулары – Чыңгыз Айтматов, Пауло Коэльо, Ричард Бах
Жан дүйнө азыгы – Элдердин тынымсыз кол чабуусунан ырахат алат
Күнүгө кайталаган нерсеси – 3-4 сааттык машыгуу

– Кандайсың, Асел? Чү дегенде эле балериналык кесибиң туурасында баштасак. Кандайча бул кесипти аркалап калдың?
– Рахмат, жакшы. Кесипке кызыгуум 6 жашымдан башталган. Таякем Кулубек Ишеналиев балет бийчиси болчу. Ал сахнада бийлеген күнү дайыма апам мени ээрчитип алып театрга келчүбүз. Анан алардын спектаклин көрүп, үйгө барганда сөзсүз кайталай бермейим бар эле. Кызыгуум артып отуруп, өзүмдүн каалоом менен 6 жашымдан баштап бийге бара баштадым. Анда мен улуттук бийлерди бийлечүмүн. 4 жылдан кийин гана профессионалдык багытта балет тарапка ооп, 10 жашымдан баштап Балет училищесине кирип окуп калдым.

– Ата-энең дароо эле макул болуштубу?
– Ата-энем дароо макул болушту. Бирок ошол кезде мен кичинекей кыз болгонума карабай таякем жанына отургузуп алып балет жөнүндө аябай түшүндүргөн. "Бул кесип өтө оор, чыдайсыңбы?" деп сураган, мен "чыдайм" дедим да окуй баштадым.

– Кандай оорчулуктары бар экен? Балетте дагы атаандаштык деген барбы?
– Эми ар бир кесиптин өзүнүн оорчулуктары бар дечи, бирок балетте күн сайын машыгып турбасаң, өзүңдү жоготуп коюу бат эле. Ал эми атаандаштык бардык жерде эле бар да. Сахна артындагы тирешүүлөрдү сахнада гана жеңүүгө болот. Эл өзү баалап, тандап алат.

– Эл суктанткан дене мүчөнү кантип алып жүрөсүң?
– Чынын айтсам, мен бала кезимден эле эч качан диета кармап көргөн эмесмин. Эмнени кааласам баарын жей берем. Ар бир адамдын физиологиясы ар башка эмеспи. Балериналыкка окугандардын көбү өткөөл куракка келгенде толуп кетүү коркунучуна кабылышат. Албетте, денеде ашыкча салмак пайда болсо эле бизде окуудан айдалып кетмей бар. Бирок менде андай коркунуч туулган жок.

– Чоң сахнага алгачкы жолу чыккан көз ирмемдер эстен кетпесе керек...
– 13 жашымда Майрам Акаева уюштурган “Жаш таланттар” сынагында алгачкы жолу сахнага чыгып, ийгиликке жетишкем. Кийин 18 жашымда училищени аяктап, орто билимдин ээси болуп театрда иштеп калдым. Театрда алгачкы жолу “Ак куу көлү” балетиндеги Одетта менен Одиллиянын ролун ойногом. Ошондон тартып эле Чолпонбек Базарбаев сыяктуу кыргыздын белгилүү балет бийчилери менен биргеликте дүйнөлүк гастролдорго чыга баштадым. Быйыл менин сахнада жүргөнүмө он жыл болуп калыптыр. Талантым менен жер кезип, бир топ өлкөлөрдү кыдырып келдим. Бир топ мамлекеттик сыйлыктарды алууга жетиштим. Мисал катары жакында алган сыйлыктарымды айтсам, 2010-жылы маданиятка жана искусствого кошкон салымым үчүн КРнын Ардак грамотасы менен сыйландым. 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" белгисин тагындым. Дагы да багындырчу бийиктиктер алдыда. Балериналык кесип эрте башталат да, эрте аяктайт. Дагы он жылдан кийин мен пенсияга чыгам. Балериналыктын чеги сахнага чыккандан тартып 20 жылда бүтөт.

– Кызык экен. Андан аркы кесиптик тагдырың эмне болот?
– Мен училищени аяктагандан кийин Улуттук консерваториядан режиссёр-балетмейстерлик жаатында билимимди жогорулатып алгам. 4 айдан бери көркөм гимнастика боюнча сабак берип келем. Балетмейстерлик менен кесибимди уланта берүүгө даярдык көрүп дегендей.

– Кесиптик жаатта го баары жайында экен. Жеке турмушка качан көңүл бөлөсүң?
– Жеке турмуш жайында, албетте, ойлоном (күлүп). Быйыл, буюрса, 28 жашка чыгам. Тилекке каршы, болочокто менин жөлөк-таягым болчу адамды таба элекмин. Жакында эле бир “ухажёр” пайда болгон, жакшы мамиле кылып дегендей... Түркияга гастролдоп кетип, кайра келсем, жок, чалбай калды (күлүп). Келгениме эки күн болду. Биринчи кадам таштап, өзүм чалганга намысым жол бербейт.

– Ата-энең "кызым, убагың келип калды, турмушка чык" дей башташса керек...
– Оо, андай сөздөрдөн кулак тажай баштады. Өзүм деле турмушка чыгып, балалуу болууну эңсеп калган кезим. Бирок...

– Бош убактыңда эмне кыласың?
– Бош убакыт менде көп деле эмес. Бизде эң жооптуу жумуштар дем алыш күндөрүнө туш келет. Ал эми эс алуу күнү биз үчүн дүйшөмбү. Курбуларым, үй-бүлөм менен болом. Үй жумуштарын жасайм.

– Ырчы Каныкей менен жакын курбулардан экениңерди билебиз...
– Ооба, биз экөөбүз сыртыбыздан бири-бирибизге күйөрман экенбиз. Ал менин бийлериме ашык болуп жүрсө, мен анын ырларын сүйүп угуп дегендей. Анан бир күнү менин бир курбу кызым аны менен тааныштырып калды. Ошондон бери жакын адамга айландык. Бири-бирибиздин үйлөрүбүзгө барып турабыз. Эс алууларга чогуу барып дегендей. Каныкей “жүрү, муз тээп келебиз” эле дей берет. А муз тебүү бизге коркунучтуу да, бутубузду кокустатып алуу жумушка тоскоол болот. Ошондуктан “макул, барабыз, мен теппей эле сени карап турам” десем ага болбойт.

– Ырчылар демекчи, силер да алар сыяктуу тойлордо кызмат кыласыңарбы?
– Чоң суранычтар менен бир-эки жолу болсо керек эле. Бирок бул нерсе бизге абдан коркунучтуу. Биз сахнада атайын балет бийине арналган линолеумдун үстүндө бийлейбиз. А андай нерсе жок жерде жыгылып калып бутубузду кокустатып алуу коркунучу күчтүү. Бизди бутубуз багып жаткандан кийин сак болушубуз керек. Театрдын айлыгы өзүңдү багууга жетпейт. Ошол себептен сабак берип, кошумча акча табабыз.

– Сени прима-балерина катары көчөлөрдө таанышабы?
– Жок. Мен коомдук транспорттор менен эле жүрөм. Көчөдө эч ким деле тааныбайт. Баары мени таанып, колдору менен көргөзүп жатышкан болсо, атамдан машинасын талашып айдамакмын го. Азырынча андай муктаждык боло элек.

– Балетти элиталык искусство деп коюшат. Биздин элита өкүлдөрүнөн кимдерди театрдан көп көрөсүң?
– Ооба, балет – бийлердин ханышасы. Бир жолу “Шахрезада” деген балеттин бет ачары болуп калды. Бир маалда күтүүсүз жерден ошол кездеги президент Роза Отунбаева кирип келсе болобу. Баарыбыз таң калып караптырбыз. Көрсө, экс-президентибиз да балетти жакшы көрөт экен. Андан тышкары белгилүү хирург Эрнст Акрамов дагы балет сүйүүчүлөрдүн катарын толуктайт. Ошондой эле эл тааныган инсандардан курбум Каныкей, Ассоль Молдокматовалар келип турушат.

– Баса, сени модель, киноактриса катары да көрүп калдык...
– Ооба, эки жааттан тең чакыруулар түшүп, өзүмдү сынап көрдүм. Модель катары чакырышканда дароо эле макул болдум. Себеби өзүм да ичимден каалап жүргөм. А киного тегерегимдеги жакын адамдардын баарынын кийлигишүүсү менен араң макул болдум. Биринчиден, убакыттын тардыгын ойлодум, экинчиден, бир аз чочуладым. Ошентсе да жыйынтыгы жаман эмес.

– Сөзүңдүн акырында үй-бүлө, туулган жер туурасында кеп кыла кетсең...
– Мен Бишкек шаарыбызда эле төрөлүп-өскөм. Атам троллейбустук башкаруу жаатында кызматта болсо, апам балдар дарыгери. Канышай аттуу менден эки жаш кичүү сиңдим бар.

– Маегиңе рахмат.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Кыргыздын прима-балеринасы Асел Айдарова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(22)
SUPER.KG видео
07.04.2012. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mmm jakwuuu zor abdaan mne toje xo4etsya nooo pozdno ujeee.uda4i vam.
SUPER.KG видео
07.04.2012. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asel azamatsyn! Kyrgyzdyn atyn alyska taanytyp, Bubusara ejebizdin jolun joldop, chon-chon iygilikterdi jaratuuna tilekteshmin.
SUPER.KG видео
07.04.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып баруучу роботко окшобой суроо берсе болмок
SUPER.KG видео
07.04.2012. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asel eje men sizdi ayabbbay jakshyyy korooom!!!!!!!super balerina
SUPER.KG видео
08.04.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мисалы шоу-бизнесте ырчылар коп баары бири бирине окшош, а Асель эжебиз бутун Кыргызстанда жалгыз прима -балирина!!! аябай соонун бийлет, мен "Саманчынын жолу" деген балетинде болгом, Асель эже ошондо бийлеген, мага адбан жагып козумо жаш тоглон ! ийгилик каалайм сизге!....
SUPER.KG видео
09.04.2012. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Денгээли аябай жогору, чыныгы искусствонун таланты деп ушуну айт. Мынакей, тируу Бубусара. Бубубсара, Бубусара эле дей беребиз, адамдарды олгондо гана баалоо керек эмес, тируу кезинде баалаганды уйронсок кана. Мисалы, Асель азыр кыргыз балетиндеги Прима балерина атка коногон. Мындай балерина бир театрда бироо гана болот экен. Демек бул денгээлди жаш туруп багындыруу оной болгон жок да. Оркунун осо берсин Асель, мыкты кыз экенсин.
09.04.2012. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавица! Будь счастлива! Удачи тебе во всем и всех начинаниях!
SUPER.KG видео
09.04.2012. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Асель, мен сен менен дайыма сыймыктанам!
09.04.2012. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эххххххххх Тынай Алыбаевди мен жакшы кором.........
SUPER.KG видео
09.04.2012. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл учун кызмат кылат деп мына ушул кызды айтыш керек...Чыгармачылык чооон ийгилик!!!2-3 ыр ырдап алышып эле эл учун кызмат кылып тытып журобуз деп кыйын боло беришет го....
10.04.2012. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodec!Uda4i tebe vo vsem!
10.04.2012. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец. Успехов тебе. Красиво танцуешь. Мне балет очень нравиться.
10.04.2012. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын кыргыздын сыймыгы бол!
11.04.2012. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooo super klasss, iyigilik!!!
SUPER.KG видео
11.04.2012. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оомат сизге!!!
12.04.2012. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супееер
SUPER.KG видео
12.04.2012. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Аселя дагы-дагы коп ийгиликтерге жетиш.
12.04.2012. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
умничка, самая красивая и талантливая девушка в Кыргызстане!
SUPER.KG видео
12.04.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан жакшынай келбеттин ээси экен. Кудай кут кытып, ден соолукта, ийгиликтердин туу чокусун багындарашын каалайм! Мындай адамдарды элге тааныта журуу туура деп ойлойм. Аселге окшоп сулуу болууну каалаган кичинекей кыздардын таланты талпынын, кийин алар да искуствого салымын кошууга аттанышы толук мумкун.
SUPER.KG видео
13.04.2012. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ayabay kiynalip suylopturda ene tilibizde
SUPER.KG видео
13.04.2012. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суйлогондой журналист беле жэ акын беле, Асельканы созу бул БИЙ!!!
13.04.2012. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз эжекеси,ар дайым элдин сыймыгы болуп журо бериниз, ийгилик сизге...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо