Тимур Абдижалил уулу: «МЕН ОЙЛОП ТАПКАН АППАРАТКА ЯПОНДОР КЫЗЫГЫШКАН»

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.

18 жаштагы Тимур Абдижалил уулунун жаратылыш кырсыктарынын алдын алуучу аппаратты ойлоп тапкан эмгегин ОшТУнун бир сынагынан көрүп, таң калып, ишенип-ишене албай калгам. Кийин анын так экенин аныктоо максатында өзүнө кайрылдым.

АЛГАЧКЫ АРАКЕТ
– 10-класста окуп жатканда “XXI кылымдын интеллектуалдары” деген республикалык сынак болгон. Ошого катышам деп алгач коңгуроо жасагам, аны “жер титирөөнү алдын алуучу аппарат” деп атап койгом. Бирок ал жөнөкөй эле коңгуроо болчу. Ошону менен райондук сынакка чакыруу алдым. Райондук сынакка катышып жатканымда калыстардын бирөөсү менден “өрттүн алдын алуучу аппарат жасай аласыңбы?” деп сурап калды. Мен ойлонбой эле ооба дей койдум. Аны жасаш үчүн 3 күн убакыт берди. Кагаздарды колума алып отуруп ар нерсени ойлоп көрдүм, болбойт, жасаган нерсеме канааттанбайм. Жиним келип кагаздардын баарын мыжыгып-мыжыгып өрттөп жибердим. Күйбөй аябай түтөй берди, чаканын үстүнө бүтүн кагазды таштасам, түтүн кагазды көтөрүп салды. Ошондо мага “абанын басымынан түтүндүн басымы жогору экен да” деген ой келди. Мен ошол көрүнүштүн кичинекейин жасап чыктым. Түтөтүп текшергенибизде биз ойлогон өрттөн сактоочу аппарат жасалып чыккан.

“АППАРАТТАН АЖЫРАП КАЛАЙЫН ДЕГЕМ”
– Америкада, Японияда кандай эмгек жасап чыгышпасын, биринчи адам өмүрүн алдыңкы максатка коюшат. Текшерип көрүшөт, эгерде терс таасири көп болсо, аны жасабай ошол жеринде токтотушат. Ал эми пайда жагы көп болсо, анда терс жактарын дагы да азайтууга аракеттенишет. Негизи, дүйнөдө кандай илим изилденбесин, адам өмүрү биринчи орунда. Мен да ошол нерсени эске алгам. Чоң-Алай районунун Нура айылында болгон жер титирөөдө канчалаган мекендештерибиз каза болду, ошондо аябай ичим ачышкан. Менин бул аппаратым жогорку деңгээлде болбосо да, бир айылды же бир үй-бүлөнү сактап калса кубанам. Бул аппаратка ушул убакта эч ким ишенбөөсү мүмкүн. Себеби жөнөкөй эле нерседей көрүнөт. Ушул турушунда азыр бирөөнүн үйүнүн башына коюп койсом, сөзсүз жыйынтык берет. “XXI кылымдын интеллектуалдары” сынагында республикалык деңгээлден өтүп, эл аралык сынакка катышканымда япондор 1,5 миллион сомго сат дешкен. Макул болгон эмесмин. Себеби мен бир үйдүн пайдубалын тургузуп туруп эле сатып жибергендей болуп калмакмын, а пайдубалын япондор улантып кетмек. Эгер сатып жибергенимде япондор мунун үстүнөн патент алып алмак да, кийин мен ал нерсени ойлонгонго да укуктуу болбой калат элем. Жер титирөө 3 баскычтан турат: 1. Негизги чекит. 2. Анын тегерегинде болуучу толкун. 3. 5-6 мүнөт алдына кетүүчү толкун. 3-толкунду жаныбарлар гана сезет. Мына ошол толкунду ушул аппарат сезип, адамдардын алдын ала документтерин алып, балдарын жетелеп чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Канча баллда болорун да жазып туруусун аныктагам. Бирок аны жогорку деңгээлде иштеп чыгарыш үчүн мага убакыт керектелет.

“АГАЙЛАРЫМ КӨРӨ АЛБАСТЫК КЫЛЫП...”
– Үйдүн тегерегин казып, жасаган аппараттарымды орнотуп, түнү менен иштеп жатсам ата-энем ишенчү эмес. Эртең менен туруп алып “мен сынакка кеттим” десем, апам “мейли, балам, бир нерсеге илээшсең болду да” деп уктап калчу. Менин максатым сынактан жеңүү эмес, бир илимди ойлоп табуу. Ноокат районундагы Бөрбашев мектебинде окуп жатып жер титирөөнүн алдын алуучу аппаратты жасагам. Аны менен облустук сынактан жеңгенде мектептеги өзүмдүн агайларым көрө албастык кылып, “сага бирөө жардам берди, болбосо акча менен биринчиликти сатып алдың” дешкен. Мунун айынан балдар менен мушташкам. Кийин 11-классты Көк-Жар орто мектебинен аяктадым. Алар лабораторияларга алып кирип, агайлар кеңештерин айтып, аябай жардам беришкен. 10 жыл окуган мектебиме караганда, 1 жыл окуган Көк-Жар мектеби мага колдоо берди.

Уулбү Каныбекова
info_osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(66)
13.04.2012. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын!Кыргыздын сендей жигиттерине колдоо корсотуш керек.
13.04.2012. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсын.
13.04.2012. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
мен да чыгаргам экообуз салыштырып коройлубу?????)))
26.08.2012. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
iluha--25, сен баштап чыгарып колунда кармап кийин айт салыштырам деп.
14.04.2012. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Тууй сен ит болгон турбайсынбы андан коро 1.5 миллионго сатып анан ошол апаратындын чонун жасап алмаксын сатып жиберсен болмок
14.04.2012. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Тимур онорун оркундой берсин ! угуп ото кубандым кудай буйруса баары жайында болот. Жамбил тага м.н Эарипа женеме рахмат айт сени ушул даражага жеткирген. Мен Нургазы братанын
14.04.2012. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
азамат
14.04.2012. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атай Омурзаков Кыргызстанды "Минута славы" сынагына катышып бир дунгуротту эле, эми бул Тимурдун оноруно да жардам берип, эгер татыктуу болсо патент алууга Окмот жардам берсе жакшы болмок. Тимур ийгиликке жетишсе, бул ийгилик бутундой кыргыз элинин ийгилиги болмок. сага ийгилик Тимур!
15.04.2012. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsin.Okmot koldo korsotush kerek ushundai akilduu baldarga.
15.04.2012. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Тимур онорун оркундосун бут тоскондорго конул бурбасан женесин алга умтула бер.
16.04.2012. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен кудакаласа ийгилектерге жетесин ишинди уланта бер
27.04.2012. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
япондор анча акчага сураган болсо сен чоон ачлыштардын ачкычтарынын бири сенде экен Ийгилик,ачылыштарды жасай бер,баары алдыда!!!
02.06.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyn allah saga ak jolun ersin!!iigilikter
12.06.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандан мындай азамат жигиттер чыкканына аябай кубанып турам,Азаматсын жигит. Сага ийгиликтен башкасы арзыбайт. Уважаю вас!!!
04.07.2012. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
игилик
11.07.2012. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тимур досум азаматсын менин айтайн дегеним кыргызстанда теориялык жактан чындыгында эле кучтуубуз бирок практикага келге5нде бирибиздин башыбыз жетбей калат.Азаматсын Тимур сен кыргызстанды которгонго аракет кцыласын буюрса
18.08.2012. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
онорун оркундой берсин баракелди!
26.08.2012. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын иним мен сенин бул неменди окуп жургонундо сынактан утуптур деп укам ийгилик сага иним
25.09.2012. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамаат талантын ташкындасын!
07.10.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек
01.12.2012. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр ошол апаратынды не кылдын экен ээ?жазып койгулачы же ту га издеп барайынбы?
10.01.2013. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок абдан кубандым Аллах озу жар болсун ишине ийгилик
26.02.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, ишине ийгилик!
25.03.2013. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балле кыргыстанымды онуктуруу селерге окшогон мыктыладын мыктысынын колунда. А мен кыргыз болуп жаралганымдан сыймыктанам деп гана айта алам.)
15.06.2013. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу супер инфо ушул Тимур деген бала менен байланыштыра аласынарбы тажырыйба алмашсак болчудай жооп кутом.
17.06.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik9090, купуя кат менен жооп берилди.
Модератор admin_superstan түзөттү 17.06.2013 17:33
25.09.2013. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik9090, номерин таап бере алам кааласаныз
28.06.2013. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тимур акылдуу экенсин сатпай алып калган мунун пайдасы копко тиер. Кыргыздар митингден башканыда жасай алат экенда э. Ийгилик иним аракет кыл тажабай.
26.09.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул макала эмнегедир жарымы гана жазылгандай болуп жатат. Бул жакта мындан да кызыктyусy бардай.
Толук эле жазылганбы Супер инфо???
03.12.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn sendei akylduu elge keregi tiigen 4ygaan er azamat jigitter koboio bersin ishine iigilik! Barakelde
10.12.2013. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын дагы көп ийгиликтерге жет!
13.01.2014. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын Тима онорун оркундой берсин,мен досун Нурбек жана "кок-жар"айылы сени менен
20.02.2014. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамтсын онорун оркундой берсин
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо