№493 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
Апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сотто жагымсыз окуя болуп өттү. Уулун, жолдошун, досун жоготкондордун күйүтү күч. Ошондуктан соттун алгачкы отурумунда эле желим бөтөлкөлөр залды көздөй ыргыган болчу.
Бул сапар жабыркоочулар тараптан адвокат Любовь Иванованын башына карай алма “учту”. Мунун кесепетинен ал саамга эсин жоготуп койду. Дагы жакшы, “Тез жардам” келип, тиешелүү көмөгүн көрсөтүүгө жетишти.
Бир соту бүтпөй жатып, эми бул факт боюнча кылмыш ишин козгоо үчүн материалдар чогултула баштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
сотту токтотуштун бир чарасы.