№493 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
Коомчулук арасында “уюлдук байланыш үчүн бир кезде төлөп жүргөн 60 тыйын кайтат имиш” деген сөз тарады. Чынында, өкмөт уюлдук операторлордун сатуу салыгын 2,5 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдады. Бирок салыкка шылтоолоп байланыштын төлөм акысын кымбаттатпоо талабы менен.
Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариевдин айтымында, мунун эсебинен бюджетке 2012-жылы 500 миллион сом, келерки жылы
1 миллиард сом түшөт. Уюлдук операторлор салыкты абоненттеринин эсебинен чыгара баштайт да, байланыштын баасы кымбаттайт деген коркунуч бар. Өкмөт мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Питерде теле2-5копеек минутасына,билайндан билайнга 5копеек.мтс да арзан-200руб телефонго акча салсан бекер кошумча саат белек беришет.