ЛЕЙЛЕК, ЛЕЙЛЕК, ЛЕЙЛЕ-ЕКТЕ ПОЭЗИЯ МАЙРАМЫ ӨТҮҮДӨ

№494 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.

Баткен

Баткен облусунун Лейлек районунда 17-апрель күнү поэзия майрамы болуп өттү. Мындай кечени 21 жылдан бери акын Абдилаат Дооров уюштуруп келатат.
"Быйылкы майрам өзгөчө мааниге ээ. Анткени акын Курбаналы Сабыров көзү тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак", - дейт уюштуруучу Абдилаат агай. Агайдын айтуусунда, кечеге акын Маркалай Ааматов, Курбаналы Сабыровдун жубайы Гүлчакан Садыкова, кызы Лира Сабырова, акын Кашымбай Баков, КРнын Жазуучулар бирлигинин Баткен облусу боюнча төрагасы Музапар Үсөндөр катышышты.
Жыл сайын өткөрүлүп туруучу ыр сынактын жеңүүчүсү деп быйыл обончу Маврашан Тургунбаев аталып, ага 10 миң сом сыйлык, төш белги жана күбөлүк тапшырылды. Башка 14 акынга 1000 сомдон сыйлык берилди.
"Бул майрамды апрель айынын башынан эле майрамдап келатабыз. Курбаналы Сабыровдун туулган күнү 17-апрель болгондуктан, негизги иш-чаралар ушул күнү болуп өттү",- дейт уюштуруучу. Майрамга Коженттен (Тажикстан) дагы акындар келип катышкандыгын айта кетели. Эскерте кетсек, Курбаналы Сабыров "Козу баглан", "Нур булак", "Өрүкзар", "Жүрөктөгү күн", "Орто жаш", "Лирика", "Керээз" аттуу ыр жыйнактарынын автору.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
27.04.2012. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акын тируу болгондо кооп журоко жакын ырларды чыгармак эле!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо