№494 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
Кыргыз “сөз бердиңби, аткар” деп бекеринен какшабайт өзү. Оппозиция Жалал-Абадда “Бабанов кетсин!” деген ураан менен митинг өткөргөн күндүн эртеси Өмүрбек мырза “оппозиция өкүлдөрүн телеканалда тегерек столдо сүйлөшүүгө чакырам” деген. Кокустан айтылдыбы же чын эле бетме-бет жолугууну кааладыбы, айтор, Ташиев, Мадумаров жана Келдибеков үчөөнү “дуэлге” чакырган өкмөт башчы. Бабановдун бул сунушуна оппозиция тарап макул болуп, эки тараптын расмий түрдө маңдай-тескей отуруп ачык сүйлөшүүсү 18-апрелде өтмөй болгон.
Ал күн да келди, оппозиция лидери Камчыбек Ташиев таң атпай журналисттерге маалымат жыйын куруп, жолугушууга 100 пайыз даяр экенин ырастаган. “Биз бүгүн Бабанов менен КТРКнын түз эфиринде жолугушууга даярбыз. Оппозиция лидерлеринин жашынып алып жабык эшик артында сүйлөшө турган сөзү жок. Баары ачык-айкын өтүшү керек. Эгер Бабанов келбей койсо, анын корккондугу болот”,- деди Ташиев. Бирок Бабанов каршылаштары менен КТРКда түз эфирде эмес, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жолугушууну сунуш кылды. Оппозиция буга көнбөй, баары күткөн сүйлөшүү ишке ашпай калды. Көптү үмүттөнүп барган журналисттер өкмөт башчынын кооз сөздөрүн угуп алып, келген жолубузга түштүк.
4 министрин жетелей келген премьер мамрезиденцияда: “Биздин жолугушуубуз конструктивдүү пикир алышуу болушу керек, ал түз эфирде өткөргүдөй шоу-программа эмес. Алардын айтып жаткан күнөөлөрү жалаң ушак болгондуктан, бул жерге келе алышкан жок”,- деди.
Ал эми оппозиция: "Биз Бабанов менен түз эфирде жолукмакпыз. Мамрезиденциядагы жолугушууну видеого тартып, анан элге жарыялайбыз дешти. Өкмөт ЭлТР же КТРК аркылуу монтаждап, каалагандай өңүттө бере алат. Биз кандай жол менен элге таратмак элек? Ошондуктан түз эфир дегенбиз",- деп билдирди К.Ташиевдин кеңешчиси Н.Шакиев.
Бабановдун түз эфирден кача турган деле жөнү жок болчу. Өзү сунуштап, анан неге баш тартканын түшүнө албадык.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
баарына