БАБАНОВ СУПЕРМЕН ЭМЕС

№495 27-апрель- 3-май, 2012-ж.

“ООБА, УТЕМУРАТОВ МЕНЕН ЖОЛУККАМ”
 Өкмөттүн 100 күндүк иш жыйынтыгы талкууланарда интернетте Казакстан президентинин атайын өкүлү Булат Утемуратов менен Бабановдун сүйлөшүүсүнүн стенограммасы таркап кеткен. "Чү" дегенде эле баарлашуу оппозициядан башталып, Бабановдун диалогунда аларды "сарт" атап сөккөн сөздөрү да кезигет. Орусия менен мамилеси начар болуп жатканын, бирок Бабанов баары өз изине түшүп кетерин айтат ал жерде. Утемуратов “майга чейин "Мегакомдун" ишин жаап бергиле. Биз берчүбүздү бергенбиз, эми сен убадаңды аткар” десе, Бабановдун “эч ойлонбоңуз, азыр оппозициянын протесттик маанайын акча менен жаап алайын” деп жооп бергени жазылат. Бул стенограмма чындыкка дал келеби, кандай жол менен алынганы белгисиз.
Буга чейин деле мындай компроматтарга күбө болуп жүргөнбүз. Андыктан ЖКнын жыйынында депутаттар 100 күндүктү унутушуп, дароо сенсацияга жабышышты. Өмүрбек мырза казак өкүлү менен жолукканын тастыктап, бирок стенограммадагы сөздөр айтылбаганын, анын атайы даярдалган жалаа экенин билдирди. Камчыбек Ташиев кошула кетип: “Казакстандан инвесторлорду кызыктырабыз деп сүйлөшкөнүңөр го жакшы экен, бирок мончого эле барбасаңар болду”,- деп кыйыта сүйлөсө, Бабанов “эми биз мончого ким менен барышты билебиз да” деген жооп узатты.
Муну менен экөө "К.Ташиев Москвадагы мончодо Айдар Акаев менен жолугушту" деген кабарды козгой кетишти.

ЖЫЙЫНТЫКТАН КЫСКА КЕП
Өкмөт башчы программаны аткарууда каталар болбой койгон жок, бирок көптөгөн иштер жасалды дейт. 100 күндүк иш программасында эң ийгиликтүү жыйынтыктардын бири катары мамлекеттик кирешенин 16,4 миллиард сомго көбөйүп, ал эми мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 800 миллион сомго кыскарганы белгиленди.
Өкмөттүн 100 күндүк ишине канааттанбаган депутаттар да чыкты. “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Анарбек Калматов өкмөт коалиция менен иштебей жатканын айтты. Ошондой эле КСДПнын депутаты Данияр Тербишалиев "Супермен же Бетмэн келсе да, коюлган тапшырмаларды 100 күн ичинде жасай албайт" деди.

БАБАНОВ ӨЗҮ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Премьерге карата "Ахмат Бакиевдин качуусуна жардам берди, кендерге лицензияны эски эле коррупциялашкан жол менен берүүгө тиешеси бар жана улутташтырылган бакиевдик объектилерди ээлеп алууда" деген дооматтар айтылып жаткан. Ал суроо, сын-пикирлерге төмөндөгүчө жооп кайтарды:
"Сиздер колдоп берген мамлекеттик бюджетти 2011-жылга салыштырмалуу 14 пайызга көп кабыл алдык. Ал толугу менен аткарылып жатат. Бул көмүскөдөгү экономикага бөгөт койгонубуздан болууда. Каржы полициясын жоюп жатабыз. Мындай иштер эч качан жасалган эмес".
Парламенттин депутаттарын "Өмүрбек Бабановду эмне үчүн эки-үч айдан бери Орусия кабыл ала элек?" деген суроо кызыктырды. “Азыр Орусияда жаңы президент келип, өзгөрүүлөр болуп жатат. Бул процесс бүткөндө Орусияга барам”,- деп жооп берди депутаттардын суроосуна. Ал эми “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев "премьер-министрдин Орусияга барганга акчасы жок болсо, биз жардам беребиз" деп какшык ыргытты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(24)
30.04.2012. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оппозиция озун озу сарт дешип бири бирин шылдындап журо беришсин! Ал эми Ташиевдин оозунан качан жакшы соз чыгып элди жыргатты эле! Ар ким озунун денгээлине карата суйлойт.
30.04.2012. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
К.Ташиев Какшыктаганга устаго э?
30.04.2012. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Окмот иштей албаса сындайтда. Ташиев элди,Кыргызстандын келечегин ойлоп жатат. Озун ойлогондо эчак эле байып кетмек. Элим,жерим,мекеним эртен кантет,кандай жашайт болду экен деп чардап жатат. Аны тушунбогон бийлик менен кыска ойлуулардын суйлогон созун карагыла.
30.04.2012. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zhyldyzbek88, Ооба элди ойлоп кочодо калып кедей болуп журот имиш. Митингдерди шайлоо компаниясын бекер уюштуруп журот дейсинби? Ошол акчаларын кайтарыш учун кайра бийлике келиш керек болуп жатат.
06.05.2012. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhyldyzbek88, алар элди ойлошсо айла качан онукмокпуз! Чиновниктер болгону власть талашып бири-бирине очошуп эле журушот......
30.04.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиев так иштейт а бул улбурогондор пока орун бошотсо
30.04.2012. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айланайын адамдаар!туштукто элдер жыргаганынан митингге чыккан жок,митинг журуп жаткан учурлары суук болчу аба ырайы,же чыкса да,бир бирин ур токмоко алып магазиндерди талкалаган жок,токсонго чыккан чал кемпирлер турду ошол жерде.ЭМНЕГЕ??себеби туштукту карабай коюшту,элдер кыйналды,
02.05.2012. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jansezim26, Кичине кудайды карагылачы Айланайын. Карабай койду деп силер айтсанар билбейм анда башкаларыбыз эмне дейбиз. Милиондун баары эле силерге кетип жетат го. Кудай элдин журогуно ыйман берсин. Унчукпайт элем Айла жок чындыкты жаздым.
01.05.2012. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
oooooba bashka oblas`tar onuqup, osup, orkundop tushtuk karalbai kala berdi. koiqula4y tuuqandar baardyqyna ele birdei karap jatpaiby!!! daaqy da bolso azyrky biilikteqiler ishteit, a eqer Tashiev biilike kaira kelse, anda Kyrqyzstandyn olqonu oshol...
01.05.2012. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен бардык областтарда жашап кордунбу,кимге кандай карап жатканын билгидей?же козун ачыкпы?кел анда бир жылча Лейлекте же Баткенде же болбосо Базар-Коргондо жашап корчу,корот элен ошондо кантип эл жашап жатканын.
02.05.2012. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jansezim26, Эмне элдер бир гана Лейлекте, базар_коргондо же болбосо Баткенде эле жаман жашайт бекен, сен Нарынга,Таласка барып корчу элдин кандай жашап жатканын коросун, Нарында 12 айдын 6 айы кыш, туштукко салыштырмалуу, ал жакта эч нерсе оспойт, алар эмнеге митинге чыкпайт же алар жыргап жашап жатыптырбы, кудайлап, болгон оокатын кылып жатышат оппозициянын артынан ээрчип самсалабай эле.
01.05.2012. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Acer Элди ойлогон окмот оз элинде куйуучу май жетишпей баасы 50 сомго жеткен учурда Тажикстанга сатып озунун бизнесин ойлогон окмотко ишенесинби? Элини ойлогон окмот эч качан оз кызыкчылыгын биринчи орунга койбойт. Бизге таза иштеген, ак эмгек кылган,журогу Кыргыз деп соккон Ажо менен окмот башчы керек. Ошондо мекенибиз онолот!
01.05.2012. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумтор ишканасындагы алтындардын бюджетке салымы 30%и дагы тузбойт,калганы чет олкого кетет,акчасынын дайыны жок,18000гектар жерди Канадалыкт
01.05.2012. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канадалыктарга сатылган,акчасын алып булар эмне кылат? озубуздо адамдардын уйлорун сель каптап кочодо калды.
02.05.2012. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликте жалан саткындар иштейт. Ушулардын бир кыргыз деп каны кайнаса мурдуму кесип берейин. 1-озунун бизнесин бутурот а потом уже мамлекеттик проблемаларды карайт, аны да эгер оздоруно кедергиси тийбесе. Кыргызстанды мафия башкарат деп Жириновский бекер какшабайт. Бийликтегилер эсинерде болсун азыркы жыргалчылыганардын азабын уул-кыздарынар тартат. Баарын Кудай коруп турат.
02.05.2012. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер какшанып эле жаман деп, баардыгы коррупционер деп кыйкыргандан башка эмне билесинер, мамлекеттин онугуусуно эмне салымынарды коштунар ошону айткылачы, корот элем бийликке келгенде кандай суйлоп калаарынарды.
Азыркы бийлик салыштырмалуу иштеп жатат, жакшы реформалар башталып жатат, эгерде алар аягына чыкса мамлекетибиз кичине да болсо алдыга жылышы ыктымал
02.05.2012. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик азыр кудайга шугур иштеп жатат, эгер ушул темп менен кетсе анда жашоо онолот. Коро албагандар суйлой берсин суйлоп суйлоп кала берет да аларга конул бурбай эле койгула туугандар!!!
03.05.2012. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз тундук туштук болуп эле урушканыбыз урушкан силердин жазганынарды окусам .Бирок биз эки чон олконун ортосунда США менен Россиянын кызыкчылыгы болуп жатат ой кыргыз элим козунорду чоонурак ачкылачы. Атанбаев Путин менен мамилени бузду эми кудай сактасын май айында Путин полномочияны алганда анан коросунор мигранттарды кысатко деп ойлоймун и еще башка жактан деле кысат анан кайра Атанбаев кетсин деп озунор эле ошентип каласынар.Баарынар эсинерге салып койгула туугандар
04.05.2012. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Murat625454, ооба эки доо кагышса ортодогу чымын олот болду бул жагы, Алмаз артын ойлосо болмок
04.05.2012. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туштук тарап, такай озу болунуп алат, биз ош жак анан баткендиктербиз деп анан дагы тундукту болуносунор деп коп айтышат, озунор болунбой жакшынакай журсонор силерди эчким болбойт.
07.05.2012. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RossiKG, сен боло албайсын да туштук болбосо тундук жашай албайт тундук болбосо туштук жашай албай кичине созуну ондоп суйлосон
06.05.2012. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тундук туштук сарт аркалык дегендерди чекесине атыш керек
06.05.2012. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болсо да туугандар ар ким оз жумшубузду жасап мамлекетибизди сактабасак чиновниктер соз жок... Мамлекет мен учун эмне жасады эмес мен мамлекет учун эмне жасадым деген суроо берсениздер ар ким озунуздорго!.....
06.05.2012. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7-апрелдеги кылгандарын жаап эле журушот элди алдап акча берип уй берип,Бабанов кмерсант болсо ал мамлекеттин акчасын озунун бизнесине жумшап жыргады,Ташиев азамат адам ошондой кыргызмын дегендер бийлике келсе Кыргызстан онугот Атамбаев озбектердин куйгон уйлорун ондотуп берди баткенге барат мен баткендикмин деп таласка барат таластыкмын деп наарынга барат тага журтум таластык деп атамбаев тулку да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо