КОКУС СПИРАЛЬ СЫРТКА ЧЫГЫП КЕТПЕЙБИ?

№197 11-17-август, 2006-ж.

– Биз күйөөм экөөбүз тең катуу дүү­лүгүп, жыныстык катнашта да узакка болобуз. Ушундан улам бойго бү­түрбөө үчүн салдырган спиралым жатынымдан сыртка чыгып кетпейби деп тынчсыздана берем. Ушундай болушу мүмкүнбү? Диля, Каракол.

– Тынчсызданбай эле коюңуз. Спираль сыртка чыгып кетпейт. Болгону спираль салдырган ар бир аял убак-убагы менен гинекологдун текшерүүсүнөн өтүп туруусу керектигин эске алыңыз.


ЧЫГЫШ БИЙИ АДАМДЫ СЕКСУАЛДУУ КЫЛАБЫ?

– Угушума караганда, акыркы жылдары популярдуу болуп кеткен чыгыш бийинин аялдар үчүн да, эркектер үчүн да пайдалуу жагы бар экен. Себеби, бийлегендер сексуалдуу болуп чыга келишет имиш. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Бактыгүл, Каракол.

– Чыгыш бийинин денсоолукка пайдасы зор экендиги эчак эле аныкталган. Бул бий түрү жана твист менен эркектер да, аялдар да, өзгөчө төшөктө муздак айымдар көбүрөөк алагдылануулары керек. Анткени, аталган бийлерди бийлөөдө булчуң менен кошо жыныстык органдарда кан жакшы айланат. Кандын жакшы айлануусу болсо сексуалдык каалоону жаратат. Ал эми бир орунда узакка отуруп иштөөдө жамбаштагы топтолуп калган кандын жакшы тарабай калышы сезгенүүгө, башкача айтканда, ооруга алып келет. Бирок, чыгыш бийинин арты менен дароо эле сексуалдуу болуп чыга келүү мүмкүн эмес, буга дайыма машыгуунун аркасында жетүүгө болот.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо